Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Sarykamysh
  • Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР
Call Directions Contact the organization

Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Баткен регионалдык башкармалыгы

24/09/2026
Баткенде мыйзамсыз балык уулоо эрежелерин бузган 7 жаран аныкталды.Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу ...
21/09/2026

Баткенде мыйзамсыз балык уулоо эрежелерин бузган 7 жаран аныкталды.

Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы адистери жана егерлери тарабынан рейд жүргүзүлүп, натыйжада Баткен шаарындагы Төрт-Гүл сууктагычынан мыйзамсыз балык уулаган 7 жаран кармалды.
Адистер балык уулоо эрежелерин бузуу фактысын аныкташып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 266-беренесиинин 1-бөлүгүнө ылайык 7 жаранга 7000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, КРнын №224-токтомуна ылайык 1 жаранга 1010 сом өлчөмүндө доо (иск) салынды.
Балык ресурстарын мыйзамсыз уулоо — жаратылыш байлыктарына зыян келтирген аракет. Ар бир жаран жаратылышты пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.
#Баткенэкология #Мыйзамсызбалыкуулоо #

21/09/2026

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан бул жатта ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Айтсак, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүчө каралган:

Илбирс – 2 млн сом,

Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1,5 млн сом,

Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 миң сом,

Ортоазиялык күндуз, мензбир сууру 20 миң сом каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын «Кашка-Суу» жайлоосунда 1 (бир) баш тоо текеси мыйзамсыз атылгандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча тийиштүү протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде укук бузуучуга 12 500 (он эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө доо коюлуп, материалдар мыйзам чегинде кароого укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка (браконьерликке) каршы күрөшүү багытында үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүп турат.

*******

За незаконную охоту и отстрел редких диких животных в Кыргызстане предусмотрены крупные штрафы.

Инспекторы Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора на постоянной основе проводят внезапные проверки и оперативные рейды на основании поступающей оперативной информации.

В частности, за незаконный отстрел животных, занесённых в Красную книгу, установлены следующие размеры штрафов:

Снежный барс (илбирс) — 2 млн сомов,

Архар (горный баран), марал, бурый медведь, джейран — 1,5 млн сомов,

Красный волк, манул, рысь — 50 тыс сомов,
Среднеазиатская выдра, сурок Мензбира - 20 тыс сомов.

Напомним, недавно на пастбище «Кашка-Суу» Алайкуйского айылного аймака Кара-Кульджинского района Ошской области был выявлен факт незаконного отстрела одной особи горного козла.

По данному факту составлен соответствующий протокол. На основании о правонарушениях на гражданина наложен административный штраф в размере 12 500 (двенадцать тысяч пятьсот) сомов, а также для возмещения ущерба, причиненного животному миру, начислен иск в размере 300 000 (триста тысяч) сомов. Собранные материалы передаются в правоохранительные органы для взыскания суммы иска и принятия процессуального решения согласно законодательству КР.

Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора продолжаются регулярные мероприятия по охране окружающей среды и борьбе с браконьерством.

19/09/2026

Тазалык - табиятка болгон камкордук.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6 - сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025 – жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу алкагында өлкөдө 19 - сентябрь күнү Республика боюнча ишембилик өткөрүү белгиленген.
Ага ылайык бүгүн 19 – сентябрьда КРнын ЖРЭТКМ нин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору айлана чөйрөну тазалоо,таштандылардан арылтуу жана көрктөндүрүү иштерине чыгышты.
Кызматкерлер башкармалыктын айланасын жана атайын бөлүнүп берилген жерлерди тазалап, таштандыларды чогултуу, аймакты иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - ишкерлерди, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрүн, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди, коомдук уюмдарды, жаштарды жана ыктыярчыларды ишембиликке активдүү катышууга чакырган.
Ишембилике катышуу менен ар бирибиз жашаган жерибиздин тазалыгын сактоого, жакшыртууга салым кошобуз жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтөбүз. Тазалык — ар бирибиздин күнүмдүк маданиятыбыз , айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигибиз.
Таза аймак — таза келечек!
#Баткенэкология #Тазакелечектичогуукуралы #

18/09/2026

Биздин баракчаларга катталууга чакырабызFacebook - https://www.fa...

18/09/2026

Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Токой — жаратылыштын баа жеткис байлыгы, өлкөбүздүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо өзгөчө мааниге ээ болгон жаратылыш ресурсу. Анын байлыгын коргоо, сактоо жана келечек муундарга жеткирүү — чоң жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана эмгекчилдикти талап кылган маанилүү милдет.

Токой чарбасынын кызматкерлери жыл бою ар кандай шарттарда эмгектенип, токойлорду өстүрүү, калыбына келтирүү, коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында үзүрлүү иштерди аткарып келишет. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында өлкөбүздүн жаратылыш байлыгы корголуп, токой экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга маанилүү салым кошулууда.

Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарына болгон басымдын күчөшү шартында токойлорду сактоо жана көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта токой тармагынын ар бир кызматкеринин эмгеги мамлекет жана коом үчүн баалуу.

Ушул кесиптик майрамда сиздерге талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Токойлорубуз жашылданып, жаратылышыбыз байып, өлкөбүздүн экологиялык келечеги кең болсун!

Кесиптик майрамыңыздар менен!

Акыл Токтобаев
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри

**********

Уважаемые работники и ветераны лесной отрасли!

От всей души поздравляю Вас с профессиональным праздником — Днём работников леса!

Лес — бесценное природное богатство и важнейший природный ресурс, играющий особую роль в сохранении экологического баланса нашей страны. Охрана, сохранение и передача лесных богатств будущим поколениям — это важная и ответственная задача, требующая высокого профессионализма, самоотдачи и трудолюбия.

Работники лесного хозяйства круглый год, в различных условиях, добросовестно трудятся, осуществляя деятельность по выращиванию и восстановлению лесов, их охране, а также сохранению биологического разнообразия. Благодаря вашему труду природные богатства нашей страны находятся под защитой, а в обеспечение устойчивости лесных экосистем вносится значимый вклад.

Сегодня, в условиях изменения климата и возрастающей нагрузки на природные ресурсы, сохранение и приумножение лесных богатств приобретает особое значение. В этой связи труд каждого работника лесной отрасли имеет большую ценность для государства и общества.

В этот профессиональный праздник выражаю Вам глубокую благодарность за ваш самоотверженный труд. Желаю каждому из вас крепкого здоровья, семейного благополучия, успехов в работе и новых достижений.

Пусть наши леса зеленеют и приумножаются, природа становится богаче, а экологическое будущее нашей страны — светлым и благополучным!

С профессиональным праздником!

Акыл Токтобаев
Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора
Кыргызской Республики

19 - сентябрьда жалпы республикалык ишембилик өтөт.Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19...
17/09/2026

19 - сентябрьда жалпы республикалык ишембилик өтөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19-сентябрда жалпы улуттук ишембилик өтөөрүн жарыялады.

Министрлик ишкерлерди, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрүн, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди, коомдук уюмдарды, жаштарды жана ыктыярчыларды ишембиликке катышууга чакырат.

"Ишембилик күнүнө катышуу - ар бирибизге жашаган жерибиздин тазалыгын сактоого жана жакшыртууга салым кошууга, ошондой эле жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет".
#Баткенэкология #Жаратылыштыбиргесактайлы #

Address

Sarykamysh

Telephone

+996999060871

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР:

Shortcuts

Share