Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Isfana
  • Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматы
Directions Website

Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматы, Government Building, Кыргызстан, Isfana.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгы тар...
28/05/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгы тарабынан, башкармалыктын 30.01.2026-жыл 6 сандуу буйругу менен бекитилген 2026-жылга карата "Улуттук дем-Дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын II-пунктунун алкагында ачык эшик күнү уюштурулуп өткөрүлдү. Ачык эшик күнүнө райондун жарандарынан тышкары Раззаков шаар мэриясынын аймагындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүлөрү келишти, ачык эшик күнүнүн катышуучуларына МСКнын Лейлек району боюнча башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана салыктар боюнча толук маалыматтар берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 3-мартындагы № 01-12/34 жан...
16/03/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 3-мартындагы № 01-12/34 жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Асылбек Женишбектин 2026-жылдын 5-мартындагы №2/55 сандуу, көрктөндүрүүнүн үч айлыгын уюштуруу боюнча буйруктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгы, башкармалыктын аймагында айлана-чөйрөнү тазалоо, иретке келтирүү, таштандылардан арылтуу, көчөттөрдү олтургузуу, көрктөндүрүү боюнча ишембиликтерди аткарууда. Ошондой эле башкармалыкка атайын бөлүнүп берилген, шаардын аймагындагы участокторуна да такай ишембиликтерди аткарууда. "Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга",-деген девиз менен Бүгүн да башкармалыктын айлана-чөйрөсүн тазалоо, актоо, таштандыларды чыгаруу жана шаарыбыздын кире беришинен бөлүнүп берилген участокко актоо, тазалоо иштери аткарылды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкарм...
08/03/2026

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын ажарлуу айымдары!

Сиздерди эрте жаздын алды менен көктөм мезгилине дал келген 8-март аялдардын Эл аралык күнү майрамыңыздар менен башкармалыктын мырзаларынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Темирдей бекем ден-соолук, суудай узун өмүр, түгөнгүс бакыт-таалай каалайбыз. Ишиниздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак ырашкердик, бакубат жашоо, береке тилейбиз. Ар бир күнүңүздөр кубанычка, жылмаюуга жана жакшылыктарга бөлөнсүн, дайыма үйдүн куту болуп коломтоңуздардын оту өчпөсүн.

Дайыма жамааттын көркү, сулуулугу жана деми-күчү болуп жүрө бериңиздер. Майрамыңыздар кут болсун!

2025-жылдын жыйынтыктарынын негизинде, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук "Ата-Журт Лейлек" г...
02/02/2026

2025-жылдын жыйынтыктарынын негизинде, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук "Ата-Журт Лейлек" гезитинин тандоосу менен "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ",- деп КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ ТАБЫЛДЫ. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгы 2025-жыл үчүн салыктар боюнча берилген пландын аткарылышында бир топ жетишкендиктерди камсыз кылды. 2025-жыл үчүн 421 884,1 миң сом план жеткирилип 439 746,7 миң сом жыйналып, 2025-жыл үчүн план 104,2 %га же болбосо 17 862, миң сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылга салыштырмалуу 68 186,6 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 118,4 %ды түздү. Анын ичинен республикалык бюджетке 227 732,5 миң сом план жеткирилип, 229 802,1 миң сом жыйналып, план 100,9 % же 2069,6 миң сомго ашыгы менен жыйналды. 2024-жылга салыштырмалуу 69524,4 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 143,4 %ды түздү. Жергиликтүү бюджет боюнча 194 151,6 миң сом план жеткирилип, 209 944,6 миң сом жыйналып план 108,4 % же 15793 миң сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1338,1 миң сомго аз чогултулуп, өсүү темпи 99,4 % түздү. Өсүү темпинин төмөндөшүнүн себеби, 2025-жылы киреше салыгынын 10 % (19527,9 миң) сом республикалык бюджетке өткөн. Башкармалыктын жетекчили тарабынан ар бир салык инспекторуна милдеттер так коюлуп, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин так жана ак ниеттүүлүк менен аткарууда. Мамлекеттин бюджетин толтуруу, көмүскө экономика менен күрөшүүдө ар бир кызматкердин эмгеги жогору экендиги жетекчилик тарабынан дайыма белгиленүүдө. Ар бир салык кызматкери мындан ары да алдына коюлган милдеттенмелерин Мыйзам чегинде иш алып баруусун улантат.

"Балапандай балалык, Ниетинде адалдык, Таттуу жана суйкумдуу,Ал кай кез дегенде,Ойлонбостон айтамын-Суйкумдуу кез балалы...
31/12/2025

"Балапандай балалык, Ниетинде адалдык,
Таттуу жана суйкумдуу,
Ал кай кез дегенде,
Ойлонбостон айтамын-Суйкумдуу кез балалык.
Балдарыма кошулуп, озум дагы баламын,
ызаланса кайгырса кыштай муздап каламын,
Жылмайганда Кун сымал,
Жылууланып аламын.
Бардык алтын балдардын,
Жаны жылын куттуктап,
Айтып калам саламым,(автор:Кенжебаев С.У.)- демекчи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жемуратов Арыстанбек Имметович жана профсоюз уюму тарабынан башкармалыкта эмгектенген кызматкерлердин балдарына, райондук маданият кызматкерлеринин чакан концерттик программасы менен жаны жылдык маанай тартуулашты. Балдарга жаны-жылдык белектерди беришти.

31/12/2025

"Балапандай балалык, Ниетинде адалдык,
Таттуу жана суйкумдуу,
Ал кай кез дегенде,
Ойлонбостон айтамын-Суйкумдуу кез балалык.
Балдарыма кошулуп, озум дагы баламын,
ызаланса кайгырса кыштай муздап каламын,
Жылмайганда Кун сымал,
Жылууланып аламын.
Бардык алтын балдардын,
Жаны жылын куттуктап,
Айтып калам саламым,(автор:Кенжебаев С.У.)- демекчи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жемуратов Арыстанбек Имметович жана профсоюз уюму тарабынан башкармалыкта эмгектенген кызматкерлердин балдарына, райондук маданият кызматкерлеринин чакан концерттик программасы менен жаны жылдык маанай тартуулашты. Балдарга жаны-жылдык белектерди беришти.

"Дуба берсе карылар, калганы баары табылаар,  дубасын алсан карынын ырыскы Кут агылаар",- демекчи 2026-жылдын жаны жылды...
27/12/2025

"Дуба берсе карылар, калганы баары табылаар, дубасын алсан карынын ырыскы Кут агылаар",- демекчи 2026-жылдын жаны жылдык майрамга карата, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Салык Кызматында узурлуу эмгектенип, азыркы кезде ардактуу эс алуудагы ардагерлерибизди куттуктап, башкармалыктын жетекчиси Жемуратов Арыстанбек Имметович, профсоюз уюму менен бирдикте коллективдин атынан куттуктап келишти. Ардактуу эс алуудагы Ташов Махмуд, Исаев Жетимиш, Маматкулов Уматкул агаларыбызга Ден соолугу чын, омурлору узуун болушун каалайбыз.

Бүгүн 2025-жылдын 24-декабрь күнү Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Лей...
24/12/2025

Бүгүн 2025-жылдын 24-декабрь күнү Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгы жаны кирип Келе жаткан 2026-жыл майрамын утурлай, Раззаков шаарындагы Кулунчак ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланган балдарга, МСКнын Лейлек району боюнча башкармалыгынын башчысы- Жемуратов Арыстанбек Имметович коллективдин атынан реабилитациялык борбордо тарбияланган балдарга майрамдык маанай тартуулоону колго алып, аларга оздорунун жаны-жылдык белектерин тартуулашты.

Address

Кыргызстан
Isfana
720400

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share