Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Call Directions Website Contact the organization

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги КРнын Саламаттык сактоо министрлиги / Министерство здравоохранения КР

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик...
03/10/2026

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.
Бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө.
Санитардык-карантиндик пункттар мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чараларды камсыз кылат.

***************
В связи с информацией о зарегистрированном случае чумы в Российской Федерации в Кыргызской Республике усилены профилактические мероприятия и санитарно-карантинный контроль на пунктах пропуска через государственную границу.
Все санитарно-карантинные пункты работают в усиленном режиме. Ситуация находится на контроле санитарно-эпидемиологической службы.
СКП осуществляют санитарно-эпидемиологический надзор за лицами, транспортными средствами и грузами, пересекающими государственную границу, в целях предупреждения завоза и распространения инфекционных заболеваний, включая особо опасные инфекции.

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыБИШКЕ...
02/10/2026

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады

БИШКЕК, 2026-жылдын 2-октябры. Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегация башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен эки тараптуу өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагында жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлорго айландырууга негизги көңүл бурулду.

Негизги багыттардын бири катары кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселеси каралды. Анын ичинде адистер менен алмашуу, стажировкаларды уюштуруу, квалификацияны жогорулатуу, академиялык жана илимий кызматташтык, ошондой эле тартыш адистиктер боюнча практикага багытталган окутуу маселелери талкууланды. Тараптар медициналык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий борборлордун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү маселесине да токтолушту.

📍https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49055

Министр здравоохранения КР Дамир Осмонов предложил странам ОТГ создать единую фармацевтическую платформу

БИШКЕК, 2 октября 2026 года. В рамках 6-й встречи министров здравоохранения Организации тюркских государств министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов провёл отдельные двусторонние встречи с руководителями и представителями делегаций Азербайджана, Казахстана, Узбекистана и Турции, а также Генеральным секретарём ОТГ Кубанычбеком Омуралиевым.

В ходе переговоров основное внимание было уделено переходу от достигнутых договорённостей к конкретным совместным проектам в сфере здравоохранения.

Одним из ключевых направлений стало развитие кадрового потенциала - обмен специалистами, стажировки, повышение квалификации, академическое и научное сотрудничество, а также практико-ориентированное обучение по дефицитным специальностям. Стороны также обсудили расширение прямого взаимодействия между медицинскими организациями, университетами и научными центрами.

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Нарын облустук бириккен ооруканасынын ишмердиги менен тааныштыНарын облус...
02/10/2026

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Нарын облустук бириккен ооруканасынын ишмердиги менен таанышты

Нарын облусу, 2026-жылдын 2-октябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын облустук бириккен ооруканасынын ишмердиги менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө ал оорукананын материалдык-техникалык базасы, көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты жана бейтаптарды дарылоо үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Мындан тышкары, мекеменин медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда дарыгерлердин ишмердиги тууралуу маалыматтар угулуп, актуалдуу маселелер жана сунуштар талкууланды.

*****

Заместитель Главы Кабмина Улан Маматканов ознакомился с деятельностью Нарынской областной объединенной больницы

Нарынская область, 2 октября 2026 года - Заместитель Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Улан Маматканов в рамках рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с деятельностью Нарынской областной объединенной больницы.

В ходе визита он ознакомился с материально-технической базой больницы, качеством оказываемых медицинских услуг и условиями лечения пациентов.

Кроме того, состоялась встреча с медицинскими работниками учреждения, в ходе которой были заслушаны информация о деятельности врачей, актуальные вопросы и предложения.

02/10/2026

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов тажрыйба алмашуудан конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
«Биз үчүн кызматташтыгыбыз маалымат алмашуу менен гана чектелбеши маанилүү. Саламаттык сактоо системаларын чыңдоого жана жарандарыбыз үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзө турган биргелешкен долбоорлорго, кесиптик алмашууларга жана өз ара аракеттенүүнүн практикалык механизмдерине ырааттуу өтүшүбүз зарыл», — деп белгиледи министр.

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттүБишкек, 2026-жылдын 2-октябры. Бишкек ша...
02/10/2026

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкек, 2026-жылдын 2-октябры. Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу Уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо системаларынын алдында турган жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо, ошондой эле мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн аянтча болду.
Жыйынга Азербайжан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Теймур Юсиф оглу Мусаев, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова, Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурулла Окумуш, Өзбекстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Отабек Имамов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Кыргыз Республикасынан жыйынга саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышып, жыйынга модераторлук кылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон актуалдуу маселелерди талкуулашты. Артыкчылыктуу багыттар катары дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле медицинада санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү белгиленди.

https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49017

В Бишкеке состоялось 6-е совещание министров здравоохранения Организации тюркских государств

Бишкек, 2 октября 2026 года. В Бишкеке состоялось 6-е совещание министров здравоохранения Организации тюркских государств (ОТГ), объединившее руководителей и представителей органов здравоохранения государств-членов Организации для обсуждения ключевых вопросов развития сотрудничества в сфере здравоохранения.
Встреча стала площадкой для обсуждения общих вызовов, стоящих перед системами здравоохранения стран Организации, а также определения конкретных направлений дальнейшего практического взаимодействия.
В работе совещания приняли участие министр здравоохранения Азербайджанской Республики Теймур Юсиф оглы Мусаев, министр здравоохранения Республики Казахстан Акмарал Альназарова, заместитель министра здравоохранения Турецкой Республики Нурулла Окумуш, первый заместитель министра здравоохранения Республики Узбекистан Отабек Имамов, а также Генеральный секретарь Организации тюркских государств Кубанычбек Омуралиев. Кыргызскую Республику представлял министр здравоохранения Дамир Осмонов, выступивший модератором совещания.
В ходе встречи стороны обсудили актуальные вопросы, имеющие стратегическое значение для устойчивости национальных систем здравоохранения. В числе приоритетов были обозначены обеспечение доступности и безопасности лекарственных средств и медицинских изделий, развитие кадрового потенциала здравоохранения, а также внедрение цифровых технологий и искусственного интеллекта в медицину.

🎗️ Октябрь — эл аралык эмчек безинин рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айыЭмчек безинин рагы — аялдар арасында эң...
01/10/2026

🎗️ Октябрь — эл аралык эмчек безинин рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айы

Эмчек безинин рагы — аялдар арасында эң көп кездешкен онкологиялык оорулардын бири. ДССУнун маалыматына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзүндө болжол менен 2,4 млн аялга эмчек безинин рагы диагнозу коюлуп, 694 миңге жакын аял бул оорудан каза болгон.

Оору эрте аныкталып, дарылоо өз убагында башталса, жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт. Ошондуктан ден соолугуңузга көңүл буруп, дарыгерге кайрылууну кечиктирбеңиз.

Өзүңүзгө кам көрүү жөнөкөй:
💗 жаш курагыңызга жана дарыгердин сунушуна ылайык текшерүүдөн жана скринингден өтүңүз;
💗 эмчек бездериндеги адаттан тыш өзгөрүүлөргө көңүл буруңуз;
💗 кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, өз убагында адиске кайрылыңыз.

Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактап калууга жардам берет.

Өзүңүзгө кам көрүүнү кийинкиге калтырбаңыз! 💗

*****

🎗️ Октябрь — Международный месяц осведомлённости о раке молочной железы

Рак молочной железы — самый распространённый вид рака среди женщин. По данным ВОЗ, в 2024 году в мире около 2,4 млн женщин получили этот диагноз, около 694 тысяч умерли от заболевания.

При раннем выявлении и своевременном лечении шансы на благоприятный исход значительно выше. Поэтому важно внимательно относиться к своему здоровью и не откладывать обращение к врачу.

Заботиться о себе просто:
💗 проходите обследования и скрининг в соответствии с возрастом и рекомендациями врача;
💗 обращайте внимание на любые необычные изменения в молочных железах;
💗 при появлении изменений своевременно обращайтесь к специалисту.

Раннее выявление может спасти жизнь.

Берегите себя и не откладывайте заботу о своём здоровье! 💗
#рмж

01/10/2026

ВАКЦИНАЦИЯ В КЫРГЫЗСТАНЕ: ЗДОРОВЬЕ ДЕТЕЙ И БЕЗОПАСНОСТЬ ОБЩЕСТВА
ЭлТР Маалымат

01/10/2026

Новая больница для жителей Ноокатского района

30/09/2026

Чүй: МинКаб Төрагасы бир катар оорукана жана мектептерди кыдырды
УТРК

Бишкекте «Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» Консультативдик кеңешинин отуруму өттү2026-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында ...
29/09/2026

Бишкекте «Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» Консультативдик кеңешинин отуруму өттү

2026-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен уюштурган «Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» (ҮП2030) Консультативдик кеңешинин жылдык отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө өлкөнүн репродуктивдик саламаттык сактоо жаатындагы беш улуттук милдеттенмесинин аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынды ачып жатып, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев сапаттуу консультацияларга жана заманбап контрацепция ыкмаларына жеткиликтүүлүк аялдардын ден соолугун коргоонун маанилүү шарттарынын бири экенин белгиледи. Айрыкча бул маселе аймактарда жана медициналык-социалдык тобокелдиги жогору топтор арасында өзгөчө мааниге ээ.

https://egov.kg/kg/ministry/health/news/48818

В Бишкеке состоялось ежегодное заседание Консультативного совета «Планирование семьи 2030»

29 сентября 2026 года в Бишкеке прошло ежегодное заседание Консультативного совета «Планирование семьи 2030» (ПС2030), организованное Министерством здравоохранения КР при поддержке ЮНФПА. Участники подвели итоги реализации пяти национальных обязательств страны в сфере репродуктивного здоровья.

Открывая встречу, заместитель министра здравоохранения Нурбек Букуев подчеркнул, что доступ к качественным консультациям и современным методам контрацепции - важнейшее условие охраны здоровья женщин, особенно в регионах и среди групп высокого медико-социального риска.

Address

Московская, 148
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312622680

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги:

Shortcuts

Share