29/08/2026
Урматтуу Т.Кулатов айыл аймагынын тургундары!
Эгемендүүлүк майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат Ошондуктан Сиздерден коомдук тартиптин нормаларын сактоону,
бири-бириниздерге карата өз ара урмат-сый менен мамиле кылууну жана коомдук жайларда сөгүнгөн
сөздөрдү колдонуудан алыс болууну суранабыз.
Коомдук тартипти бузгандыгы жана майда бейбаштык жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоопкерчилик
каралгандыгын билдиребиз.
Бишкекте чыр чыгарган чет өлкөлүк 20 жаран өлкөдөн чыгарылат. Октябрь районунда чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшүп, милиция окуяга тиешеси бар 20 адамды аныктап, кармады.
Аларга карата укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аларды Кыргызстандан чыгаруу (депортациялоо) маселеси каралууда.
Милиция коомдук тартипти сактоого жана коомдук жайларда чыр-чатак чыгарбоого чакырды. Кырдаал милициянын көзөмөлүндө, абал туруктуу.