21/08/2023
КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Урматтуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын тургундары!
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору эскертет!
2023-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
1.транспорт каражатына салык;
2.турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
3.үй жанындагы, бак-чарба жер участокторуна салык.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.
Салыктарды Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 1-кабатындагы 8-кабинеттен жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары жана башкалардан да төлөсөңүздөр болот.
Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы
турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.