09/10/2026
ТАЛАС ШААРЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн, Талас шаарындагы А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого салым кошуп келе жаткан Талас шаарынын 19 мугалими мэриянын ардак грамоталары менен сыйланды.
Сыйлыктарды Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков тапшырды. Сыйлангандардын катарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана атайын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери бар.