Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

  • Home
  • Russia
  • Moscow
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации

Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации, Москва
Работа общественной приемной:
- Понедельник с 10:00 до 12:00.
- Пятница с 14:00 до 16:00.

04/09/2026

Баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө КРнын ИИМнин видеоролиги

👮Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү оор кылмыш экендигин эскертет.

⚖️Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жөн гана укук бузуу эмес, мыйзамда каралган оор кылмыш болуп саналат. Аларды даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу же колдонууга азгыруу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет жана 15 жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого чакырат.

***

Видеоролик МВД КР об ответственности за незаконное распространение наркотиков

👮Министерство внутренних дел Кыргызской Республики предупреждает, что незаконный оборот наркотиков является тяжким преступлением.

⚖️Незаконный оборот наркотических средств - это не просто нарушение, а тяжкое преступление, предусмотренное законом. Их изготовление, хранение, перевозка, сбыт или склонение к употреблению влекут уголовную ответственность и наказываются лишением свободы на срок до 15 лет.

Министерство внутренних дел Кыргызской Республики призывает граждан не вовлекаться в противоправные действия.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги коопсуз миграция, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлө...
02/09/2026

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги коопсуз миграция, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын коргоо жана жумушка орношуу маселелери боюнча санариптик маалыматтык жана консультациялык ресурстар тууралуу маалымдайт.
Негизги маалымат булагы болуп migrant.kg порталы эсептелет. Анда тышкы эмгек миграциясы боюнча маалымдамалар, лицензияланган жеке агенттиктер, жумуш орундары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган.
«Пайдалуу маалымат» бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын 28 чет мамлекеттеринде болуу тартиби, анын ичинде кирүү, жумушка орношуу жана жашоо маселелери боюнча чыгуу алдындагы даярдоо программалары, мыйзамдык-укуктук талаптар жана практикалык сунуштар жайгаштырылган.
Консультациялык жана укуктук колдоо алуу үчүн 1899 бирдиктүү ишеним телефону, ошондой эле +996 559 189 900 WhatsApp-каналы иштейт.
Мыйзамсыз миграциянын, эмгекти эксплуатациялоо жана алдамчылыктын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын ИИМ жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте төмөнкү ресурстарда маалыматтык материалдарды жана видеороликтерди туруктуу негизде жайгаштырып турат.
- www.migrant.kg
- www.mlsp.gov.kg
Инстаграмда:migrant.kg
mtcom.kr.v.rf.official
kg
Коопсуз миграция боюнча кошумча сунуштар «Коопсуз миграция кербени» маалыматтык-методикалык ресурсунда берилген.
Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына жогорудагы расмий ресурстарды колдонууну, баруучу мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптары менен алдын ала таанышууну жана маалыматтарды текшерүүдө мамлекеттик жана башка ырасталган булактарга гана таянууну сунуштайт.

***

Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации информирует о цифровых информационно-консультационных ресурсах по вопросам безопасной миграции, трудоустройства и защиты прав граждан Кыргызской Республики за рубежом.
Основным информационным ресурсом является портал migrant.kg, содержащий справочные материалы в сфере внешней трудовой миграции, сведения о лицензированных частных агентствах занятости, вакансиях и возможностях трудоустройства.
В разделе «Полезная информация» размещены программы предвыездной подготовки, нормативно-правовые требования и практические рекомендации по пребыванию граждан Кыргызской Республики в 28 иностранных государствах, включая вопросы въезда, трудоустройства и проживания.
Для получения консультационной и правовой поддержки действует единая горячая линия 1899, а также WhatsApp-канал: +996 559 189 900.
В целях предупреждения незаконной миграции, трудовой эксплуатации и мошенничества Министерством труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики совместно с МВД Кыргызской Республики и международными партнерами размещаются информационные материалы и видеоролики на следующих ресурсах:
- www.migrant.kg
- www.mlsp.gov.kg
в Инстаграм:migrant.kg
mtcom.kr.v.rf.official
kg
Дополнительные рекомендации по вопросам безопасной миграции содержатся в информационно-методическом ресурсе «Караван безопасной миграции».
Посольство рекомендует гражданам Кыргызской Республики пользоваться указанными официальными ресурсами, заранее знакомиться с требованиями законодательства государств пребывания и проверять информацию исключительно через государственные и иные верифицированные источники.

02/09/2026
Маалыматтык билдирүү2026-жылдын 1-сентябрында Россия Федерациясынын Саратов облусунун Совет районундагы Пушкинское айылы...
01/09/2026

Маалыматтык билдирүү
2026-жылдын 1-сентябрында Россия Федерациясынын Саратов облусунун Совет районундагы Пушкинское айылында 2 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Аталган кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жараны С.А. (1980-ж.т.), тез жардам келгенге чейин, окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дагы А.А., А.Р., С.М., М.Г., Т.У. аттуу 5 жаран жабыркап, Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Энгельс шаардык клиникалык ооруканасы менен байланыш түзүп, жол кырсыгынан жабыркаган 4 жаранга зарыл болгон алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнү жана алар андан ары стационардык дарылануудан баш тартканы тууралуу маалымат алды. Ошол эле учурда, бир жаран оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда, Элчилик, каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүү, зарыл консулдук көмөк көрсөтүү жана каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү маселелери боюнча иш алып барууда.

Аталган маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат.

***
Информационное сообщение
1 сентября 2026 года в Советском районе п.Пушкинское Саратовской области Российской Федерации произошло дорожно-транспортное происшествие с участием 2 легковых автомобилей. В результате ДТП гражданка Кыргызской Республики С.А.1980 г.р. скончалась на месте до прибытия врачей скорой помощи. Также пострадали 5 граждан Кыргызской Республики А.А., А.Р., С.М., М.Г., Т.У., которые были доставлены в Энгельскую городскую клиническую больницу.

Посольство Кыргызской Республики установило связь с Энгельской городской клинической больницей, где сообщили об оказании первой необходимой медицинской попощи 4 пострадавшим в ДТП гражданам, которые отказались от прохождения дальнейшего стационарного лечения. При этом 1 гражданин находится в нейрохирургическом отделении больницы, состояние которого оцениявается как удовлетворительное.

В настоящее время Посольством ведется работа по установлению связи с близкими рордственниками погибшей гражданки для оказания необходимого консульского содействия, в том числе по доставке тела на Родину.

Данный вопрос находится на контроле Посольства.

01/09/2026
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаевдин Кыргыз Республ...
28/08/2026

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаевдин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата кайрылуусу

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу достор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!
Биз бул мааракени өлкөбүздүн бардык тармактарында орун алып жаткан олуттуу өзгөрүүлөр мезгилинде тосуп жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан – эл аралык аренада өз салмагын бекемдеп, ар тараптан өнүгүп жаткан кубаттуу мамлекет.
Акыркы жылдар экономикабыз үчүн чоң серпилүү мезгили болду. Үч жыл катары менен ИДПнин орточо өсүшү 9%дан түзсө, ал эми 2025-жылдын жыйынтыктары бул көрсөткүчтүн сакталып гана калбастан, рекорддук 11,1%ке чейин тездегенин көрсөттү. Бул туруктуу өсүш экономикабызды түп-тамырынан жаңылоо боюнча ыраатуу иш-аракеттердин натыйжасы болду.
Олуттуу ийгиликтер өнөр жай жана курулуш тармактарында да орун алды. 2025-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 триллион сомдук чектен ашты. Ушуну менен катар, эл аралык ишеним күндөн-күнгө артып, Moody’s, Fitch жана S&P сыяктуу дүйнөлүк агенттиктер Кыргызстандын кредиттик рейтингдерин көтөрүүдө. Бул инвесторлор үчүн ишенимдүү көрсөткүч болуп, экономикалык өнүгүүнүн жаңы багыттарын ачууда.
Бүгүн Кыргызстан – эл аралык деңгээлдеги ири долбоорлорду жүзөгө ашырып жаткан өлкө. Ири Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу башталды. Бир ай гана мурун Балыкчы-Кочкор темир жол бөлүгүнүн ачылуу аземи болуп, бул Кыргызстандын чоң инфраструктуралык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга жөндөмдүү экендигин ачык далилдеди. Ушуну менен катар, жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүүдө. Мунун баары өлкөбүздүн экономикалык кубаттуулугунун арткандыгынын айкын көрсөткүчү экендиги талашсыз.
Эл аралык аренада да өлкөбүз өз ордун чыңдоодо. Кыргызстандын өсүп жаткан беделинин айкын далили болуп, анын Бирриккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө тарыхый шайланышы болду. Эл аралык тынчтык жана коопсуздукту камсыздоого жооптуу болгон бул абройлуу органга кирүү үчүн БУУнун 142 мүчө-мамлекети добуш берди. Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу ишке ашкан бул шайлоо – дүйнөлүк коомчулуктун биздин демократияны чыңдоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерибизди ачык таануусу болду.
Ушул оң өзгөрүштөрдүн чордонунда жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ишенимдүү түрдө жаңы багыттарга бет алып жаткан кыргыз-россиялык мамилелери өзгөчө көңүлгө арзыйт. 2025-жылдын ноябрь айында Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен эки өлкө союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү багытын бекемдешкен.
Бүгүн биз чоң максатты – өз ара товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп биргеликте иштеп жатабыз. Эки өлкөнүн Өкмөттөрү энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда.
Бул улуу күндө сиздерге, бүгүн Россияда жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кымбаттуу мекендештерибизге кайрылгым келет. Сиздер – диаспоранын жөн гана бир бөлүгү эмес, өлкөбүздүн чет өлкөдөгү жүзү, анын жандуу үнү жана ишенимдүү өкүлдөрүсүнөр.
Сиздердин экономикабызга жана социалдык тармакка кошкон салымыңыздар чоң, ал биздин жалпы ийгилигибиздин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Элчилик сиздердин кызыкчылыктарыңыздарды коргоо, көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле эне тилибизди жана маданий каада-салттарыбызды сактоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап келүүдө.
Биз Сиздерге Кыргызстанды даңазалаган ийгиликтериңиз жана эки өлкөнүн ортосундагы көрүнбөгөн, бирок кубаттуу байланыштарды түзүп, бекемдеп жатканыңыздар үчүн терең ыраазыбыз.
Кымбаттуу достор!
Жетишкен ийгиликтерибизге таянып, сүйүктүү Мекенибиздин эгемендүүлүгүн, экономикалык күч-кубатын жана эл аралык деңгээлдеги беделин мындан ары да чыңдайбыз деп ишенем.
Элчиликтин атынан Сиздерге тынчтык, бакыт-таалай жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.
Майрамыңыздар менен, кадырлуу мекендештер! Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

* * *

Обращение Чрезвычайного и Полномочного Посла
Кыргызской Республики в Российской Федерации Кубанычбека Боконтаева
по случаю 35-летия Независимости Кыргызской Республики

Уважаемые соотечественники! Дорогие друзья!

Сердечно поздравляю вас с 35-летием Независимости Кыргызской Республики!
Этот юбилей мы встречаем в период позитивных преобразований, которые охватили все сферы жизни нашей страны. Сегодня Кыргызстан — это динамично развивающееся государство, уверенно укрепляющее свои позиции на международной арене.
Последние годы стали для нашей экономики временем настоящего прорыва. На протяжении последних трёх лет среднегодовой прирост ВВП стабильно держался на уровне 9%, а по итогам 2025 года эта динамика не только сохранилась, но и значительно ускорилась — до рекордных 11,1%. Этот устойчивый подъем стал результатом системной работы по кардинальной модернизации нашей экономики.
Значительные успехи достигнуты в промышленности и строительстве. В 2025 году консолидированный бюджет страны впервые превысил 1 триллион сомов. Одновременно с этим уверенно растёт международное доверие - авторитетные агентства Moody’s, Fitch и S&P улучшают кредитные рейтинги Кыргызстана, что служит надёжным сигналом для инвесторов и открывает новые горизонты для экономического роста.
Сегодня Кыргызстан — это страна, реализующая масштабные проекты международного значения. Запущены проекты по строительству крупнейшей Камбар-Атинской ГЭС-1, железной дороги Китай-Кыргызстан-Узбекистан. Буквально месяц назад состоялось открытие железнодорожного участка Балыкчы-Кочкор, которое наглядно показало способность Кыргызстана самостоятельно воплощать амбициозные инфраструктурные проекты. Наряду с этим, открываются новые предприятия, создаются рабочие места. Все это, бесспорно, является свидетельством возросшей экономической мощи нашего государства.
Свои позиции наша страна укрепляет и на международной арене. Ярким подтверждением растущего авторитета Кыргызстана стало его историческое избрание в непостоянные члены Совета Безопасности Организации Объединенных Наций на период 2027–2028 годов. За вхождение в этот ключевой орган ООН, отвечающий за поддержание международного мира и безопасности, проголосовали 142 государства — членов ООН. Это избрание, которое страна получила впервые в своей истории, стало убедительным признанием мировым сообществом наших достижений в области укрепления демократии и устойчивого развития.
На фоне этих позитивных преобразований особого внимания заслуживают динамично развивающиеся кыргызско-российские отношения, которые достигли качественно нового уровня и уверенно выходят на новые рубежи. По итогам состоявшегося в ноябре 2025 года государственного визита Президента Российской Федерации В.В.Путина в КР наши страны закрепили курс на углубление союзничества и стратегического партнерства.
Сегодня мы вместе работаем над достижением амбициозной цели – довести взаимный товарооборот до 5 млрд долларов. Правительствами двух стран реализуются совместные проекты в сферах энергетики, промышленности, сельского хозяйства, образования и здравоохранения.
В этот знаменательный день хочу обратиться к вам, дорогие соотечественники, которые сегодня живут, работают и учатся в России. Вы – не просто часть диаспоры, вы лицо страны за рубежом, её живые голоса и верные представители.
Ваш вклад в экономику и социальную сферу страны – огромен, он является неотъемлемой частью нашего общего успеха.
Посольство продолжает прилагать все усилия для защиты ваших интересов, обеспечения максимальной доступности оказываемых консульских услуг, а также сохранении родного языка и культурных традиций. Мы глубоко благодарны Вам за ваши успехи, которыми вы прославляете Кыргызстан, и за ту невидимую, но мощную связь, которую вы создаёте между двумя нашими странами.
Дорогие друзья!
Убежден, что опираясь на достигнутые успехи, мы продолжим укреплять независимость, экономическую мощь и международный авторитет нашей любимой Родины.
От имени Посольства желаю всем Вам мира, благополучия и новых свершений!
С праздником, дорогие соотечественники! С Днем независимости!

Address

Большая Ордынка 64
Moscow
119017

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 10:00 - 17:00

Telephone

+74992374571

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги:

Shortcuts

Share