Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Jalal-Abad
  • Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
Directions Website

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Содействие трудоустройству

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү тескемесинин негизинде «Жаштар т...
13/08/2026

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү тескемесинин негизинде «Жаштар такшалмасы» долбоорунун алкагында Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө каттоодо турган аз камсыз болгон 14 жумушсуз кыз-келин «Тигүүчү» кесибине акысыз кыска мөөнөттүү окууга тартылып, окутуу Манас шаарындагы #75-Кесиптик лицейинин окутуучулары тарабынан ишке ашырылды.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде каржыланып, окуу материалдары, устаттардын эмгек акысы жана башка чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланды. Ошондой эле катышуучуларга 3 ай аралыгында стипендия төлөнүп берилди.

Кесипке ээ болгон катышуучулар мындан ары шаардагы иш берүүчүлөргө такшалмага жөнөтүлөт. Такшалма учурунда ар бир катышуучуга иш көндүмдөрүн өркүндөтүп, тажрыйба топтогонго жана иш берүүчүгө жумушка орношконго чейинки мезгилде ай сайын 8 600 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Бул каражат да Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Окутуунун жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр иш тажрыйбасын арттыруу жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча тиешелүү адистердин тренингдеринен өтүшөт.

Жыл башынан бери «Жаштар такшалмасы» долбоорунун алкагында 67 жумушсуз жаран акысыз кесиптик окутууга тартылды.

13/08/2026

Россиядагы минраттарга жаңы мыйзамдар боюнча түшүнүк.

13/08/2026
10/08/2026

3 жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулуна Июль айынын ичинде арыз тапшырган жарандардын «Бала ырысы» жөлөкпулу банктык карта эсебине которулду.
Ал эми «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыз бере элек жарандар да кайрылып, документтерин тапшырып койсоңуздар болот.

Жөлөкпул алуу үчүн:
* эненин паспорту;
* баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
* банктык карта/эсеп талап кылынат.
Маанилүү: Баланын жашаган жери боюнча каттоосу ата-энесинин каттоосу менен туура келиши керек.
Ошондой эле Москва шаарында төрөлгөн балдар үчүн да «Бала ырысы» жөлөкпулуна кайрылуулардв кабыл алууда. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Манас шаардык ...
04/08/2026

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына иш сапары менен келип, майыптыгы бар жаран менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө көйгөйлөрүн угуп, сунуш-пикирлери менен таанышты. 1-топтогу майыптыгы боюнча коляскага кезекке турган жаранга, майыптар коляскасын салтанаттуу түрдө тапшырды.

📢 КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!🇷🇺 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүүдө жаңы талаптар күчүнө кирди.Кыргыз Респуб...
22/07/2026

📢 КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

🇷🇺 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүүдө жаңы талаптар күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясына барар алдында төмөнкү талаптарды аткаруусу зарыл:

✅ «RuID» мобилдик тиркемесин App Store же Google Play аркылуу жүктөп алуу;

✅ Паспорттук маалыматтар менен каттоодон өтүү;

✅ Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, бара турган аймакты көрсөтүү;

✅ Жеке кабинетке сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;

✅ Кирүүгө арыз берип, чек арадан көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу.

📌 Маанилүү:
🔹 Арыз чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат мурда берилүүгө тийиш.
🔹 Өзгөчө кырдаалдарда (жакын тууганынын оор абалы же каза болушу) арызды кеминде 4 саат мурда тапшырууга болот.
🔹 Россия Федерациясына кирүүдө чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө биометрикалык идентификациядан (сүрөткө түшүү жана манжа изин тапшыруу) өтүшөт.

🚛 Эл аралык автомобиль ташууларын жүргүзгөн кесипкөй айдоочулар үчүн да убактылуу жүрүү мөөнөтүн 180 суткага чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

📍 Урматтуу жарандар!
Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгү, билим алуу же башка максат менен барууну пландап жатсаңыздар, жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, «RuID» тиркемеси аркылуу өз убагында каттоодон өтүңүздөр.

ℹ️ Маалыматтык эскертүү: Бул маалымат жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана чек арадан өтүүдө жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алуу максатында жарыяланды.

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

#Россия #Маалымат #Кыргызстан #Миграция #МанасШаары #ЭмгекСоциалдыкКамсыздоо

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясында КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде Кыргы...
16/07/2026

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясында КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу зарыл:

1. App Store же Google Play аркылуу «RuID» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
2. Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
3. Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
4. Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
5. Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө кеминде 4 саат калганда тапшырууга жол берилет.

Мындан тышкары, Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациядан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Россия Федерациясында убактылуу жүрүү мөөнөтү узартылганы белгиленет.

Эгерде алар Россия Федерациясына кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.

Министрлик Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу максатында барууну пландаштырган жарандарга жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, «RuID» тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүнү сунуштайт. Бул чек арадан өтүүдө мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

МАНАС ШААРЫНДА «ӨСПҮРҮМ ТҮН» ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РЕЙДИ ӨТКӨРҮЛДҮ14-июлдан 15-июлга караган түнү Манас шаарында «Өспүрүм түн»...
15/07/2026

МАНАС ШААРЫНДА «ӨСПҮРҮМ ТҮН» ПРОФИЛАКТИКАЛЫК РЕЙДИ ӨТКӨРҮЛДҮ

14-июлдан 15-июлга караган түнү Манас шаарында «Өспүрүм түн» аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү.

Рейд Манас шаарынын мэриясы, Манас шаардык ички иштер бөлүмү, Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, алардын түнкү убакта коомдук жайларда, көңүл ачуучу жайларда жана компьютердик оюн-зоок жайларында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз жүрүүсүнүн алдын алуу, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болду.

Рейддин жыйынтыгында 36 өспүрүм Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, алардын ата-энелери менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 36 ата-энеге Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Урматтуу ата-энелер!
Балдарыңыздардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, алардын жүргөн жерин жана бош убактысын көзөмөлдөп туруңуздар. Балдардын коопсуздугу – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз.

Турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн эс алуу саякаты уюштурулдуМанас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция б...
12/07/2026

Турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн эс алуу саякаты уюштурулду

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүндө каттоодо турган турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн эс алуу саякаты уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар курорттук аймакта эс алып, ар кандай оюн-зоокторго катышып, көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Ошондой эле аларга белектер тапшырылып, «Байчечекей» балмуздактары тартууланды.

Иш-чара Эл аралык толеранттуулук фонду менен биргеликте уюштурулуп, балдардын көңүлүн көтөрүүгө, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана жагымдуу маанай тартуулоого багытталды.

Мындай иш-чаралар турмуштук оор кырдаалдагы балдарды колдоого, алардын социалдык жактан өнүгүүсүнө жана коомго болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо Жана миграция башкармалыгында 2026-жылдын 1-июлунан баштап «Бала ырысы» жөлөкпу...
10/07/2026

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо Жана миграция башкармалыгында 2026-жылдын 1-июлунан баштап «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыздар онлайн жана оффлайн режиминде кабыл алынууда. Калктын массалык кезек күтүүсүнүн алдын алуу максатында, башкармалыкта арыздарды түз кабыл алуу үчүн 10 кызматкер, келген жарандарга консультацияларды берүү үчүн 6 кызматкер бөлүнгөн. Андан сырткары “ Бала ырысы” жөлөкпулуна керектүү документтер жөнүндө туура маалымат берип жана жарандарды жеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жөлөкпулга тапшырууга көмөк көрсөтүү үчүн Калкты тейлөө борборуна 4 кызматкер дайындалды.

Address

Улица Ж. Бакиева 38
Jalal-Abad
720900

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share