Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү

Directions Website

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

04/09/2026

Биздин баракчаларга катталууга чакырабызFacebook - https://www.fa...

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Жалал-Абад облусу тушоо кесүү жөрөлгөсүн өткөрдүБүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ал...
03/09/2026

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Жалал-Абад облусу тушоо кесүү жөрөлгөсүн өткөрдү

Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда уюштурулган этномаданий иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусу кыргыз элинин байыркы каада-салттарынын бири болгон тушоо кесүү жөрөлгөсүн өткөрдү.

Жөрөлгөдө кыргыз элинин наристеге байланыштуу каада-салттары, улуттук баалуулуктары жана ата-бабадан мурас болуп келген үрп-адаттары кеңири көрсөтүлдү.

Иш-чарага келген меймандар жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары кыргыз элинин каада-салттары менен жакындан таанышып, улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүнө күбө болушту.

“Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланатСузак районундагы С. Атабеков айыл аймагы менен Өзбекстан Республика...
20/08/2026

“Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат

Сузак районундагы С. Атабеков айыл аймагы менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Ханабад шаарына чектеш жайгашкан “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат.

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө бекеттин учурдагы инфраструктурасы, жарандарга жана транспорт каражаттарына түзүлгөн шарттар, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өткөрүү процессин жакшыртуу маселелери каралды.

Мында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекетинин инфраструктурасын жаңылоо жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле жарандар менен транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз жана ыкчам өтүшүн камсыз кылуу маанилүү экени белгиленди.

Таанышуу учурунда көзөмөл өткөрүү бекетин реконструкциялоо жана анын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкү...
19/08/2026

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 2026-жылдын 21-августунда саат 10:00дөн 12:00гө чейин Тогуз-Торо районунда көчмө жеке кабыл алуу өткөрөт.

📍 Дареги: Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көчөсү-№53.

Ак-Терек каналындагы тоннелди казуу иштери аяктап калдыБүгүн, 18-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө т...
18/08/2026

Ак-Терек каналындагы тоннелди казуу иштери аяктап калды

Бүгүн, 18-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен жеринен таанышты.

Иш сапар Ак-Терек каналынан башталды. Объект “Кыргыз Республикасында 2017–2026-жылдардагы ирригацияны өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын алкагында курулууда. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды, тоннелдин узундугу 2,44 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы сугат аянты 4408 гектарды түзөт.

Учурда тоннелдин 1980 метр жери казылып, 64 метр бөлүгү калды. Казуу иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Объектти 2026-жылдын IV кварталында бүткөрүү пландалууда. Канал ишке берилгенден кийин Жерге-Тал, Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл аймагынын жерлерин сугат суу менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

Андан соң кыдыруу “Нанай” чек ара өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Кара-Камыш айыл аймагындагы “Таза-Суу” долбоорунун жана Келпик насостук бекетинин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Мындан тышкары, Кадыркул Чекиров атындагы мектептин курулушунун жүрүшү жана Ак-Тоңду насостук бекетиндеги иштер менен таанышышты. Учурда эки насостук бекетте тең курулуш иштери уланууда. Ар бир объект пайдаланууга берилгенден кийин 100 гектардан ашык жер аянтын сугат суу менен камсыздалат.

Мында бардык тиешелүү жетекчилерге объектилердеги курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

12/08/2026

Токтогул шаарындагы эс алуу багында көп жылдык эмен дарактары зыянкечтерге каршы дарыланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин Токтогул шаарынын тургундары менен өткөн жолугушуусунда берилген протоколдук тапшырманын негизинде, бүгүн Токтогул шаарындагы А. Козубеков атындагы эс алуу багындагы көп жылдык эмен дарактарына зыянкечтерге каршы атайын химиялык дарылоо жүргүзүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана Токтогул шаардык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.

Иш-чара көп жылдык эмен дарактарын сактоо, эс алуу багынын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулду.

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы экологиялык абал боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдүКыргыз Республикасынын Президе...
12/08/2026

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы экологиялык абал боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасынын негизинде Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чангет-Сай айылындагы экологиялык абал боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын, Жалал-Абад облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чангет-Сай айылынын А. Нышанбаев көчөсүндөгү турак үйдө убактылуу негизде жашап жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары пайдаланган үйдөн чыккан саркынды суулар арыкка агызылып жатканы аныкталды.

Анын негизинде турак жайдын ээсине экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салынып, тиешелүү протокол түзүлдү. Ошондой эле саркынды сууларды агызуу системасын 3 күндүн ичинде талапка ылайык ирээтке келтирүү боюнча милдеттенме берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн айып пул салынып, мыйзам бузуу фактыларын толук жоюу жана аймакты мурдагы абалына келтирүү үчүн 10 күндүк мөөнөт белгиленди.

Учурда Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун өкүлдөрү тарабынан саркынды сууларды жоюу жана аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Барпы айыл аймагында Сафаровка–Балыкчы унаа жолунун курулушунда иштеген чет өлкөлүк жумушчулар жашап жаткан үйлөрдүн санитардык жана экологиялык абалы толугу менен текшерилип, мыйзам талаптарына жооп бербеген жайларды бошотуу жана көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Жалал-Абад облусу Ош жана Баткен облустарынын “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алдыБүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнд...
06/08/2026

Жалал-Абад облусу Ош жана Баткен облустарынын “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алды

Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Ош жана Баткен облустарынын “Биримдик кербени” Жалал-Абад облусуна келип жетти.

Кербен Манас шаарынын кире бериш аркасынан салтанаттуу тосуп алынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдери, Манас шаарынын мэри, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук жана жаштар катышты.

Ош жана Баткен облустарынын бириккен кербенин Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев баштап келди.

Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев “Биримдик кербени” көчмөн элдин миң жылдык тарыхын, бай маданиятын, каада-салтын жана улуттук нарк-насилин даңазалаган өзгөчө долбоор экенин белгиледи.

Ошондой эле ал көөкөрлөргө куюлган ыйык булактардын суулары тынчтыктын, тазалыктын, ынтымактын жана жаркын келечекке болгон ишенимдин символу экенин белгилеп, кербендин катышуучуларына ак жол каалады.

Бекитилген маршрутка ылайык, Жалал-Абад облусунда бириккен кербен Сузак району аркылуу Тогуз-Торо районуна жолун улап, андан ары Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын өкүлдөрү менен биригип, Балыкчы шаарында жалпы республикалык “Биримдик кербенине” кошулат.

Андан соң кербен “Кырчын” жайлоосуна жетип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын маанилүү бөлүгү болот.

Бүгүнкү иш-чара улуттук маданиятты, элдин ынтымагын жана достугун даңазалаган концерттик программа менен коштолду.

Address

Ю. Абдырахманов/6
Jalal-Abad

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share