Embassy of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia

Embassy of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia Embassy of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia

2026-жылдын 8-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Эл...
09/06/2026

2026-жылдын 8-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Португалия Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Луиза Мария Машаду да Палма Фрагозу менен жолугушту.

Жолугушуу Португалиянын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин демилгеси менен, Элчи Л.М. Фрагозунун Сауд Арабия Падышалыгындагы дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-португал өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде көп тараптуу дипломатиянын ролун бекемдөө, эл аралык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, суу коопсуздугу, жашыл энергетика, азык-түлүк туруктуулугу жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайланышы менен бири-бирин куттукташып, үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгү мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелери, анын ичинде 2027-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлө турган «Бишкек+25» 2-Глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-португал диалогун мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык аянтчалардын алкагында координацияны улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

2026-жылдын 7-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Эл...
08/06/2026

2026-жылдын 7-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Консультативдик кеңешинин (Парламент) Төрагасы д-р Абдалла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль-Шейх менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Улукбек Марипов Грузиянын Сауд Ара...
21/05/2026

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Улукбек Марипов Грузиянын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николоз Ревазишвили менен жолугушуусу болуп өттү

___________

Состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Королевстве Саудовская Аравия Улукбека Марипова с Чрезвычайным и Полномочным Послом Грузии в Королевстве Саудовская Аравия Николозом Ревазишвили

🔹️Address by President Sadyr Zhaparovon Kyrgyzstan’s Candidacyfor the United Nations Security Council       #ООН
19/05/2026

🔹️Address by President Sadyr Zhaparov
on Kyrgyzstan’s Candidacy
for the United Nations Security Council
#ООН

2026-жылдын 6-майында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу ...
07/05/2026

2026-жылдын 6-майында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Сьерра-Леоне Республикасынын Сауд Аравия Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммед Шериф Барри менен жолугушуусу болуп өттү.
---------

6 мая 2026 года в г. Эр-Рияд состоялась встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Королевстве Саудовская Аравия Улукбека Марипова с Чрезвычайным и Полномочным Послом Республики Сьерра-Леоне в Королевстве Саудовская Аравия Мохаммедом Шерифом Барри.

2026-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Бу...
05/05/2026

2026-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Булуңдун изилдөө борбору тарабынан уюштурулган, учурда жүрүп жаткан аймактык процесстердин алкагында Борбор Азия менен Булуңундагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө арналган тегерек үстөлдүн ишине катышты.
__________

4 мая 2026 года Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Королевстве Саудовская Аравия У.Марипов принял участие в круглом столе, организованном Центром исследований Залива, посвященном развитию взаимодействия между Центральной Азией и странами Залива в условиях происходящих текущих региональных процессов.
__________

On 4th of May, 2026 the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia Mr. Ulukbek Maripov took part in a Roundtable organized by the Gulf Research Center, dedicated to enhancing cooperation between Central Asia and the Gulf countries amid ongoing regional developments.

2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мар...
29/04/2026

2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Араб Падышалыгынын Спорт министринин эл аралык мамилелер боюнча орун басары Гандура Шамс Гандура айым менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин алкагында спорт тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселелерине бурулду. Сауд тарап VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку деңгээлде катышууга кызыкдар экенин жана катышууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар спорттук дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун натыйжалуу куралы экенин белгилешип, бул багыттагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Информация о порядке получения водительского удостоверения Королевства Саудовская Аравия для граждан Кыргызской Республи...
24/04/2026

Информация о порядке получения водительского удостоверения Королевства Саудовская Аравия для граждан Кыргызской Республики, проживающих в КСА

Граждане Кыргызской Республики, имеющие действующее национальное водительское удостоверение, выданное в Кыргызской Республике, могут получить водительское удостоверение Королевства Саудовская Аравия в упрощённом порядке.

В рамках данной процедуры необходимо обратиться в аккредитованные автошколы КСА и пройти только практический экзамен по вождению. Прохождение полного курса обучения не требуется.

Все процедуры осуществляются в строгом соответствии с требованиями и правилами уполномоченных органов Королевства Саудовская Аравия. В этой связи рекомендуется заранее уточнять условия записи, перечень необходимых документов и порядок сдачи экзамена в выбранной автошколе.

Перечень необходимых документов:
- заполненное заявление;
- действующее водительское удостоверение Кыргызской Республики (оригинал и копия) с официальным переводом;
- карта резидента КСА (Iqama) — оригинал и копия;
медицинская справка (проверка зрения и определение группы крови), выданная аккредитованным медицинским учреждением;
- общегражданский паспорт (оригинал и копия, при необходимости);
- 4 фотографии размером 4×6 см;
- письмо с места работы или учёбы;
- квитанция об оплате установленных сборов;
- папка для подачи документов.

Address

6575 Amr Al Damri Street/Assafarat Dist.
Riyadh
12511-3562

Opening Hours

Monday 9am - 1pm
Tuesday 9am - 1pm
Wednesday 9am - 1pm
Thursday 9am - 1pm
Sunday 9am - 1pm

Telephone

+966112293272

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Embassy of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Embassy of the Kyrgyz Republic to the Kingdom of Saudi Arabia:

Share