19/05/2021
Урматтуу Каракол шаарынын тургундары! Урматтуу биздин колдоочулар!
Биринчиден 11-апрелде Каракол шаарында өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосунда "Табылга" партиясын колдоп добуш берген, биздин баардык шайлоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! 🙏🙏🙏
Бүгүнтөн баштап, сиздер колдоп берген эл өкүлдөрү сиздердин ишеничиңерди актайт деп сөз беребиз!
Бүгүн 19-майда Каракол шаарынын жаңы шайланган 28-чакырылышынын депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү. Жыйында эл өкүлдөрүнө БШК тарабынан мандаттар тапшырылып, шаардык кеңештин төрагасы шайланды, жана такай иштөөчү депутаттык комиссиялар түзүлдү.
Сессияда Каракол шаарынын төрагалыгына Акимканов Туратбек Жакшылыковичтин талапкерлиги көргөзүлүп, 29 добуштан төрагалыка шайланды.
"Табылга" саясий партиясынын жааматы Акимканов Туратбек Жакшылыковичти куттуктап эл үчүн, Каракол шаары үчүн - таза, акыйкат жана жигердүү иштеп берүүсүн каалайбыз!
Ошондой эле Каракол шаардык кеңешине эл арасынан шайланып келген: Бирге, Эмгек, Ыйман Нуру, Замандаш саясий партияларынын эл өкүлдөрүнө ийгилик каалайбыз!
"Табылга" саясий партиясынан Каракол шаардык кеңешине төмөнкү мүчөлөрүбүз депутат болуп келишти:
1. Сагымбаев Мирбек Өмүрбекович;
2. Акимканов Туратбек Жакшылыкович;
3. Шафигулина Мархабат Шарифовна;
4. Бараков Акбар Садырбекович;
5. Мадакеев Самат Тилекбекович;
6. Медерова Асель Медеровна;
7. Ишембиев Канатбек Абылович.
Дагы бир жолу "Табылга" саясий партиясын шайлоодо тандап добуш бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Урматыбыз менен, "Табылга" партиясынын жааматы