Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Karakol
  • Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
Directions

Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Организация подотчетна Министерству труда, социального развития и миграции Кыргызской Республики

29/09/2026

Государственный портал Jumush.gov.kg -
Портал в сфере по содействию занятости
Согласно пункта 13 часть 2 статьи 16 Трудового кодекса Кыргызской Республики от 23.01.2025 года № 23 и Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об утверждении Порядка размещения работодателем объявлений (сведений) о вакансиях на веб-сайте уполномоченного государственного органа в сфере содействия занятости населения» от 04.11.2025 года №718, Министерством труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики (далее - Министерство) разработан и в пилотном режиме запущен государственный портал в сфере содействия занятости населения — Jumush.gov.kg. Согласно протокольному поручению Ситуационного центра Администрации Президента Кыргызской Республики от 16.07.2026 года за № 26-8976 на текущем этапе данный цифровой портал функционирует в пилотном режиме с участием ряда государственных органов. После завершения тестового периода и успешной апробации инструментов взаимодействия платформа будет развернута и активирована в масштабах всей республики. Портал Jumush.gov.kg создан как единая цифровая экосистема для рынка труда, предоставляющая следующие возможности: - Для работодателей: самостоятельное, оперативное и обьязательное размещение имеющихся вакансий, а также прямой поиск квалифицированных кадров. - Для граждан (ищущих работу): доступ к актуальной базе рабочих мест по всей республике, возможность самостоятельного трудоустройства и оперативного взаимодействия с работодателями. Данные услуги в портале для работодателей и соискателей предоставляется на бесплатной основе.

🌿 Тазалык — жалпыбыздын милдетибиз!2026-жылдын 19-сентябрында Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция б...
19/09/2026

🌿 Тазалык — жалпыбыздын милдетибиз!

2026-жылдын 19-сентябрында Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Восход» кичи районундагы эс алуу аймагында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке башкармалыктын жалпы жамааты активдүү катышып, эс алуу аймагын тазалоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашыл аймактарды иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. 🌳🧹

Таза жана көрктүү шаар — ар бирибиздин жалпы эмгегибиздин жыйынтыгы. Каракол шаарынын тазалыгын сактоо — жалпыбыздын милдетибиз!

#Каракол #Ишембилик #Тазалык #ТазаКаракол #БиргеликтеТазаШаар

♿️ Жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо боюнча иш-чара өткөрүлдү2026-жылдын 18-сентябрында Каракол ...
18/09/2026

♿️ Жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо боюнча иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 18-сентябрында Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери тарабынан башкармалыкта каттоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо боюнча кабыл алуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алдында башкармалыктын социалдык кызматкерлери жарандарды тизмеге ылайык үймө-үй кыдырып, башкармалыкка чакырышты.

Кабыл алуу учурунда жарандардын бут кийим өлчөмдөрү алынып, жеке муктаждыктарына ылайык протездик-ортопедиялык бут кийимдерге заказдар кабыл алынды.

Бул иштер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын социалдык жактан колдоого алынышын камсыз кылууга жана алардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүүгө багытталган.

#Каракол #СоциалдыкКолдоо #ПротездикОртопедиялыкБуюмдар #МүмкүнчүлүгүЧектелүүЖарандар

🇰🇬 Кесиптештерибиздин эмгеги жогору бааландыКыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Каракол шаардык эмгек, соц...
16/09/2026

🇰🇬 Кесиптештерибиздин эмгеги жогору бааланды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон жигердүү салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштерге активдүү катышуусу жогору бааланды.

Башкармалыктын башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгиси менен сыйланды.

Ошондой эле башкармалыктын бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан кесиптик бирликтин ишине активдүү катышкандыгы жана коомдук иштерге кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Бул сыйлыктар кызматкерлердин көп жылдык үзүрлүү эмгегине, кесипкөйлүгүнө, коомдук иштерге активдүү катышуусуна жана жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү багытындагы ак ниет кызматына берилген жогорку баа болуп саналат.

Элге кызмат кылуу — чоң жоопкерчилик жана ардактуу милдет!

Социалдык кызматкерлердин эмгегине берилген ыраазычылыкКаракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкарма...
19/08/2026

Социалдык кызматкерлердин эмгегине берилген ыраазычылык

Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкерлери өздөрүнүн күнүмдүк ишинде жарандарга социалдык жардам көрсөтүп, алардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө жана ар бир кайрылууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга аракет кылып келишет.

Жакында башкармалыктын социалдык кызматкерлерине кардарыбыз Калмыкова Елена Александровна тарабынан алардын ишине болгон ыраазычылыгын билдирген атайын «Благодарность» тапшырылды.

Елена Александровна социалдык кызматкерлердин ыкчам, тез жана өз убагында иш алып баргандыгын, кардарларга көңүл буруп, жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Мындай жылуу пикир жана ыраазычылык — социалдык кызматкерлер үчүн өз ишин мындан ары да сапаттуу жана жоопкерчиликтүү аткарууга чоң дем берүү.

🌷 Социалдык кызматкерлерибизге талыкпаган эмгеги, адамгерчилиги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Ар бир жаранга көрсөтүлгөн жардам, жылуу мамиле жана көңүл буруу — социалдык кызматтын эң маанилүү баалуулуктарынын бири.

Калмыкова Елена Александровнага жылуу каалоо-тилектери жана эмгегибизди баалагандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

#Каракол #СоциалдыкКызмат #Ыраазычылык #Эмгек #СоциалдыкКоргоо

2026-жылдын 13-майында «Оймо» мейманканасында «Как формулировать цель вмешательства» («Кийлигишүүнүн максатын кантип туу...
22/07/2026

2026-жылдын 13-майында «Оймо» мейманканасында «Как формулировать цель вмешательства» («Кийлигишүүнүн максатын кантип туура түзүү керек ДМЧАлар») темасында өткөн семинарга катышылды.

2026-жылдын 29-июнунда «Алтемира» мейманканасында «Выявление проблем, потребностей и возможностей для развития инклюзивного образования взрослых и лиц с инвалидностью» («Чоңдордун жана майыптуулугу бар адамдардын инклюзивдүү билим берүүсүн өнүктүрүү үчүн көйгөйлөрдү, муктаждыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо») темасында өткөн семинарга катышылды.

2026-жылдын 13–14-июлунда Каракол шаарындагы Билим берүү институтунда башкармалыктын социалдык кызматкерлери «Бизнес-идеяларды түзүү жана бизнес-планды даярдоо» темасындагы эки күндүк окуу-семинарына катышышты. Семинардын жүрүшүндө бизнес-идеяларды иштеп чыгуу, бизнес-планды түзүүнүн негиздери жана ишкердик көндүмдөр боюнча билим алышты.
2026-жылдын 20-июлунда «78 Hotel» мейманканасында «Введение системы инклюзивного образования и занятости» («Инклюзивдүү билим берүү жана иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү») темасында өткөн семинарга катышылды.

📌 МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ ДОЛБООРЛОРУНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮКыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана ...
14/07/2026

📌 МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ ДОЛБООРЛОРУНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык, министрликтин жана Социалдык коргоо департаментинин адистеринен түзүлгөн жумушчу топ Каракол шаарында мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жүрүшүндө «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жана социалдык кызматтарды көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү бааланды.

2025–2026-жылдардагы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында Каракол шаарында төмөнкү коомдук бирикмелер долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырышты:
✅ «Бирдей мүмкүнчүлүктөр – Кыял» КБ;
✅ «Аялзат – развитие женских инициатив» КБ;
✅ «Баяжан» КБ;
✅ «Үмүт Жылдызы» КБ.

Жумушчу топ долбоорлордун аткарылышы, көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапаты жана жетишилген жыйынтыктар менен жеринен таанышып, иш-чаралар бекитилген пландарга ылайык аткарылганын белгиледи.

Белгилей кетсек, мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы аталган долбоорлор 2026-жылдын 1-июлунда ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бүгүн, 2026-жылдын 29-июнунда, башкармалык тарабынан бекитилген графикке ылайык Каракол шаарына караштуу Челпек, Таш-Кыя...
29/06/2026

Бүгүн, 2026-жылдын 29-июнунда, башкармалык тарабынан бекитилген графикке ылайык Каракол шаарына караштуу Челпек, Таш-Кыя жана Бурма-Суу айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө үч жашка чейинки балдардын ата-энелерине «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоонун тартиби боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жарандарга «Түндүк» тиркемеси аркылуу катталуу жана документтерди электрондук түрдө тапшыруу тартиби көрсөтүлүп, кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

#БалаЫрысы #Түндүк #СоциалдыкКоргоо #Каракол #ТүшүндүрүүИштери #МамлекеттикЖөлөкПул

📌 25-июнь 2026-жылБүгүн, 2026-жылдын 25-июнунда, биздин башкармалык тарабынан түзүлгөн графикке ылайык үй-бүлөлүк дарыге...
25/06/2026

📌 25-июнь 2026-жыл

Бүгүн, 2026-жылдын 25-июнунда, биздин башкармалык тарабынан түзүлгөн графикке ылайык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иш алып барган дарыгерлер менен биргеликте, алардын каттоосунда турган үч жашка чейинки балдардын ата-энелерине «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун чектөөнүн жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Түндүк» тиркемеси аркылуу катталуу тартиби көрсөтүлүп, аталган мыйзам боюнча кеңири маалыматтар берилди.

#БалаЫрысы #Түндүк #СоциалдыкКоргоо #Каракол #ТүшүндүрүүИштери #МамлекеттикЖөлөкПул

Address

Жамансариева 163
Karakol
722200

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share