Билим берүү жана илим министрлиги

Call Directions Website Contact the organization

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги / Министерство просвещения Кыргызской Республики / Ministry of Education of the Kyrgyz Republic

Министерство просвещения Кыргызской Республики является центральным органом исполнительной власти, проводящим государственную политику и осуществляющим управление в области образования и государственный контроль за доступностью и качеством образования, обеспечением конституционного права граждан Кыргызской Республики на образование.

09/10/2026

БАЛА БАКЧАГА КАТТОО - САНАРИП ФОРМАТТА

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды “Балалык” balalyk.edu.gov.kg электрондук системасы аркылуу каттай аласыз.

Система каттоо процессин ачык-айкын жүргүзүүгө, адам факторуна байланыштуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

#ТазаКыргызстан #МенПараБербейм #МенПараАлбайм #ЧестныйКыргызстан #ЯНеДаюВзятку #ЯНеБеруВзятку

08/10/2026

ЕСЛИ ВИДИШЬ ТРАВЛЮ - НЕ ОСТАВАЙСЯ В СТОРОНЕ!

📱 Оскорбления, унижения, угрозы или распространение ложной информации о человеке в интернете - это не просто шутка. Такое отношение может причинить человеку боль, снизить его уверенность в себе и негативно повлиять на психологическое состояние.

🤝 Помоги человеку, который столкнулся с травлей, и не оставляй его одного.

🛡️ Важно защитить и поддержать его.

🛑 Не присоединяйся к травле и не распространяй оскорбительные сообщения.

👥 Расскажи об этом родителям, учителю или человеку, которому доверяешь.

Твоя поддержка важна!

08/10/2026

ШЫЛДЫҢДООНУ КӨРСӨҢ, УНЧУКПАЙ КАЛБА!

📱 Интернетте адамды мазактоо, кемсинтүү, коркутуу же ал тууралуу жалган маалымат таратуу - бул жөн гана тамаша эмес. Мындай мамиле адамдын көңүлүн оорутуп, өзүнө болгон ишенимине жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

🤝 Шылдыңдоого кабылган адамга жардам бер, аны жалгыз калтырба.

🛡️ Аны коргоо жана колдоо маанилүү.

🛑 Мазактоого кошулба жана кемсинткен билдирүүлөрдү таратпа.

👥 Бул тууралуу ата-энеңе, мугалимиңе же ишенген адамга билдир.

Сенин колдооң маанилүү!

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТКыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл ...
08/10/2026

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын аймагындагы курулушка жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон билим берүү объектилери аныкталып, тиешелүү сунуштар Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлүп келет.

2025-жылдын 3-сентябрында Агартуу министрлиги тарабынан авариялык абалдагы жана курулуш иштерин биринчи кезекте жүргүзүүгө муктаж болгон мектептердин тизмеси Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кароосуна сунушталган.

Аталган тизмеге Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Андархам айылындагы А. Бабаханов атындагы орто мектеп, Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш айылындагы «Жеңиш» жалпы билим берүү мектеби, ошондой эле Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Чет-Кызыл айылындагы С. Момунов атындагы орто мектеп киргизилген.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 23-сентябрында аталган билим берүү объектилерин 2027-жылга карата «Капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен каржылануучу объекттердин титулдук тизмесине киргизүү маселеси боюнча тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Жеңиш айылындагы «Жеңиш» жалпы билим берүү мектеби жана Чет-Кызыл айылындагы С. Момунов атындагы орто мектеп авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.

Учурда аталган билим берүү объектилеринин маселелери тиешелүү мамлекеттик органдардын компетенциясынын алкагында каралууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, республика боюнча авариялык абалдагы мектептерди этап-этабы менен жаңылоо жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектептерди куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Авариялык абалдагы мектептерди 2030-жылга чейин толугу менен жаңылоо пландаштырылууда.

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “ЖУСУП” ТАРЫХЫЙ-ДРАМАЛЫК ТАСМАСЫН КӨРҮШТҮ2026-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарындагы...
08/10/2026

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “ЖУСУП” ТАРЫХЫЙ-ДРАМАЛЫК ТАСМАСЫН КӨРҮШТҮ

2026-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери үчүн “Жусуп” тарыхый-драмалык тасмасынын атайын көрсөтүлүшү өттү. Тасманы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова да көрүштү.

Тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мамлекеттик ишмердигине арналган. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошол мезгилдеги маанилүү окуялар жана Жусуп Абдрахмановдун өлкөнүн келечеги үчүн жүргүзгөн ишмердиги көркөм чагылдырылган.

Көрсөтүүнүн соңунда тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу өтүп, катышуучулар тасманын жаралуу тарыхы жана тартуу процесси тууралуу пикир алышты. Ошондой эле чыгармачыл топко өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

***
СОТРУДНИКИ МИНИСТЕРСТВА ПРОСВЕЩЕНИЯ ПОСМОТРЕЛИ ИСТОРИКО-ДРАМАТИЧЕСКИЙ ФИЛЬМ «ЖУСУП»

7 октября 2026 года в кинотеатре «Ала-Тоо» города Бишкек состоялся специальный показ историко-драматического фильма «Жусуп» для сотрудников Министерства просвещения Кыргызской Республики. Фильм также посмотрели министр просвещения Догдуркүл Кендирбаева и министр науки, высшего образования и инноваций Гульзат Исаматова.

Фильм посвящен жизни и государственной деятельности выдающегося государственного деятеля Жусупа Абдрахманова, внесшего значительный вклад в становление и развитие кыргызской государственности. В картине художественно отражены история становления кыргызской государственности, важные события того времени, а также деятельность Жусупа Абдрахманова, направленная на развитие и будущее страны.

По завершении показа состоялась встреча с творческой группой фильма, в ходе которой участники обсудили историю создания картины и процесс съемок. Также участники задали творческой группе интересующие их вопросы.

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ИӨБ SMART-ED ДОЛБООРУНУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫН ТАЛКУУЛАДЫБүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Аг...
07/10/2026

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА ИӨБ SMART-ED ДОЛБООРУНУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) өкүлдөрү менен биргелешкен Smart-Ed долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өттү.

Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Руслан Татиков жана Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты.

Катышуучулар биргелешкен Smart-Ed долбоорунун учурдагы ишке ашырылышын карап чыгышты. Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо, окуу-методикалык комплекстерди жана мектепке чейинки билим берүү үчүн көп тилдүү өнүктүрүүчү материалдарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Долбоордун алкагында педагогдор үчүн 6 миң ноутбукту кабыл алуу жана аларды өлкөдөгү мектептерге бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 7–9-класстар үчүн окуу-методикалык комплекс иштелип чыгууда. Мектепке чейинки билим берүү үчүн санариптик жана басма форматтарда 300 көп тилдүү өнүктүрүүчү материалды даярдоо каралган.

Жолугушуу ИӨБдүн Кыргыз Республикасына болгон өлкөлүк программалык жана көзөмөлдөө миссиясынын алкагында өттү.

***

МИНИСТЕРСТВО ПРОСВЕЩЕНИЯ И ИБР ОБСУДИЛИ РЕАЛИЗАЦИЮ ПРОЕКТА SMART-ED

Сегодня, 7 октября, в Министерстве просвещения Кыргызской Республики состоялась встреча с представителями Исламского банка развития (ИБР), посвященная реализации совместного проекта Smart-Ed.

Во встрече приняли участие заместитель министра просвещения Надира Джусупбекова, руководитель Регионального хаба ИБР в Алматы Хаммад Зафар Хундал, представитель ИБР в Кыргызской Республике Руслан Татиков и директор Отдела реализации проекта Нурлан Атаканов.

Участники рассмотрели текущий статус реализации совместного проекта Smart-Ed. Обсудили вопросы обеспечения учителей ноутбуками, разработки учебно-методических комплексов и многоязычных развивающих материалов для дошкольного образования.

В рамках проекта идет приемка 6 тысяч ноутбуков для педагогов и подготовка плана их распределения по школам страны. Ведется работа над учебно-методическими комплексами для 7–9 классов. Для дошкольного образования предусмотрена разработка 300 многоязычных развивающих материалов в цифровом и печатном форматах.

Встреча прошла в рамках страновой программной и надзорной миссии ИБР в Кыргызскую Республику.

06/10/2026

🏫Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндөгү жалпы билим берүү орто мектебинин жана онлайн 16-мектеп, 3 бала бакчанын ачылышына катышты.

🔹МинКаб Төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын белгилеп, бүгүн биринчи класска кирген бала 12 жылдан кийин мектепти аяктай турганын, ошондо 2038-жыл болорун айтып, балдарды 2038-жылдагы дүйнөгө ишенимдүү даярдоо зарылдыгын баса белгиледи. «Биз бүгүн мектепти өзгөртүү менен – 12 жылдан кийинки Кыргызстандын өзгөрүүсүнө шарт түзүп жатабыз», – деди ал.

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН АЙМАГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖУМАЛЫГЫНА КАТЫШУУДАБүгүн, 6-октябрда, Филиппин Республикасынын ...
06/10/2026

КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН АЙМАГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖУМАЛЫГЫНА КАТЫШУУДА

Бүгүн, 6-октябрда, Филиппин Республикасынын Манила шаарында Азия өнүктүрүү банкы уюштурган “Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы – 2026” (Asia-Pacific Social Protection Week 2026) эл аралык иш-чара өтүүдө.

6–8-октябрь күндөрү өтө турган иш-чара мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, жеке сектордун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүн бириктирди.

Быйылкы иш-чара “Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек” (Empowered Lives, Resilient Futures) темасына арналган. Анда социалдык коргоо системаларынын туруктуулугу, адамдык капиталды өнүктүрүү, азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугу боюнча өлкөлөрдүн тажрыйбалары талкууланууда.

Кыргызстандан иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Мектептик тамактануу коалициясынын улуттук координатору Мирбек Рахматильдеев, ошондой эле мектептик тамактануу программасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр — БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай жана мектептик тамактануу боюнча программалык саясат боюнча адиси Аида Афтандилова катышууда.

Кыргызстанда мектептик тамактануу балдардын ден соолугуна, билим алуусуна жана өлкөнүн келечегине багытталган маанилүү социалдык инвестиция катары өнүктүрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечимине ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып 1–4-класстардын окуучуларынын мектептик тамактануусун каржылоо ченеми бир окуучуга күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин жогорулатылат. Бул чечим мектептик тамактануунун сапатын жана ар түрдүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

7-октябрда Мирбек Рахматильдеев “Жөн гана тамак эмес: туруктуу келечек үчүн мектептик тамактануу” (More than a Meal: School Feeding to Nourish Resilient Futures) панелдик сессиясында спикер катары Кыргызстандын мектептик тамактануу программасын өнүктүрүү жана туруктуу мамлекеттик системаны калыптандыруу боюнча тажрыйбасын тааныштырат.

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ АЧЫЛДЫБүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага...
06/10/2026

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана шаар тургундары катышты.

«Биз жол курабыз. Ишканаларды ачабыз. Ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Экономиканы өстүрөбүз. Бюджетти көбөйтөбүз. Бирок мунун баарын эртең ким улантат? Бүгүн ушул мектептердин партасында отурган балдарыбыз улантат!» – деген Адылбек Касымалиев мектепке жумшалган ар бир сом - Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция экенин белгиледи.

Ал Президенттин демилгеси менен акыркы жылдары билим берүүгө өзгөчө басым жасалып, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылганын, окуу китептеринин маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнүп, окуу китептеринин мазмуну өзгөрүп, күчөтүлүп жатканына токтолду.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын белгилеп, бүгүн биринчи класска кирген бала 12 жылдан кийин, 2038-жылы мектепти аяктай турганын айтып, балдарды ошол мезгилдеги дүйнөгө ишенимдүү даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Биз бүгүн мектепти өзгөртүү менен - 12 жылдан кийинки Кыргызстандын өзгөрүүсүнө шарт түзүп жатабыз», – деди ал.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев мектеп окуучуларына кайрылып, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско чыгарылганын, бир кезде алыстай сезилген космос бүгүн бизге жакындаганын белгиледи.

«Бүгүн Кыргызстандын спутниги космоско чыкса, эртең Кыргызстандын уул-кыздары космоско учушу керек! Мугалим билим берет. Бирок силердин ордуңарга эч ким окуп бере албайт!» – деп белгилеп, балдарды талыкпастан билим алууга үндөдү.

Ушул эле күнү республика боюнча жалпы 20 жаңы билим берүү объектиси ачылды. Анын ичинен 17си мектеп жана мектептердин жаңы корпустары болсо, үчөө бала бакча. Патрис Лумумба көчөсүндөгү мектептен тышкары дагы 19 объект онлайн форматта ачылды.

Бишкек шаары — 10 объект:

Ак-Ордо конушу, Теңир-Тоо көчөсү — 750 орундуу жаңы мектеп;

№32 мектеп — 250 орундуу жаңы корпус;

№42 мектеп — 385 орундуу жаңы корпус;

Кашка-Баш айылы — 750 орундуу жаңы мектеп;

№79 мектеп — 570 орундуу жаңы корпус;

Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 — 1200 орундуу жаңы мектеп;

Калыс-Ордо конушу, №86 мектеп — 940 орундуу жаңы корпус;

Өскөн-Ордо конушу — 750 орундуу жаңы мектеп;

Көк-Жар айылы — 750 орундуу жаңы мектеп;

Дордой конушу, №94 мектеп — 750 орундуу жаңы корпус.

Манас шаары — 3 объект:

Ак-Тилек конушу — 375 орундуу мектеп;

Достук айыл аймагы, №5 Б. Осмонов атындагы мектеп — 375 орундуу жаңы корпус;

Достук конушу, №21 Ж. Болотов атындагы мектеп — 375 орундуу жаңы корпус.

Ош шаары — 2 объект:

№33 С. Алымкулов атындагы мектеп — 312 орундуу жаңы корпус;

Сүрөттүү-Таш айылы, Кызыл-Кыштак айыл аймагы — 500 орундуу жаңы мектеп.

Жогоруда аталган үч шаардагы 15 мектептин курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен 2026-жылы башталып, 7–8 ай аралыгында заманбап шарттар менен курулуп бүттү. Объекттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Мектептерде заманбап инженердик жана конструктивдик чечимдер колдонулуп, жылытуу, желдетүү, суу жана электр системалары толук камсыздалган. Окуу класстарында ысык жана муздак суу, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган.

Ошондой эле мектептерде күн панелдери, лифттер, спорт залдары, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер, лабораториялык жана компьютердик класстар каралып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөн.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусу, Ноокен району — 2 объект:

Кудук-Сай айылы, Бүргөндү-Достук айыл аймагы — 50 орундуу бала бакча;

Сары-Сыя айылы, №22 Б. Абдрахманов атындагы мектеп — 275 орундуу жаңы мектеп.

Ысык-Көл облусу, Тоң району — 1 объект:

Кара-Талаа айылы — 275 орундуу А. Алаков атындагы мектеп.

Ош облусу, Алай району — 1 объект:

Жаңы-Алай айылы — 120 орундуу бала бакча.

Талас облусу, Айтматов району — 1 объект:

Чымкент айылы — 140 орундуу бала бакча.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮБүгүн, 6-октябрда, №1...
06/10/2026

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮШТҮ

Бүгүн, 6-октябрда, №18 кесиптик лицейде баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн окутуу өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген 94 кесиптик лицейдин директорлору катышууда.

Агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева кесиптик лицейлердин жетекчилерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн экономикасы үчүн эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоодо баштапкы кесиптик билим берүүнүн маанилүү ролун белгиледи.

Ал кесиптик лицейлер эмгек рыногунун заманбап талаптарына багыт алып, талап кылынган кесиптердин тизмесин кеңейтүүгө жана жаштарды окутууда жаңы ыкмаларды киргизүүгө тийиш экенин белгиледи. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү жумушка орношуусуна жана татыктуу эмгек акы алуусуна шарт түзгөн практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Окутуунун алкагында катышуучулар баштапкы кесиптик билим берүүнүн учурдагы абалын, негизги көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн, тобокелдиктерин жана өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Акулова кесиптик лицейлердин негизги милдеттерин тааныштырып, алардын катарында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын сапаттуу аткаруу жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптердин тизмесин түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү жана өркүндөтүү механизми сунушталды.

Иш-чаранын өзүнчө бөлүгү билим берүү уюмдарында укук бузуулардын, буллингдин жана рэкеттин алдын алуу, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу чараларына арналды. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Тилек Мурзаев баяндама жасады. Катышуучулар баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында окуучулардын укукка каршы жүрүм-турумун алдын алуу боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Окутуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамаларды жасашты. Атап айтканда, каржылык талдоо жана пландоо, каржылоо булактары жана кошумча киреше табуу механизмдери, кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү жана эмгек мамилелерин жөнгө салуу, кесиптик лицейлерди лицензиялоо, кесиптик билим берүүнү санариптештирүү, анын ичинде АИС “Мугалим” жана “Э-күндөлүк”, ошондой эле лицейлердин ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоо маселелери каралды.

Иш-чаранын алкагында кесиптик лицейлердин 30 мугалимин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо аземи өттү. АИС “Мугалим” аркылуу жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгында 15 педагог “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен, дагы 15 педагог Ардак грамота менен сыйланды.

Окутуу баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүндө кездешкен практикалык көйгөйлөрдү талкуулоого жана жетекчилердин тажрыйба алмашуусуна багытталган.

***

ДИРЕКТОРА ПРОФЕССИОНАЛЬНЫХ ЛИЦЕЕВ ПРОШЛИ ОБУЧЕНИЕ ПО ВОПРОСАМ РАЗВИТИЯ ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ

Сегодня, 6 октября, в профессиональном лицее №18 проводится обучение для руководителей организаций начального профессионального образования. В мероприятии принимают участие заместитель министра просвещения Кыргызской Республики Виктория Мозгачева, руководители структурных подразделений министерства и директора 94 профессиональных лицеев со всех регионов страны.

Заместитель министра Виктория Мозгачева поздравила руководителей профессиональных лицеев с профессиональным праздником и подчеркнула важную роль системы начального профессионального образования в подготовке востребованных специалистов для экономики страны.

Она отметила, что профессиональные лицеи должны ориентироваться на современные требования рынка труда, расширять перечень востребованных профессий и внедрять новые подходы к обучению молодежи. Особое внимание, по ее словам, необходимо уделять формированию практических навыков, которые позволят выпускникам успешно трудоустраиваться и получать достойную заработную плату.

В рамках обучения участники обсудили текущее состояние начального профессионального образования, его основные проблемы, возможности, риски и перспективные направления развития.

Начальник Управления начального профессионального образования Бактыгүл Акулова представила основные задачи профессиональных лицеев, среди которых — качественное выполнение требований государственных образовательных стандартов и формирование перечня профессий с учетом потребностей рынка труда. Также был представлен механизм развития и совершенствования системы начального профессионального образования до 2030 года.

Отдельный блок обучения был посвящен профилактике правонарушений, буллинга и рэкета в образовательных организациях, а также мерам обеспечения безопасности. По данной теме выступил старший оперуполномоченный второго отдела Управления по борьбе с организованной преступностью МВД Кыргызской Республики, подполковник милиции Тилек Мурзаев. Участники также смогли задать вопросы по вопросам предупреждения противоправного поведения среди учащихся организаций начального профессионального образования.

В ходе обучения руководители структурных подразделений Министерства просвещения представили доклады по актуальным вопросам деятельности профессиональных лицеев. В частности, были рассмотрены вопросы финансового анализа и планирования, источников финансирования и механизмов получения дополнительных доходов, кадрового делопроизводства и регулирования трудовых отношений, лицензирования профессиональных лицеев, цифровизации профессионального образования, включая АИС «Мугалим» и «Э-күндөлүк», а также правового обеспечения деятельности лицеев.

В рамках мероприятия состоялось награждение 30 педагогов профессиональных лицеев ведомственными наградами. По итогам отбора через АИС «Мугалим» 15 педагогов были удостоены нагрудного знака «Отличник образования», еще 15 - Почетной грамоты.

Обучение направлено на повышение эффективности управления организациями начального профессионального образования, обсуждение практических проблем, возникающих в деятельности профессиональных лицеев, и обмен опытом между руководителями. Полученные знания и практические рекомендации будут использованы директорами в дальнейшей работе по развитию профессионального образования.

Address

К. Тыныстанов көчөсү, 257
Bishkek
720000

Opening Hours

Monday 10:00 - 18:00
Tuesday 10:00 - 18:00
Wednesday 10:00 - 18:00
Thursday 10:00 - 18:00
Friday 10:00 - 18:00

Telephone

+996312620519

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Билим берүү жана илим министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Билим берүү жана илим министрлиги:

Shortcuts

Share