Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы
Directions Website

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы, Law enforcement agency, А. Огомбаев көчөсү 122, Talas.

20/08/2026
Талас облусунун аймагында чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштери улантылууда Талас ОИИБдин жана ШРИИБдин кызматкерлери т...
19/08/2026

Талас облусунун аймагында чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштери улантылууда

Талас ОИИБдин жана ШРИИБдин кызматкерлери тарабынан облус аймагында “Нелегал” аталышындагы рейддик алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөдөн келип эмгектенип жаткан жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары толук жеткирилип, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларын, эмгек ишин жүзөгө ашыруу, жүрүү, каттоо эрежелеринин тартибин бузган чет элдик жана жарандыгы жок жарандарды аныктоо иштери аткарылууда. Ошондой эле чет элдик жарандардын катышуусунда ар кандай кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында тынымсыз иш-аракеттер көрүлүүдө.

Натыйжада облус аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик жарандарды кабыл алуу эрежелерин бузган Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Талас шаарында кибер алдамчылыктын алдын алуу боюнча эскертүү иштери уюштурулуудаТалас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын ...
18/08/2026

Талас шаарында кибер алдамчылыктын алдын алуу боюнча эскертүү иштери уюштурулууда

Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында кибер алдамчылык фактыларынын алдын алуу жана жарандардын сактыгын күчөтүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер эл көп топтолгон коомдук жайларга атайын эскертүүчү баракчаларды илип, жарандарга интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыктын кеңири тараган ыкмалары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле жарандарга белгисиз адамдардын телефон чалууларына жана билдирүүлөрүнө ишенип, жеке маалыматтарын, банк картасынын реквизиттерин жана сыр сөздөрүн бербөө, ошондой эле шектүү шилтемелерге кирбөө керектиги эскертилди.

Алдын алуу иштеринин негизги максаты — жарандардын кибер алдамчылыктын курмандыгы болуп калуусунун алдын алуу жана коомчулуктун сактыгын күчөтүү. Талас ОИИБ жарандарды ар дайым сергек болууга жана шектүү жагдайларга туш болгон учурда тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

https://youtu.be/cZjZiyjI-sc?si=8BY-nZTi0Rytg7Yq  Талас ОИИБдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын подп...
17/08/2026

https://youtu.be/cZjZiyjI-sc?si=8BY-nZTi0Rytg7Yq

Талас ОИИБдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Айкерим Акматованын бир күнү…

Мекен жана мен /// Талас облусу

Enjoy the videos and music you love, upload original content, and share it all with friends, family, and the world on YouTube.

Манас районунда мал уурулука шектелген эки жаран кармалды2026-жылдын  10-августунда Манас РИИБне Манас районунун 1980-ж....
17/08/2026

Манас районунда мал уурулука шектелген эки жаран кармалды

2026-жылдын 10-августунда Манас РИИБне Манас районунун 1980-ж.т. тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-августка караган түнү 5 (беш) баш жылкысын талаада аркандалып турган жеринен жибин кесип белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Манас РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин жана Манас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде уурдалган жылкылар Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында белгисиз жарандарга сатылгандыгы аныкталган. Аталган ишке шектүү катары Манас районунун 1994-ж.т. тургуну А.Е. жана 2005-ж.т. тургуну Ө.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, уурдалган жылкылардын ичинен 1 баш бээ жана 1 баш кулуну 2026-жылдын 16-августтунда Чүй облусунун Сокулук районунун мал базарынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо жана уурдалган жылкыларды сатып алган жарандарды тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

15/08/2026

Таласта «Баңгилик трафик» иш-чарасы өтүүдө

Талас облусунда «Баңгилик трафик» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Иш-чарага Талас ОИИБдин СБНОН кызматы, ИИМдин Талас облусу боюнча тез чара көрүүчү атайын операциялык отряды жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тартылды.

Аталган рейддин алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана баңгизат колдонгон адамдарды аныктоо багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында текшерүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

15/08/2026

Талас ОИИБдин өздүк курамы ишембилик өткөрүштү

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында ишембилик өткөрүлүп, ага өздүк курам толугу менен катышты.

Айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү максатында Талас ОИИБдин имаратынын жана алдындагы аллеянын айланасы тазаланды.

Мындан сырткары Талас шаарындагы борбордук көчөлөргө атайын кызматкерлер бөлүнүп, жалпы ишембиликтеги тазалоо иштерине активдүү катышышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер таштандыларды чогултуп, аймактын санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Майрам алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери күчөтүлүүдөТалас ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматы тарабынан...
14/08/2026

Майрам алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери күчөтүлүүдө

Талас ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматы тарабынан майрам күндөрүнүн алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын тынчтыгын сактоо багытында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кызматкерлер шаар аймагындагы көчөдө жүргөн, туруктуу жашаган жери жок жана тилемчилик менен алектенген жарандар менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Коомдук жайларда тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары, чет өлкөдөн келген жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоо боюнча маалыматтар жеткирилди. Ошондой эле самокат жана велосипед тепкен жарандарга коопсуздук эрежелери, жолдо жүрүү тартиби түшүндүрүлдү

Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматы алдыдагы майрам күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантат. Жарандарды коомдук жайларда тартипти сактап, коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырабыз.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Address

А. Огомбаев көчөсү 122
Talas
724200

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share