08/06/2026
ШЕРАЛИЕВ-ТУРДУБАЕВ-НАРЫН-ТОРУГАРТ ЖОЛУНУН КЕСИЛИШТЕРИНИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ✅
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев демилгесине ылайык Турдубаев(Ат Башы) -Шералиев жана Нарын-Торугарт жолдорунун кесилишинин инфраструктурасы жакшыртылып, коопсуздандырылат.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион сомго айланма жолдун ортосуна 3 тараптуу ЛЭД экран коюлуп, айланасы атайын дизайн менен жасалгаланат.
Долбоорду ишке ашыруу жакынкы күндөрү башталат.
Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы