УВД Иссык-Куль

Call Directions Website Contact the organization

УВД Иссык-Куль Официальная страница УВД Иссык-Кульской области

Милициянын капитаны Азамат Беккулиевич Шералиевдин жаркын элесинеЖаркын элеси жүрөктөрдө түбөлүккө сакталат2026-жылдын 9...
24/09/2026

Милициянын капитаны Азамат Беккулиевич Шералиевдин жаркын элесине

Жаркын элеси жүрөктөрдө түбөлүккө сакталат
2026-жылдын 9-июлу — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамы, өзгөчө милициянын капитаны Шералиев Азамат Беккулиевичтин үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн орду толгус жоготуу менен коштолгон оор күн болду.

Бул күнү кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Шералиев Азамат Беккулиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Азамат Беккулиевич 1982-жылдын 2-майында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.
Ал өмүрүн элге жана Мекенге кызмат кылууга арнап, ички иштер органдарындагы эмгек жолун 2006-жылы милиционер болуп баштаган. Кызмат өтөгөн жылдары кесиптик жактан өсүп, ички иштер органдарындагы ар кыл кызматтарды аркалаган.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктап, алган билимин жана тажрыйбасын мыйзамдуулукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун коргоого арнаган.

Кызматтык ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын бөлүктөрүндө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө жооптуу кызматтарды аркалаган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын тергөө тармагына арнап, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматында улук тергөөчү болуп эмгектенип келген.

Азамат Беккулиевич кызматтык милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылып, берген антына өмүрүнүн акырына чейин бекем турган. Кесипкөйлүгү, тактыгы, сабырдуулугу жана адамгерчилиги менен айырмаланып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Ал кызматты жөн гана кесип катары эмес, эл алдындагы жоопкерчилик катары кабыл алып, ар бир тапшырманы ак ниет жана так аткарууга умтулган. Кандай гана татаал жагдай болбосун, мыйзамдуулукту, чындыкты жана адилеттүүлүктү туу тутуп, өз милдетин абийир менен аткарып келген.

Аны менен бирге кызмат өтөгөн кесиптештери Азамат Беккулиевичти жөнөкөйлүгү, токтоолугу, сөзүнө бекемдиги, кесипкөйлүгү жана адамга жылуу мамилеси менен айырмаланган мыкты кызматкер катары эскеришет. Анын кесиптештерине көрсөткөн колдоосу, ак көңүлдүгү жана адамгерчилиги аны билгендердин эсинде түбөлүккө сакталат.
Азамат Беккулиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы, биринчи кезекте, анын үй-бүлөсү үчүн орду толгус жоготуу болду. Артында жубайы жана төрт баласы калды.

Ал үй-бүлөсү үчүн мээримдүү жолдош, балдары үчүн камкор ата, жакындары үчүн ишенимдүү адам эле. Үй-бүлөсүнө болгон камкордугу, балдарына берген тарбиясы жана аталык мээрими анын жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кырк төрт жашында өмүрү кыйылган Азамат Беккулиевичтин артында элине кылган ак эмгеги, кесиптештерине жасаган жакшылыгы, үй-бүлөсүнө болгон камкордугу жана жакшы аты калды.
Ал өз өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнап, кызматтык милдетин аткарып жүрүп дүйнөдөн кайтты. Бул анын кесибине, берген антына жана кызматтык милдетине болгон берилгендигинин айкын далили болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, өздүк курамы жана ИИМдин Ардагерлер кеңеши милициянын капитаны Шералиев Азамат Беккулиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жубайына, төрт баласына, ата-энесине, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Арбагыңыз ыраазы болсун, Азамат Беккулиевич.
Жаркын элесиңиз түбөлүккө жүрөктөрдө жашайт.

15/09/2026

📚✨ Жаңы окуу жылына — жакшы маанай менен!

Ысык-Көл РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаңы окуу жылынын алдында мектеп окуучуларын көңүл сыртында калтырбай, аларга керектүү окуу куралдарын белек кылышты. 🎒📖

Бул иш-чаранын негизги максаты — балдарга колдоо көрсөтүп, жаңы окуу жылын жагымдуу маанайда баштоого түрткү берүү.

Ар бир балага камкордук, жылуу сөз жана колдоо абдан маанилүү. 🤝❤️

Балдарыбыздын келечеги кең, билимге болгон кызыгуусу күчтүү болсун!
Жаңы окуу жылыңыздар ийгиликтүү болсун! 🏫🌟

Ак-Суу районунда «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» ата-энелер декадасынын алкагында профилактикалык иш-чаралар өтүүдөАк-С...
10/09/2026

Ак-Суу районунда «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» ата-энелер декадасынын алкагында профилактикалык иш-чаралар өтүүдө

Ак-Суу районунда 2026-жылдын 2-сентябрынан 14-сентябрына чейин «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аталышындагы ата-энелер декадасынын алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Иш-чаралар Ак-Суу РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ата-энелер жана жаш өспүрүмдөр арасында уюштурулууда.

🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү өз ара түшүнүшүү;
🔹 балдарга туура тарбия берүү;
🔹 жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
🔹 зомбулук жана буллингдин алдын алуу;
🔹 укук бузууларга жол бербөө;
🔹 интернет мейкиндигиндеги коопсуздук маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ата-энелер үчүн семинар-тренингдер уюштурулуп, анда бала тарбиялоодогу жоопкерчилик жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланууда. Катышуучуларга тематикалык видеороликтер көрсөтүлүп, алардын мазмуну боюнча пикир алмашуулар өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары, ата-энелер жана өспүрүмдөр менен жекече профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлүп, мектептеги тартипти сактоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө.

👮‍♂️ Ак-Суу РИИБи ата-энелер, билим берүү мекемелери жана коомчулук менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу жана балдар үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

06/09/2026
🔥 КӨК БӨРҮНҮН КЫЗУУ ФИНАЛЫ — ЧОҢ ЭКРАНДАРДА, АКЫСЫЗ!Эртең, 6-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк...
05/09/2026

🔥 КӨК БӨРҮНҮН КЫЗУУ ФИНАЛЫ — ЧОҢ ЭКРАНДАРДА, АКЫСЫЗ!

Эртең, 6-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча финалдык беттеш өтөт!

🔥 Ат майданындагы кызуу оюнду жерине бара албаган күйөрмандар түз эфирден көрө алышат.

📍 Финалдык оюн Чоң-Сары-Ой айылындагы «Чайка Резорт» эс алуу жайынын аянтында, «Газпром» спорт аренасында жана «Дордой Номад» этно-комплексинде LED-экрандар аркылуу түз эфирде жана акысыз көрсөтүлөт.

🐎 Көк бөрү — бул жөн гана оюн эмес. Бул — тарых, намыс, күч жана улуттук рух!

Финалды өткөрүп жибербеңиз!

02/09/2026
02/09/2026

2026-жылдын 2-сентябрында «Facebook» социалдык тармагындагы «Dennis Hsu» аккаунтунун колдонуучусу өзүнүн баракчасына такси айдоочусу тарабынан алдангандыгы тууралуу маалымат жарыялаган.

Аталган факты Каракол ШИИБдин МЭЖине катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында окуяга тиешеси бар жаранды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери социалдык тармакта жарыяланган сүрөттөгү автоунааны аныкташкан. Анын айдоочусу 1992-жылы туулган, Каракол шаарынын тургуну Т.Б. экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жарандын такси кызматын көрсөтүүгө тиешелүү уруксат берүүчү документи — лицензиясы жок иш жүргүзгөндүгү аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 284-беренесинин (Ишкердикти лицензиясыз жүзөгө ашыруу) негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле автоунаа айып короого киргизилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Address

Кутманалиева 46 А
Karakol
722200

Telephone

+996500101648

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УВД Иссык-Куль posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to УВД Иссык-Куль:

Shortcuts

Share