The Nomad Museum

Call Directions Website Contact the organization

The Nomad Museum Центр Кочевой Цивилизации им. Курманжан Датки

Иссык-Куль Центр кочевой цивилизации им.Курманжан Датки находится в с.Чон-Сары-Ой Иссык-Кульского района.

16/08/2026

Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маданий жайларынын бири болуп конокторду тосуп алууга даярданууда.
Оюндардын алкагында биздин борбордо жаңы музейдик экспозициялар сунушталып, атайын тандалып алынган сүрөт өнөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөсү жана ачык асман алдындагы Скульптуралар галереясынын салтанаттуу ачылыш аземи болот.
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен кызматташтыкта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү окумуштуулар менен эксперттердин катышуусунда эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.
Бардык иш-чаралар көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын сактоого, даңазалоого жана кеңири жайылтууга багытталган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык катышуучуларын жана конокторун күтөбүз! Кош келиңиздер!

*********
Центр кочевой цивилизации имени Курманжан Датки готовится к встрече гостей в качестве одной из культурных локаций VI Всемирных игр кочевников.
В рамках Игр будут представлены новые музейные экспозиции, состоится торжественное открытие выставки специально отобранных произведений живописи и Галереи скульптур под открытым небом.
В сотрудничестве с Министерством культуры, информации и молодежной политики КР и Министерством науки, высшего образования и инноваций КР пройдет международная научная конференция с участием ведущих ученых и экспертов из разных стран.
Все мероприятия направлены на сохранение, популяризацию и продвижение истории, культурного наследия и духовных ценностей кочевой цивилизации.
Ждем участников и гостей VI Всемирных игр кочевников в нашем Центре кочевой цивилизации имени Курманжан Датки!

*********
The Kurmanjan Datka Center of Nomadic Civilization is preparing to welcome visitors as one of the cultural venues of the 6th World Nomad Games.
As part of the Games, the Center will present new museum exhibitions, officially open a special exhibition of carefully selected paintings, and inaugurate its Open-Air Sculpture Gallery.
In cooperation with the Ministry of Culture, Information and Youth Policy of the Kyrgyz Republic and the Ministry of Science, Higher Education and Innovation of the Kyrgyz Republic, the Center will host an international scientific conference bringing together leading scholars and experts from around the world.
All events are dedicated to preserving, promoting, and celebrating the history, cultural heritage, and spiritual values of nomadic civilization.
Welcome to the Kurmanjan Datka Nomadic CivilizationCenter!

Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун алкагында «Музейдик сувенирлерди өнүктүрүү жана маданий мурасты заманбап искусство аркы...
10/08/2026

Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун алкагында «Музейдик сувенирлерди өнүктүрүү жана маданий мурасты заманбап искусство аркылуу жаңыча интерпретациялоо» темасында окутуучу семинар өткөрүлөт.

Семинар музей адистерин, сүрөтчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү бириктирип, жаңы чыгармачыл идеяларды жана практикалык тажрыйбаларды өнүктүрүүгө багытталат.

САКТАЙБЫЗ • ӨНҮКТҮРӨБҮЗ • МУУНДАН МУУНГА ӨТКӨРӨБҮЗ

21/07/2026
«Устат–шакирт» программасынын алкагында уюштурулган Жайкы арт-резиденциянын эң жаркын күндөрүнүн бири музыка, сахна иску...
21/07/2026

«Устат–шакирт» программасынын алкагында уюштурулган Жайкы арт-резиденциянын эң жаркын күндөрүнүн бири музыка, сахна искусствосу жана чыгармачылыкка арналды. Катышуучулар музей экспозициялары аркылуу кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышып, андан соң мазмундуу билим берүү программасына катышышты.

Музейде жаш аткаруучулардын концерттик көрсөтүүлөрү, актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстар, комуз жана ооз комузда ойноону үйрөтүү сабактары, ошондой эле тажрыйбалуу устаттардын жетекчилиги астында интерактивдүү чыгармачылык иш-чаралар өткөрүлдү. Музейдин ичи улуттук музыканын жаңырыгына, чыгармачылык демге жана жылуу баарлашууга бөлөндү.

Бул күн катышуучуларга жаңы чыгармачылык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө гана эмес, улуттук салттарды тереңирээк түшүнүүгө, муундардын байланышын сезүүгө жана музейди маданий мурасты сактоо менен кийинки муундарга жеткирүүчү жандуу маданий мейкиндик катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.

🪇🪇🪇🪇
Одним из самых ярких событий Летней арт-резиденции в рамках программы «Устат–шакирт» стал день, посвященный музыке, сценическому искусству и творчеству. Участники познакомились с культурным наследием кыргызского народа через музейные экспозиции, а затем приняли участие в насыщенной образовательной программе.

В музее состоялись выступления молодых исполнителей, мастер-классы по актерскому мастерству, обучению игре на комузе и ооз-комузе, а также интерактивные творческие занятия под руководством опытных наставников. Музей наполнился живой музыкой, вдохновением и радостью общения.

Этот день позволил участникам не только получить новые творческие навыки, но и глубже понять национальные традиции, почувствовать связь поколений и увидеть музей как живое пространство сохранения и передачи культурного наследия.

Центр кочевой цивилизации имени Курманжан Датки с большим удовольствием принимал участников Международного кинофестиваля...
17/07/2026

Центр кочевой цивилизации имени Курманжан Датки с большим удовольствием принимал участников Международного кинофестиваля стран — участниц Шанхайской организации сотрудничества (ШОС), который проходит на Иссык-Куле с 16 по 19 июля.
Для почетных гостей была организована экскурсия по музейным экспозициям, знакомящим с историей, культурой и богатым наследием кочевой цивилизации. Участники фестиваля проявили большой интерес к уникальным музейным коллекциям, традициям кыргызского народа и современным инициативам Центра по сохранению и популяризации культурного наследия.
Подобные встречи способствуют укреплению международного культурного диалога, развитию гуманитарного сотрудничества и открывают новые возможности для взаимодействия представителей культуры, искусства и музейного сообщества стран ШОС.
Искренне благодарим участников фестиваля за визит и желаем им ярких впечатлений, успешной работы и вдохновения на кыргызской земле!

Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда «Негиздөөчүлөр музейи» көргөзмөсү ачылды.Бүгүн Курманжан Датка ат...
11/07/2026

Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда «Негиздөөчүлөр музейи» көргөзмөсү ачылды.
Бүгүн Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгына арналган «Негиздөөчүлөр музейи» аттуу көчмө көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Демиан Вамплер, мамлекеттик органдардын, музей коомчулугунун жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Расмий ачылыштан кийин коноктор көргөзмө менен таанышып, Америка Кошмо Штаттарынын тарыхы, анын негиздөөчүлөрү жана эркиндик, мыйзамдын үстөмдүгү, жарандык жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктар тууралуу маалымат алышты.
📍 Көргөзмө 2026-жылдын 10-июлунан 7-августуна чейин Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда (Өрнөк айылы, Ысык-Көл облусу) көрүүчүлөр үчүн ачык болот.
Бардык каалоочуларды көргөзмөгө чакырабыз!

🇰🇬🤝🇺🇸 🇰🇬🤝🇺🇸 🇰🇬🤝🇺🇸
В Центре кочевой цивилизации имени Курманжан Датка открылась выставка «Музей отцов-основателей».
Сегодня в Центре кочевой цивилизации имени Курманжан Датка состоялось открытие передвижной выставки «Музей отцов-основателей», посвященной 250-летию основания Соединенных Штатов Америки.
В церемонии приняли участие пресс-секретарь Посольства США в Кыргызской Республике Демиан Вамплер, представители государственных органов, музейного сообщества и общественности.
После официального открытия для гостей была проведена экскурсия по экспозиции, рассказывающей об истории становления США, деятельности отцов-основателей и ценностях свободы, верховенства закона и гражданской ответственности.
📍 Выставка открыта для посетителей с 10 июля по 7 августа 2026 года в Центре кочевой цивилизации имени Курманжан Датка (с. Өрнөк, Иссык-Кульская область).

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы узак мөөнөттүү маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Австриянын Европа ...
28/06/2026

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы узак мөөнөттүү маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин долбоорунун алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна Австриянын өкүлчүлүктүү маданий делегациясы келди.
Делегациянын курамында Австриянын Тышкы иштер министрлигинин атайын маданий долбоорлор боюнча комиссары Симон Мраз, Венадагы Дүйнөлүк музейдин (Weltmuseum Wien) директору, доктор Клаудия Банц, музейдин Борбордук Азия коллекциясынын куратору, доктор Тобиас Мёрике жана жаш австриялык сүрөтчүлөр.
Коноктор Борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, биргелешкен көргөзмөлөрдү, илимий-изилдөө жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Бул сапар Вена шаарында өткөн Кыргызстандын музей жетекчилеринин жолугушуусунун уландысы болуп, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы маданий диалогду чыңдоодогу маанилүү кадам болду.
Эки тараптуу макулдашуулар өлкөбүздүн маданий мурасын эл аралык деңгээлде кеңири таанытууга жана эки өлкөнүн музейлеринин ортосундагы кесиптик кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

*********
Центр кочевой цивилизации имени Курманджан Датки посетила представительная культурная делегация Австрии в рамках проекта Федерального министерства европейских и международных дел Австрии, направленного на развитие долгосрочного культурного сотрудничества между нашими странами.
В состав делегации вошли комиссар по специальным культурным проектам МИД Австрии Симон Мраз, директор Всемирного музея Вены (Weltmuseum Wien) доктор Клаудия Банц, куратор центральноазиатской коллекции музея доктор Тобиас Мёрике, а также молодые австрийские художники.
Гости ознакомились с деятельностью Центра, обсудили перспективы совместных выставочных, научно-исследовательских и образовательных проектов, развитие музейного сотрудничества по популяризации культурного наследия Центральной Азии.
Визит стал продолжением встречи руководителей музеев Кыргызстана в Вене и важным шагом в укреплении культурного диалога между Кыргызстаном и Австрией. Достигнутые договоренности открывают новые возможности для профессионального сотрудничества между музеями двух стран.

2026-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин эки комитетинин көчмө жыйынынын алкагында депутаттар, Кыргыз Республикасынын Мин...
23/06/2026

2026-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин эки комитетинин көчмө жыйынынын алкагында депутаттар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборуна келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө Борбордун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык иштери менен таанышышты.

Address

Чон Сары Ой
Chon-Sary-Oy

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when The Nomad Museum posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to The Nomad Museum:

Shortcuts

Share