Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
Call Directions Website Contact the organization

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин расмий баракчасы

10/10/2026
10/10/2026

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК АЙТЫШТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 9-октябрында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы болуп өттү.

Өнөр таймашына Кыргызстандан 12, Казакстандан 2 акын катышып, төкмөлүк өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, акындарга төмөнкү байгелер ыйгарылды:

Баш байге — Мамбеттокто Мамбеторозо уулу (1 000 000 сом);
I орун — Асылбек Маратов (200 000 сом);
II орун — Жылдызбек Төрөканов (150 000 сом);
III орун — Нурмат Мансур (100 000 сом).

Эл аралык айтыштын негизги максаты — төкмөлүк өнөрдү даңазалоо, улуттук маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланыштарын чыңдоо.

*******

ОПРЕДЕЛЕНЫ ПОБЕДИТЕЛИ МЕЖДУНАРОДНОГО АЙТЫША, ПОСВЯЩЁННОГО 100-ЛЕТИЮ ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ

9 октября 2026 года в большом зале Кыргызского национального академического драматического театра имени Токтоболота Абдумомунова состоялся международный айтыш акынов-импровизаторов, посвящённый 100-летию со дня образования Чуйской области.

В творческом состязании приняли участие 12 акынов из Кыргызстана и 2 акына из Казахстана, которые продемонстрировали своё мастерство в искусстве импровизации. По решению жюри были определены победители, которым присуждены следующие призовые места:

Гран-при — Мамбеттокто Мамбеторозо уулу (1 000 000 сомов);
I место — Асылбек Маратов (200 000 сомов);
II место — Жылдызбек Төрөканов (150 000 сомов);
III место — Нурмат Мансур (100 000 сомов).

Международный айтыш направлен на популяризацию искусства акынов-импровизаторов, сохранение и развитие национального культурного наследия, а также укрепление творческих связей между кыргызскими и казахскими акынами.

ЧҮЙ ОБЛУСУНА – 100 ЖЫЛ: АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН ЭСТЕЛИГИНЕ ГҮЛ ЧАМБАР КОЮЛДУ2026-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун түзүлгөндү...
10/10/2026

ЧҮЙ ОБЛУСУНА – 100 ЖЫЛ: АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН ЭСТЕЛИГИНЕ ГҮЛ ЧАМБАР КОЮЛДУ

2026-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдында залкар акындын эстелигине гүл чамбар коюу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кыргыз Эл Баатыры Апас Жумагулов, генерал Бакирдин Субанбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сардарбек Жумалиев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана Чүй облусунун ардактуу аксакалдары катышты.

Аземдин алкагында Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган материалдар, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле актёр Чыңгыз Мамаев акындын «Ата Журт», «Замана» ырларын жана сүйүү лирикасынан үзүндүлөрдү көркөм окуп берди.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине карата облустун ардактуу жарандары Бишкек шаарындагы тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл чамбар коюу жөө жүрүшүн уюштурушту.

Жүрүш Өчпөс оттун жанынан башталып, Алыкул Осмоновдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын жана Аалы Токомбаевдин эстеликтеринде уланып, Чолпонбай Базарбаевдин эстелигинин алдында жыйынтыкталды.

******

100-ЛЕТИЕ ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ: К ПАМЯТНИКУ АЛЫКУЛУ ОСМОНОВУ ВОЗЛОЖИЛИ ЦВЕТЫ

10 октября 2026 года в рамках празднования 100-летия образования Чуйской области состоялась церемония возложения цветов к памятнику выдающемуся кыргызскому поэту Алыкулу Осмонову, расположенному перед Национальной библиотекой Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова.

В мероприятии приняли участие полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Чуйской области Элкинбек Аширбаев, Герой Кыргызской Республики Апас Жумагулов, генерал Бакирдин Субанбеков, народный артист Кыргызской Республики Сардарбек Жумалиев, директор Национальной библиотеки Элдар Аттокуров, а также почетные аксакалы Чуйской области.

В рамках церемонии была организована выставка фотографий и материалов, посвященных жизни и творчеству Алыкула Осмонова. Актер Чынгыз Мамаев выразительно прочитал стихотворения поэта «Ата Журт», «Замана», а также произведения из его любовной лирики.

Отметим, что в честь 100-летия Чуйской области почетные граждане региона организовали памятное шествие по Бишкеку с возложением цветов к памятникам выдающихся исторических личностей.

Шествие началось у Вечного огня, продолжилось у памятников Алыкулу Осмонову, Бюбюсаре Бейшеналиевой и Аалы Токомбаеву и завершилось у памятника Чолпонбаю Базарбаеву.

«МАНАС ТААНУУ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ТҮРКСОЙДО БЕЛГИЛЕНДИ«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашын...
10/10/2026

«МАНАС ТААНУУ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ТҮРКСОЙДО БЕЛГИЛЕНДИ

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган мыкты мугалимдер жана уюштуруучулар кыргыз улуттук «Манас» театрынын колдоосу менен Түркия Республикасындагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда конокто болушту.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы өкүлү Марат Тагаевдин катышуусунда жолугушуу өттү. Анда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашын эл аралык деңгээлде таанытуу, анын географиясын кеңейтүү жана уюштуруу иштерин өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин колдоосу менен телетаймаштын өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдерге жана уюштуруучуларга бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Бул жолугушуу «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын эл аралык деңгээлдеги байланыштарын чыңдоого жана кыргыз элинин руханий мурасын кеңири жайылтууга багытталган маанилүү кадам болду.

*********

«МАНАС ТААНУУ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ТҮРКСОЙДО БЕЛГИЛЕНДИ

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын жети облусунан тандалган мыкты мугалимдер жана уюштуруучулар Кыргыз улуттук «Манас» театрынын колдоосу менен Түркия Республикасындагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда болушту.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы өкүлү Марат Тагаевдин катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү. Анда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашын эл аралык деңгээлде таанытуу, анын географиясын кеңейтүү жана уюштуруу иштерин өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин колдоосу менен телетаймаштын өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдерге жана уюштуруучуларга бир катар сыйлыктар тапшырылды.

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын 15 жылдык мааракесине арналган бул жолугушуу кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана руханий мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууга, ошондой эле манас таануу багытындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.

СТАЛБЕК БАКТЫГУЛОВДУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН «ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ» ӨТТҮ2026-жылдын 9-октябрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз у...
09/10/2026

СТАЛБЕК БАКТЫГУЛОВДУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН «ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ» ӨТТҮ

2026-жылдын 9-октябрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Сталбек Бактыгуловдун 70 жылдык мааракесине арналган «Эскерүү кечесинин» концерттик программасы өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө композитордун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына токтолуп, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымын, улуттук музыкалык искусстводогу ордун жана бай чыгармачылык мурасын белгиледи.

Концерттик программанын жүрүшүндө эстрада ырчылары Сталбек Бактыгуловдун чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө өзгөчө музыкалык кече тартуулашты.

«Эскерүү кечеси» композитордун чыгармачылыгын даңазалоого, анын баалуу мурасын эскерүүгө жана кийинки муундарга жеткирүүгө, ошондой эле кыргыз музыкасынын руханий байлыгын сактоого арналды.

********

СОСТОЯЛСЯ ВЕЧЕР ПАМЯТИ, ПОСВЯЩЁННЫЙ 70-ЛЕТИЮ СТАЛБЕКА БАКТЫГУЛОВА

9 октября 2026 года в большом зале Кыргызского национального академического театра оперы и балета имени А. Малдыбаева состоялась концертная программа «Вечер памяти», посвящённая 70-летию народного артиста Кыргызской Республики, композитора Сталбека Бактыгулова.

В мероприятии принял участие заместитель министра культуры, информации и молодёжной политики Кыргызской Республики Айбек Дайырбеков. В своём выступлении он рассказал о жизненном пути и творчестве композитора, отметив его вклад в развитие кыргызской музыки, значимое место в национальном музыкальном искусстве и богатое творческое наследие.

В ходе концертной программы эстрадные исполнители представили произведения Сталбека Бактыгулова, подарив зрителям особенный музыкальный вечер.

«Вечер памяти» был посвящён прославлению творчества композитора, сохранению и передаче его ценного наследия будущим поколениям, а также сохранению духовного богатства кыргызской музыкальной культуры.

09/10/2026

Т. САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫНЫН 90 ЖЫЛДЫК КОНЦЕРТТИК СЕЗОНУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТӨТ

2026-жылдын 19-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында филармониянын 90 жылдык концерттик сезонунун ачылыш аземи өтөт.

Маанилүү маданий иш-чара кыргыз элинин музыкалык өнөрүн даңазалоого, улуттук маданий баалуулуктарды сактоого жана муундан муунга өткөрүп берүүгө багытталган. Филармониянын жаңы концерттик сезонунун ачылышы көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын байлыгын, элдик аспаптардын өзгөчө үндөшүүсүн жана улуттук аткаруучулук өнөрдүн көркөмдүгүн тартуулоого арналат.

Концерттик программанын алкагында К. Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри өнөр тартуулайт. Оркестрдин аткаруусундагы чыгармалар аркылуу кыргыз элинин кылымдарды карыткан музыкалык мурасы, элдик обондордун өзгөчөлүгү жана улуттук аспаптардын кайталангыс үнү көрүүчүлөргө сунушталат.

90 жылдык концерттик сезонунун ачылыш аземи филармониянын чыгармачылык жолундагы маанилүү окуялардын бири болуп, улуттук музыка өнөрүнүн өнүгүшүн үзгүлтүксүз уланышын чагылдырат.

**********

СОСТОИТСЯ ТОРЖЕСТВЕННОЕ ОТКРЫТИЕ 90-ГО КОНЦЕРТНОГО СЕЗОНА КЫРГЫЗСКОЙ НАЦИОНАЛЬНОЙ ФИЛАРМОНИИ ИМЕНИ Т. САТЫЛГАНОВА

19 октября 2026 года в 18:30 в Кыргызской национальной филармонии имени Т. Сатылганова состоится торжественное открытие 90-го концертного сезона филармонии.

Важное культурное событие направлено на популяризацию музыкального искусства кыргызского народа, сохранение национальных культурных ценностей и их передачу из поколения в поколение. Открытие нового концертного сезона призвано познакомить зрителей с богатством кыргызской музыки, неповторимым звучанием народных инструментов и художественным своеобразием национального исполнительского искусства.

В рамках концертной программы выступит Академический оркестр народных инструментов имени К. Орозова. В исполнении оркестра зрителям будут представлены музыкальное наследие кыргызского народа, уходящее корнями в глубь веков, самобытность народных мелодий и неповторимое звучание национальных инструментов.

Торжественное открытие 90-го концертного сезона станет одним из значимых событий в творческой истории филармонии и символизирует преемственность и дальнейшее развитие национального музыкального искусства.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МУЗЕЙЛЕРИ КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Респ...
09/10/2026

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МУЗЕЙЛЕРИ КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде музейдин директору Назгүл Өмүрзакова менен Казакстан Республикасынын Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин директору Нурмат Абдуллаулы Мансурдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар музейлер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, көчмө жана конок көргөзмөлөрүн уюштуруу, ошондой эле уникалдуу артефакттарды жана сейрек этнографиялык экспонаттарды таанытуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ эки өлкөнүн музейлери ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүү багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бул кызматташтык Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин тарыхый-маданий мурасын кеңири таанытууга багытталган.

********

МЮЗИКЛ «ЧОЛПОНУМ» ВНОВЬ ВОЗВРАЩАЕТСЯ В БИШКЕК ПО МНОГОЧИСЛЕННЫМ ПРОСЬБАМ ЗРИТЕЛЕЙ

Ошская областная филармония имени Рыспая Абдыкадырова по многочисленным просьбам зрителей вновь представит мюзикл «Чолпонум» в Бишкеке.

Показ состоится 3 ноября 2026 года в Государственном национальном русском театре драмы имени Чингиза Айтматова. Начало — в 18:00.

«Чолпонум» — музыкальная постановка о настоящей любви, непростых судьбах и глубоких человеческих чувствах. Зрителей ждёт трогательный спектакль, отличающийся глубоким содержанием и выразительным музыкальным сопровождением.

Билеты можно приобрести в кассе театра и на сайте Kassir.kg.

Дополнительная информация: 0228 74 42 98.

«ЧОЛПОНУМ» МЮЗИКЛИ КӨПЧҮЛҮКТҮН ӨТҮНҮЧҮ БОЮНЧА БИШКЕККЕ КАЙРАДАН КЕЛЕТРыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияс...
09/10/2026

«ЧОЛПОНУМ» МЮЗИКЛИ КӨПЧҮЛҮКТҮН ӨТҮНҮЧҮ БОЮНЧА БИШКЕККЕ КАЙРАДАН КЕЛЕТ

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы көрүүчүлөрдүн көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча «Чолпонум» мюзиклин Бишкек шаарында кайрадан тартуулайт.

Мюзикль 2026-жылдын 3-ноябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында көрсөтүлөт. Башталышы саат 18:00дө.

«Чолпонум» — чыныгы сүйүү, татаал тагдыр жана адамдык сезимдерди камтыган чыгарма. Көрүүчүлөрдү терең мазмуну жана музыкалык коштоосу менен айырмаланган таасирдүү спектакль күтөт.

Билеттер театрдын кассасында жана Kassir.kg сайтында сатылууда.

Кошумча маалымат үчүн: 0228 74 42 98.

*********

МЮЗИКЛ «ЧОЛПОНУМ» ВНОВЬ ВОЗВРАЩАЕТСЯ В БИШКЕК ПО МНОГОЧИСЛЕННЫМ ПРОСЬБАМ ЗРИТЕЛЕЙ

Ошская областная филармония имени Рыспая Абдыкадырова по многочисленным просьбам зрителей вновь представит мюзикл «Чолпонум» в Бишкеке.

Показ состоится 3 ноября 2026 года в Государственном национальном русском театре драмы имени Чингиза Айтматова. Начало — в 18:00.

«Чолпонум» — музыкальная постановка о настоящей любви, непростых судьбах и глубоких человеческих чувствах. Зрителей ждёт трогательный спектакль, отличающийся глубоким содержанием и выразительным музыкальным сопровождением.

Билеты можно приобрести в кассе театра и на сайте Kassir.kg.

Дополнительная информация: 0228 74 42 98.

БИШКЕКТЕ «КИТЕП ИСКУССТВОСУ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Мам...
09/10/2026

БИШКЕКТЕ «КИТЕП ИСКУССТВОСУ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында КМШга мүчө мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева, коомдук ишмерлер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Сынактын алкагында ата мекендик басмаканалар ар түрдүү номинациялар боюнча жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Гран-при баш байгесин кошкондо жалпы 11 сыйлыкка ээ болушту. Бул жетишкендик Кыргызстандагы китеп басып чыгаруу тармагынын өнүгүшүн, улуттук китеп маданиятынын байлыгын жана кыргызстандык авторлор менен басма ишмерлеринин чыгармачылык дараметин айгинелейт.

Салтанаттын жүрүшүндө эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсү сунушталды. Иш-чара өлкөдө китеп маданиятын өнүктүрүүгө, басма тармагындагы жетишкендиктерди жайылтууга жана улуттук адабий мурасты даңазалоого багытталды.

*********

В БИШКЕКЕ НАГРАДИЛИ ПОБЕДИТЕЛЕЙ МЕЖДУНАРОДНОГО КОНКУРСА «ИСКУССТВО КНИГИ»

9 октября 2026 года в Государственной книжной палате Кыргызской Республики состоялась торжественная церемония награждения победителей XXIII Международного конкурса государств — участников СНГ «Искусство книги», а также открытие выставки новых книжных изданий, отвечающих современным требованиям.

В мероприятии приняли участие Государственный секретарь Кыргызской Республики Арслан Койчиев, заместитель министра культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики Салкын Сарногоева, общественные деятели и представители общественности.

В рамках международного конкурса отечественные издательства продемонстрировали высокие результаты в различных номинациях, завоевав в общей сложности 11 наград, включая Гран-при.

Это достижение свидетельствует о развитии книгоиздательской отрасли Кыргызстана, богатстве национальной книжной культуры, а также высоком творческом потенциале кыргызстанских авторов и представителей издательского дела.

В ходе торжественной церемонии победителям международного конкурса были вручены награды, а участникам и гостям представлена выставка новых книжных изданий.

Мероприятие было направлено на развитие книжной культуры в стране, популяризацию достижений издательской отрасли, а также сохранение и продвижение национального литературного наследия.

БИШКЕКТЕ ЕККУНУН СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ӨКҮЛҮНҮН КЕҢСЕСИ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН ЖМК БОЮНЧА 26-БОРБОР АЗИЯ  МЕДИАКОНФЕРЕНЦИЯ...
09/10/2026

БИШКЕКТЕ ЕККУНУН СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ӨКҮЛҮНҮН КЕҢСЕСИ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН ЖМК БОЮНЧА 26-БОРБОР АЗИЯ МЕДИАКОНФЕРЕНЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ

“Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти калыптандыруу: маалыматтын аныктыгы, медиаэтика жана санариптик доордогу ишеним” темасында өтүп жаткан медиаконференцияга Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана эл аралык эксперттерден турган 120дан ашуун катышуучу чогулду.

Иш-чаранын негизги темалары болуп ЖМК эркиндиги, журналистиканын кесиптик этикасы, дезинформацияга каршы күрөшүү, медиасабаттуулукту өнүктүрүү жана коомдогу ишенимди бекемдөө маселелери саналат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Сарногоева Салкын Сатаровна саламдашуу сөзүндө эркин жана жоопкерчиликтүү маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүүдө, жарандардын так жана ишенимдүү маалыматка жетүүсүн камсыз кылууда, ошондой эле сөз эркиндигине болгон укукту коргоодо аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасы медиа чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүнү улантуу менен бирге медиасабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү жана маалыматты жоопкерчилик менен пайдалануу маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Маалыматтык агымдар мамлекеттик чек аралар менен чектелбеген шартта мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана медиа коомчулуктун кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ.

Бишкекте өтүп жаткан медиаконференция тажрыйба алмашуу, ЖМК чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарды талкуулоо жана аймактык маалыматтык мейкиндикти бекемдөө боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн уюштурулду.

*****

В БИШКЕКЕ СТАРТОВАЛА 26-Я ЦЕНТРАЛЬНОАЗИАТСКАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ ПО СМИ, ОРГАНИЗОВАННАЯ ОФИСОМ ПРЕДСТАВИТЕЛЯ ОБСЕ ПО ВОПРОСАМ СВОБОДЫ СМИ

Медиаконференция проходит на тему: «Формирование общего информационного пространства: достоверность информации, медиаэтика и доверие в цифровую эпоху», объединившая более 120 представителей государственных органов, СМИ, гражданского общества, академического сообщества и международных экспертов из Казахстана, Кыргызстана, Монголии, Таджикистана, Туркменистана и Узбекистана.

Основными темами мероприятия являются свобода СМИ, профессиональная этика журналистики, противодействие дезинформации, развитие медиаграмотности и укрепление доверия в обществе.

С приветственным словом выступила заместитель министра культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики Сарногоева Салкын Сатаровна, подчеркнув значимость регионального сотрудничества в развитии свободного и ответственного информационного пространства, обеспечении доступа граждан к достоверной информации и защите права на свободу слова.

Кыргызская Республика продолжает совершенствовать законодательство в сфере медиа и уделять особое внимание развитию медиаграмотности, критического мышления и культуры ответственного потребления информации. В условиях трансграничного распространения информационных потоков особую роль играет сотрудничество государств, международных организаций и медиасообщества.

Медиаконференция, проходящая в Бишкеке, организована с целью обмена опытом, обсуждения актуальных вызовов в сфере средств массовой информации и выработки совместных подходов к укреплению регионального информационного пространства.

Address

Pushkina Street , 78
Bishkek
720004

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996703100683

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:

Shortcuts

Share