15/07/2016
Өркүндөй бер, Улуттук комплекс!
Элибиз өткөн тарыхын, жашоо –турмушка болгон ой-жорумун, келечектен күткөн мүдөө максатын, үрп-адатын, салт-санаасын “Манасында” укумдан тукумга өткөрүп, уламалап айтып келген. Эркин мамлекеттүүлүктү эңсөө, Атажуртун сүйүү, элдин биримдигин, ынтымагын туу тутуу, гуманизм идеялары эпикалык дастаныбыздын өзөгүн түзөт. Улуттук идеябыздын тамыры мына ушул түбөлүк соолгус гүлазыктан азыктанат. Айкөл Манастын арбагына таазим жасап, Жараткандан жанына, элге журтка жакшылык тилеп, зыяратчылык жасоо, “Манас” эпосунун керемет дүйнөсү менен таанышуу элибиздин түбөлүк улуу рухун аздектеп жана ага, өз элинин кулуну катары, терең сыймыктануу деп түшүнүшүбүз керек. Зыяратчылардын көпчүлүгү ыйык жайга келгенде жан дүйнөлөрү арууланып, сезимдери бөтөнчө таасирлерге бөлөнүп каларын көп айтышат. Ал керемет таасирлер Айкөл Манастын, анын Кырк-Чоролорунун, дүйнө элдеринин бири болгон кыргыз элинин улуу руху, жан дүйнөсү.
Кумдай куюлган сансыз жылдар өттү. Элибиз башынан бактылуу күндөрдү, азаптуу түндөрдү өткөрдү. Далай тарыхый окуялар өткөн аймак, жер элдин эсинде бекем сакталып калат да, анан жылдар жылып, мезгилдер өтүп, бара бара ал жер эл ыйык туткан мазарлуу жайга айланат. Андай жер энергиялуу келип, тилеген тилегиң Теңирге түз жетет дешет.
Манастын арбагына таазим жасоо ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык парзы болуп калууга тийиш. Өз элинин асыл нарктарын барктай билген адам өзүн өзү барктай билет. Өзүн өзү тааныган адамдын көөнү таза, көкүрөгү билимдүү болот, Ата Журту үчүн ак дилинен кызмат кылат. Аруу, түшүнүктүү патриот адамдар көп болгон эл, дүйнөлүк цивилизация менен тең адымдап өнүгө алат.
Улуттук комплекске чет элдик туристтердин келиши жылдан жылга көбөйүп баратат. Индиядан, Голландиядан, Финляндиядан, Австриядан, Швецариядан, Белгиядан, Болгариядан, Венгриядан туристтер келип, “Манас” жана “Манас Ордо” туурасында бай маалыматтарды алып кетишет.
Айкөлдүн Ордосу-элдики, келечек муундуку. Арабдар Хеопс баш болгон пирамидаларын жанында жаткан ташына чейин бекем кайтарып, аздектеп мамиле жасашат. Алар таш менен дүйнөнүн жети кереметинин бирин тургузушса, кыргыздар адамдын акылын айран кылгандай деңгээлде көркөм сөздөн кайталангыс руханий улуу мурас тургузган элибиз. Эпикалык өнөр жагынан алганда “Манас” эпосу жалпы адамзаттын кайталангыс маданий мурасы болуп саналат. Андыктан “Манасыбыздын” жана “Манас Ордобуздун” дүйнө коомчулугунун арасында дагы көкөлөп, кеңири тааныла беришине аракеттенишибиз керек.
Улуу “Манас” эпосу- элибиздин түбөлүктүү эпикалык чыгармасы. Демек, Улуттук Манас Ордо комплекси да түбөлүктүү!
Өркүндөй бер, Улуттук Ыйык жай!
Даярдаган: Илимий кызматкер Эралиев Р.