23/05/2026
🇰🇬🤝🇰🇿
KG
2026-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р. Казакбаевдин Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Е. Сапиев менен жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, салттуу достук байланыштарга жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелердин бир туугандык жана союздаштык мүнөзүн белгилешти.
Эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнө эки тараптуу деңгээлде да, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында да өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Түркия Республикасы менен болгон өз ара кызматташтыгы, анын ичинде аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана саясий-экономикалык диалогду өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
TR
2026 yılı 22 Mayıs tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi R.Kazakbaev ile Kazakistan Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Y.Sapiev arasında bir görüşme gerçekleştirilmiştir.
Görüşme sırasında taraflar, Kırgız-Kazak iş birliğinin güncel meselelerini ele almış, ikili ilişkilerin kardeşlik ve müttefiklik niteliğini, geleneksel dostane bağlara ve stratejik ortaklığa dayandığını vurgulamışlardır.
Özellikle iki ülke arasındaki iş birliğine hem ikili düzeyde hem de Türk Devletleri Teşkilatı (TDT) başta olmak üzere bölgesel ve uluslararası örgütler çerçevesinde özel önem atfedilmiştir.
Ayrıca Kırgız Cumhuriyeti ve Kazakistan Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti ile yürüttüğü iş birliği konularında görüş alışverişinde bulunulmuş; bu bağlamda bölgesel iş birliğinin güçlendirilmesi ve siyasi-ekonomik diyaloğun geliştirilmesi meseleleri ele alınmıştır.