17/01/2025
✅Жалал-Абад ОИИБде 2024-жылдын жыйынтыгы чыгарылды.
✅Бүгүн,17-январь күнү Жалал-Абад ОИИБдин 2024-жылдын 12 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме өттү. Кеӊешмеге Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары, бөлүм кызматтарынын башчылары жана ШРИИБдин жетекчилери катышты.
✅Жыйындын башында 2024-жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин так аткарган, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, кесиптери боюнча мыктылар жана Ардагерлер кеңештери сыйланды.
✅2024-жылдын жыйынтыгы менен 1-орунду Жалал-Абад ОИИБдин, 2-орун Аксы РИИБдин, 3-орун Тогуз-Торо РИИБдин Ардагерлер кеңештери татыктуу болушту.
✅Ошондой эле “Мыкты ички иштер бөлүмү” боюнча 1-орун Сузак, 2-орун Токтогул, 3-орун Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрү ээледи.
✅Нурбек Абдиев кесиби боюнча мыктыларды жана Ардагерлер кеңештерин куттуктап, вымпел, дипломдорду жана кызматкерлерге чет өлкөгө эс алууга жолдомо тапшырды. Ошондой эле мындан ары да элибиз үчүн ар дайым талыкпастан, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.
✅Коюлган негизги эки маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШРИИБдин башчылары баяндама беришип, аткарылган иштер, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштери каралды.
✅Ошону менен катар жалпы кылмыштулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, синтетикалык баӊгизатка каршы күрөшүүнү, диний-экстремизмге каршы аракеттерди күчөтүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир нече талаптарды койду.
✅Ал эми ыкчам кеңешменин соңунда бир катар жетекчилер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жеткиликтүү деңгээлде аткарбагандыктары үчүн тартиптик жазаларды алышты.
✍️Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы