Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
Call Directions Website Contact the organization

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик
(2)

Музей өзүнүн өнүгүү тарыхында бир нече жолу наамы өзгөргөн.
1949-1978-жылдары Ош облустук аймак таануу музейи.
1978-1982-жылдарда Ош облустук тарыхый-маданий музейи.
1982-2004-жылдарда Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругу.
2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталат.
2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине катталган. On the page of our museum you can get spiritual, cultural and interesting historical information. The name of the museum has changed several times throughout the history of its development.
1949-1978 Osh Regional Museum of Local Lore. Osh Regional Historical and Cultural Museum in 1978-1982
In 1982-2004, the United Historical and Cultural Museum-Reserve in Osh. Since April 10, 2004, it has been called the Sulaiman-mountain National Historical and Archaeological Museum Complex. In 2009, it was registered as a UNESCO World Heritage Site.

Название музея несколько раз менялось за всю историю его развития.

1949-1978 Ошский областной краеведческий музей.

1978-1982гг. Ошский областной историко-культурный музей.

В 1982-2004 годах Объединенный историко-культурный музей-заповедник в Оше.

С 10 апреля 2004 года именуется национальным историко-археологическим музейным комплексом «Сулайман-Тоо».

В 2009 году он был зарегистрирован в списке Всемирного наследия ЮНЕСКО.

09/10/2026

Сиз билет белеңиз? Сиз үчүн маалымат пайдалуу болдубу?
Тарыхты билүү — өткөндү таануу, бүгүнкүнү түшүнүү жана келечекке туура багыт алуу. Ар бир тарыхый эстеликтин өзүнө таандык сыры, ар бир таштын өз тарыхы бар.

Тарыхты бирге тааныйлы, маданий мурасыбызды бирге сактайлы!
Сиз Сулайман-Тоо тууралуу дагы кандай маалыматтарды билгиңиз келет? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз.

09/10/2026

«Сулайман-Тоо» УТАМКсында акыркы 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарылды.

Жыйынга Сулайман-Тоо УТАМКсынын жетекчиси Медербек Апарханов, «Россия-Колхоз» жана У. Салиева атындагы филиал музейлердин жетекчилери, ошондой эле жалпы музей жамааты катышты.

Жыйындын жүрүшүндө УТАМКнын 8 бөлүмү тарабынан жана эки филиалдын отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берилип, ар бир багыт боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары талданып, алдыда аткарылуучу иштердин багыттары аныкталды.

Ошондой эле ишмердүүлүктүн жүрүшүндө орун алган кемчиликтерге көңүл бурулуп, аларды жоюу, иштин сапатын жогорулатуу жана коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттер белгиленип, музейлердин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана коомчулукка жеткирүү багытында бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

«Сулайман-Тоо» УТАМКсында  акыркы 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарылды.Жыйынга Сулайман-Тоо УТАМКсынын жете...
09/10/2026

«Сулайман-Тоо» УТАМКсында акыркы 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарылды.

Жыйынга Сулайман-Тоо УТАМКсынын жетекчиси Медербек Апарханов, «Россия-Колхоз» жана У. Салиева атындагы филиал музейлердин жетекчилери, ошондой эле жалпы музей жамааты катышты.

Жыйындын жүрүшүндө УТАМКнын 8 бөлүмү тарабынан жана эки филиалдын отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берилип, ар бир багыт боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары талданып, алдыда аткарылуучу иштердин багыттары аныкталды.

Ошондой эле ишмердүүлүктүн жүрүшүндө орун алган кемчиликтерге көңүл бурулуп, аларды жоюу, иштин сапатын жогорулатуу жана коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттер белгиленип, музейлердин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана коомчулукка жеткирүү багытында бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

07/10/2026

🏔️ Сулайман-Тоонун иштөө тартиби өзгөрдү!

Сапарыңызды өзүңүзгө ыңгайлуу убакытка пландап, саякатыңызды улантыңыз. 🥰

05/10/2026

Сүрөттөргө ЖИ менен кыймыл берилди✅

05/10/2026

Ош шаары чын эле 3000 жылдан ашуун тарыхка ээби? Бул маалымат кайсы тарыхый жана археологиялык далилдерге таянат?

03/10/2026

Бишкек шаарынан келген коноктор Сулайман-Тоого да барышты. Аларга тарыхый-маданий жайдын мааниси, тарыхы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде кеңири маалымат берилди.

Коноктор Сулайман-Тоонун тарыхый мурасына жана кооздугуна суктанып, Ош шаары тууралуу жакшы пикирлерин билдиришти.

02/10/2026

Темурийлер тарыхы музейинин көчмө көргөзмөсү ачылды

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Темурийлер тарыхы мамлекеттик музейинин көчмө көргөзмөсү ачылды.

Иш-чарага Өзбекстандын Ош шаарындагы вице-консулу Фуркат Усманов, музей кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору Медербек Апарханов сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен ким, Бабур» спектаклинен үзүндү көрсөтүлүп, окуучулар концерттик программа тартуулашты.

Мындан тышкары, музей иши жана реставрация багытында илимий-практикалык семинар өттү. Анда Темурийлер тарыхы музейинин экспозициясы жана Өзбекстандагы музей фонддорун реставрациялоо боюнча баяндамалар жасалды.

Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын музейлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.

02/10/2026

Белгилүү мушкер Рой Джонс “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейине келди

Дүйнөгө белгилүү мушкер Рой Джонс “Сулайман-Тоо” УТАМКсына келип, музейдин тарыхы жана баалуу экспонаттары менен таанышты.

Меймандын назарына музейдин башкы экспозициясы англис тилинде тааныштырылып, Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий мурасы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле Рой Джонс музейдин эстелик китепчесине өзүнүн кол тамгасын калтырды.

29/09/2026

Урматтуу жарандар!

Тоого чыгууда этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Белгиленген жолдор менен жүрүп, таштанды таштабай, тарыхый-маданий мураска аяр мамиле кылыңыздар.

Address

Курманжан Датка б/н
Osh
714000

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 17:00
Sunday 09:00 - 17:00

Telephone

+996322222968

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси:

Shortcuts

Share