06/22/2026
⚽️ 🇰🇬 Кымбаттуу АКШдагы кыргызстандыктар ‼️
23-июнь күнү Хьюстон шаарында Өзбекстан - Португалия улуттук курама командаларынын тарыхый беттешинин алдында коңшу жана боордош өзбек курамасын колдоого чакырабыз.
Футбол күйөрмандар 08:00гө чейин TMC Helix Park аймагына чогулабыз. Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектерин көтөрүп, улуттук кийим кийип келүү сүрөөн жүрүшүбүздү көркүнө чыгармакчы.
Чогулган соң баарыбыз бирге NRG Stadium стадионуна карай достук жана тилектештик жүрүшүн жасайбыз. Стадионго билети барлар оюн башталганга чейин орундарын ээлешет. Билети жоктор да жүрүшкө катышып, командага колдоо көрсөтө алышат. Дүйнө чемпионатындагы атмосфера стадиондун ичинде да, сыртында да кызык экени белгилүү.
Келиңиздер, Борбор Азиянын ынтымагын жана достугун көрсөтөлү! Баарыбыз бир тилекте Өзбекстандын курама командасына ийгилик каалайлы!
📍23-июнь, саат 08:00
TMC Helix Park → NRG Stadium
Жеңишке дем берели!
🇰🇬🤝🇺🇿⚽️