Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Naryn
  • Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана
Directions Website Contact the organization

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана, Ленина 33, Naryn.

13/10/2026
12/10/2026

📚 НАРЫН ОБЛУСТУК КИТЕПКАНАСЫ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН «АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ» болуп өттү!

2026-жылдын 12-октябрында Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасы тарабынан жаңы Нарын маданият борборунда «Ачык эшиктер күнү» аттуу маданий-маалыматтык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — окурмандарга жана шаар тургундарына китепкананын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, жаңы билим алууга кызыктыруу, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана улуттук баалуулуктарыбызды жайылтуу болду.

✨ Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү багыттар боюнча кызыктуу программалар сунушталды:

📖 Китеп көргөзмөсү — дүйнө таанымды кеңейткен китептер, жаңы идеялар жана билим дүйнөсүнө саякат.

⚖️ «Өз укугуңду бил» укуктук сааты — жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган пайдалуу маалыматтар.

📱 Санариптик сабаттуулук — смартфонду, QR-коддорду жана санариптик кызматтарды колдонуунун практикалык жолдору.

🏔️ Нарындын туристтик мүмкүнчүлүктөрү — туулган жерибиздин кооз жаратылышын, тарыхын жана бай мурасын таанытуу.

🧶 Элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар — сайма саюу, билерик жасоо, түстүү жиптерден буюм токуу жана чыгармачылык өнөрлөр менен таанышуу.

🌿 Ден соолук боюнча мастер-класс — пайдалуу смузи жана жемиш чайларын даярдоо аркылуу сергек жашоонун маанилүүлүгүн даңазалоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы маалыматтарды алып, пайдалуу көндүмдөрдү өздөштүрүп, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

🏛️ Жаңы маданият борборунда өткөрүлгөн бул иш-чара китепкананын коомдогу ордун дагы бир жолу айгинелеп, анын жөн гана китеп сактоочу жай эмес, билимдин, маданияттын, чыгармачылыктын жана санариптик өнүгүүнүн маанилүү борбору экенин көрсөттү.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасы мындан ары да окурмандарга жана жалпы коомчулукка сапаттуу маалыматтык кызмат көрсөтүп, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, жаңы билимдерди жайылтууга жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган иш-чараларды уланта берет.

💐 Ачык эшиктер күнүбүзгө келип, иш-чарага катышкан бардык конокторго ыраазычылык билдиребиз! Китепкана эшиги ар дайым сиздер үчүн ачык!

#НарынОблустукКитепканасы
#АчыкЭшиктерКүнү
#ЖаңыМаданиятБорбору
#КитепБилимБулагы
#СанариптикСабаттуулук
#МаданиятЖанаБилим

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, окурмандар Нарын облустук китепканасы тарабынан уюштурулуп жаткан "АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ...
09/10/2026

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, окурмандар Нарын облустук китепканасы тарабынан уюштурулуп жаткан "АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮНӨ" чакырабыз!

📅 Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 12-октябрь
🕥 Убактысы: саат 10:30дан 15:15ке чейин
📍 Өтүүчү жери: Нарын маданият борбору

Иш-чаранын жүрүшүндө сиздерди кызыктуу жолугушуулар, пайдалуу маалыматтар жана чыгармачылыкка бай программалар күтөт.

Программада:

📚 Китеп көргөзмөсү — дүйнөнү тааныткан китептер, жаңы идеялар жана чексиз мүмкүнчүлүктөр;
⚖️ Укуктук саат — «Өз укугуңду бил»;
📱 Практикалык көнүгүүлөр — смартфонду, QR-коддорду жана санариптик кызматтарды колдонууну үйрөнүү;
🏔️ Нарын регионунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү — туулган жерибиздин кооздугун жана бай мурасын таануу;
🧶 Мастер-класстар — элдик кол өнөрчүлүк, сайма, билерик жасоо, түстүү жиптен буюм токуу жана башка кызыктуу өнөрлөр;
🌿 Ден соолук боюнча мастер-класс — пайдалуу смузи жана жемиш чайларын даярдоо.

Бул күн — жаңы билим алууга, пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүүгө, улуттук баалуулуктарыбызды таанууга жана жагымдуу маанайда убакыт өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк!

Келиңиздер, китеп менен достошолу, билимди бирге бөлүшөлү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачалы!

🌿 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү 🌿Улууну урматтоо — улуттун улуулугу!Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө кар...
01/10/2026

🌿 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү 🌿

Улууну урматтоо — улуттун улуулугу!

Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкананын жамааты китепкананын өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн үзүрлүү эмгегин арнаган ардагерлерибизден кабар алып, аларга өзгөчө көңүл буруп, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. ❤️

Ардагерлер — кечээкинин күбөсү, бүгүнкүнүн кеңешчиси, эртеңки муунга жол көрсөткөн улуу мурас ээлери. Алардын эмгеги, басып өткөн жолу жана калтырган изи китепкана тарыхы менен ажырагыс байланышта.

Улуу муундун акыл-насааты — биз үчүн баа жеткис байлык. Алардын ар бир сөзүндө тажрыйба, ар бир эскерүүсүндө тарых, ар бир насаатында келечекке багыт бар.

💐 Урматтуу ардагерлер!

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана көңүл тынчтыгын каалайбыз. Ар дайым балдарыңыздардын, неберелериңиздердин сый-урматында болуп, жакындарыңыздардын мээримине бөлөнүп жүрө бериңиздер!

Сиздердин эмгегиңиздер — биздин сыймыгыбыз, эмгек жолуӊуздар — кийинки муундар үчүн өрнөк!

🌷 Карылар барда — каада-салт, тарых жана таалим бар.
Улууларды урматтоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
Майрамыңыздар куттуу болсун биздин аталар-апалар!
#КарыларКүнү
#1Октябрь
#УлуунуУрматтоо
#НарынОблустукКитепканасы
#СОрозбаковАтындагыКитепкана
#АрдагерлергеУрмат

30/09/2026

📚 «Өз укугуңду бил» — укуктук сабаттуулукка карай маанилүү кадам! ⚖️

Бүгүн Нарын облустук китепканасында жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Өз укугуңду бил» аттуу укуктук саат болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Акыйкатчынын өкүлү, эксперт - Асанов Ыдырыс Жакыпович ,Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын филиалынын Юридикалык колледжинин студенттери жана окутуучусу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган укуктук маселелер боюнча Акыйкатчыдан өзгөчө студенттердин укуктарын коргоо, мыйзамдарды билүүнүн мааниси жана укуктар бузулган учурда кайда кайрылуу керектиги тууралуу пайдалуу маалыматтар берилди.

💡 Иш-чаранын кызыктуу бөлүгү катары студенттер арасында укуктук билимдерди текшерген Kahoot интеллектуалдык оюну уюштурулду. Катышуучулар өз билимдерин сынап, активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми оюнда өзгөчө активдүү болгон студенттерге китептер белекке берилди. 🎁📖

Мындай иш-чаралар жаштардын өз укуктарын билүүсүнө, мыйзамга болгон кызыгуусун арттырууга жана укуктук маданиятын калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт.

📖 Укугуңду бил — өзүңдү коргой бил!

28/09/2026

Нарын облустук С.орозбаков атындагы китепкананын Манас таануу бөлүмүндө ай сайын чыгуучу "МААРАКЕ ЭЭЛЕРИ" рубрикасынын алдында, манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына карата залкардын өмүр жолу,манасчылык өнөрү тууралуу даярдалган онлайн баяндаманы окурмандарга сунуштайбыз.

_

📚 «МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМ — МЕНИН КИЧИНЕКЕЙ МЕКЕНИМ»Үй-бүлө — тарбиянын башаты, улуттун уңгусу, мекенге болгон сүйүүнүн алгачкы ...
24/09/2026

📚 «МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМ — МЕНИН КИЧИНЕКЕЙ МЕКЕНИМ»

Үй-бүлө — тарбиянын башаты, улуттун уңгусу, мекенге болгон сүйүүнүн алгачкы бешиги! ❤️

Бүгүн Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканада «Менин үй-бүлөм — менин кичинекей мекеним» аттуу мазмуну терең, өзгөчө мааниге ээ болгон маданий-агартуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага активдүү окурман үй-бүлөлөр катышып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо, улуттук каада-салттарды сактоо жана муундан муунга өткөрүп берүү максатында өз өнөрлөрүн, чыгармачылыктарын тартуулашты.

🌸 Иш-чаранын жүрүшүндө үлгүлүү үч үй-бүлө өздөрүнүн үй-бүлөлүк жетишкендиктери, ынтымак-ырыскысы, тарбиялык тажрыйбалары менен бөлүшүп, үй-бүлөдөгү китептин, билимдин жана руханий баалуулуктардын орду тууралуу айтып беришти.

🎭 Өзгөчө кызыктуу болгон чыгармачылык бөлүгүндө үй-бүлөлөр улуттук каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Ар бир үй-бүлөнүн өнөрү, ынтымагы жана улуттук мурастарга болгон аяр мамилеси иш-чаранын мазмунун байытып турду.

Үй-бүлө — ар бир адамдын кичинекей мекени. Анда мээрим, сый-урмат, ынтымак жана тарбия жашайт. Ал эми китеп — ошол үй-бүлөнүн руханий дүйнөсүн байытып, балдардын келечегине жол ачкан асыл казына.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана мындан ары да үй-бүлөлүк окууну өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана китеп аркылуу муундарды жакындатууга багытталган иш-чараларды уланта берет.

Ынтымактуу үй-бүлө — күчтүү коомдун, жаркын келечектин жана өнүккөн Мекендин пайдубалы! 💐

#МенинҮйБүлөмМенинКичинекейМекеним
#АктивдүүОкурманҮйБүлөлөр
#НарынОблустукКитепкана
#ҮйБүлөлүкОкуу
#УлуттукБаалуулуктар

23/09/2026

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү!

Бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы, Нарын райондук Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын райондук маданият үйүндө кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүүгө, эне тилибизди урматтоого жана анын коомдогу ордун бекемдөөгө арналган маданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын кызматкерлери да активдүү катышып, мамлекеттик тилди даңазалоого багытталган иш-чаранын маанисин арттырууга өз салымдарын кошушту.

🌿 Эне тил — улуттун уңгусу, элдин руханий байлыгы жана муундарды байланыштырган ыйык мурас. Тилибизди аздектөө — ар бирибиздин милдетибиз!

📚 Кыргыз тилибиздин кадырын көтөрүп, келечек муунга таза жана бай тилди мурас кылып калтыралы!

Мамлекеттик тилибиз — улуттук сыймыгыбыз! 🇰🇬

#МамлекеттикТилКүнү
#КыргызТили
#ЭнеТил
#НарынОблустукКитепканасы
#НарынРайондукМаданиятБөлүмү

Address

Ленина 33
Naryn
722600

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана:

Shortcuts

Share