13/07/2026
2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Korea Foreigner Assist Center (KFAC) менен биргеликте «Korea–Kyrgyzstan Executive Strategic Business & Economic Cooperation Roundtable 2026» аттуу тегерек стол өткөрдү. 🌐 🇰🇬🇰🇷
Иш-чарага Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон кореялык компаниялардын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.💼 🏢
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсү, инвестициялык потенциалы, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор боюнча презентациялар сунушталды. 📈 💡🤝