Бишкек шаардык кеңеши / Бишкекский городской кенеш

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Бишкек шаардык кеңеши / Бишкекский городской кенеш
Call Directions Website Contact the organization

Бишкек шаардык кеңеши / Бишкекский городской кенеш Бишкекский городской кенеш – выборный представительный орган городского самоуправления,...

2026-жылдын 3-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын ...
03/10/2026

2026-жылдын 3-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктары менен сыйлады.
Сыйлык тапшыруу аземинде Бекжан Усеналиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалимдин эмгеги коомдун жана шаардын келечегин калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Куттуктоо сөзүндө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишине ийгиликтерди, чыгармачылык изденүү жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исматова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышты.
Иш-чара «Эгемен өлкө менен бирге өскөн муун» аттуу пролог менен башталып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни аткарылды.
Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эмгеги жана кесиптик жетишкендиктери үчүн кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чара билим берүү кызматкерлерине арналган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

2026-жылдын 3-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын ...
03/10/2026

2026-жылдын 3-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктары менен сыйлады.
Сыйлык тапшыруу аземинде Бекжан Усеналиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалимдин эмгеги коомдун жана шаардын келечегин калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Куттуктоо сөзүндө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишине ийгиликтерди, чыгармачылык изденүү жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исматова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышты.

Иш-чара «Эгемен өлкө менен бирге өскөн муун» аттуу пролог менен башталып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни аткарылды.
Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эмгеги жана кесиптик жетишкендиктери үчүн кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чара билим берүү кызматкерлерине арналган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

02/10/2026

2026-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий жыйындын негизги максаты — эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкек шаарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын илимий жана практикалык өңүттөн талдоо, жетишкендиктер менен актуалдуу көйгөйлөрдү кароо, шаарды өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын талкуулоо жана ушул багытта тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Иш-чараны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов алып барды.
Конференциянын ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Алмаз Шананов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилери, илим жана маданият өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар, академиктер, профессорлор, архитекторлор, шаар куруу тармагындагы адистер, муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү демилгеси Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов тарабынан көтөрүлгөн.переделай

Пленардык жыйында борбор калаанын өнүгүүсүнүн тарыхый этаптары, эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттери тууралуу пикирлер айтылды.
Конференциянын илимий баяндамалар бөлүгүндө Бишкек шаарынын архитектуралык келбети, тарыхый мурасы, шаар куруу саясаты, инфраструктуралык өнүгүүсү, урбанистикасы жана борбор калаанын келечектеги өнүгүү багыттары кеңири талкууланды.
Баяндамалардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тарыхый өзгөчөлүгүн сактоо, архитектуралык мурастарды коргоо, шаардык инфраструктураны жаңылоо, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, экологиялык абалды чыңдоо, жашыл аймактарды кеңейтүү, маданий мейкиндикти өнүктүрүү жана шаар башкаруусунда заманбап ыкмаларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында конференциянын резолюциясын кабыл алуу жана анда айтылган илимий-практикалык сунуштарды тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жеткирүү каралды.
Конференциянын соңунда илимий-практикалык жыйындын катышуучулары жалпы сүрөткө түшүп, бул маанилүү иш-чараны эсте каларлык ирмем менен жыйынтыкташты.

2026-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жыл...
02/10/2026

2026-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий жыйындын негизги максаты — эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкек шаарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын илимий жана практикалык өңүттөн талдоо, жетишкендиктер менен актуалдуу көйгөйлөрдү кароо, шаарды өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын талкуулоо жана ушул багытта тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Иш-чараны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов алып барды.
Конференциянын ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Алмаз Шананов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилери, илим жана маданият өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар, академиктер, профессорлор, архитекторлор, шаар куруу тармагындагы адистер, муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү демилгеси Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов тарабынан көтөрүлгөн.переделай

⬇️

2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын лидери Дүйшөнбек Бектемиров Реаниматологдор күн...
01/10/2026

2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын лидери Дүйшөнбек Бектемиров Реаниматологдор күнүнө карата борбор калаанын саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңешинин сыйлыктарын тапшырды.
Сыйлыкка реаниматолог дарыгерлер, анестезиологдор, медайымдар, массажисттер жана Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасынын жетекчилиги татыды.
Дүйшөнбек Бектемиров медицина кызматкерлерине талыкпаган эмгеги, кесипкөйлүгү жана борбор калаанын саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ар бир адамдын өмүрү үчүн күрөшкөн, оор учурда үмүт берген жана өз ишине берилген ак халатчандарга терең ыраазычылык билдиребиз!

===

1 октября 2026 года лидер фракции «Ынтымак» Бишкекского городского кенеша Дүйшөнбек Бектемиров в честь Дня реаниматолога вручил награды Бишкекского городского кенеша сотрудникам системы здравоохранения столицы.
Награды получили врачи-реаниматологи, анестезиологи, медицинские сёстры, массажисты, а также руководство Городской детской клинической больницы скорой медицинской помощи.
Отмечая труд медицинских работников, Дүйшөнбек Бектемиров подчеркнул, что работа каждого специалиста является важной частью единой системы, где ежедневно принимаются решения, от которых зависит здоровье и жизнь людей. В оказании медицинской помощи важны не только профессиональные знания и опыт, но и слаженная работа всей команды.
Дүйшөнбек Бектемиров выразил признательность медицинским работникам за профессионализм, ответственное отношение к делу и вклад в развитие здравоохранения столицы, пожелав им крепкого здоровья, профессиональных успехов и сил в их важной и ответственной работе.

01/10/2026
30/09/2026

Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочуларынан түшкөн кайрылууларды кароо жана тиешелүү чараларды көрүү максатында Кокандский көчөсү, 18 дарегинде көчмө жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын депутаты Расул кызы Миргүл жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн бир катар актуалдуу маселелер каралды. Алардын арасында:
• аймактын санитардык абалы жана тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу;
• жол кыймылын жөнгө салуу жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу;
• автоунааларды токтотууну иретке келтирүү;
• орнотулган шлагбаумдун мыйзамдуулугун кароо;
• жашоочулардын макулдугусуз орнотулган бассейнге байланыштуу маселени кароо.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын, «Жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканасынын, «Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар, токтотмолор жана базарлар» муниципалдык ишканасынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана №404 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жыйынтыгында депутат Расул кызы Миргүл тарабынан тиешелүү кызматтарга жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.
Аталган тапшырмалардын аткарылышы жана жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин чечилиши депутаттын көзөмөлүндө болот.

===

В целях рассмотрения обращений жителей Октябрьского района города Бишкек и принятия конкретных мер по обозначенным вопросам состоялось выездное совещание по адресу: переулок Кокандский, 18.
В выездном совещании приняли участие депутат фракции «Эмгек» Бишкекского городского кенеша Миргүл Расул кызы, а также представители профильных служб мэрии города Бишкек.
В ходе совещания были рассмотрены вопросы, имеющие непосредственное значение для жителей, в том числе:
• санитарное состояние территории и организация вывоза бытовых отходов;
• организация дорожного движения и установка соответствующих дорожных знаков;
• упорядочение парковки автотранспортных средств;
• правомерность установки шлагбаума;
• размещение бассейна на территории без согласования с жителями.
В обсуждении приняли участие представители Муниципальной администрации мэрии города Бишкек по Октябрьскому административному району, Муниципальной инспекции мэрии города Бишкек, МП «Дорожно-транспортная инфраструктура», МП «Муниципальные парковки, стоянки и рынки», МП «Тазалык», а также Муниципального территориального управления № 404.
По итогам выездного совещания депутатом Миргүл Расул кызы соответствующим службам были даны протокольные поручения по рассмотренным вопросам.
Контроль за исполнением поручений и решением обозначенных жителями вопросов будет продолжен.

30/09/2026

Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын лидеринин орун басары Татьяна Анатольевна Кузнецова Октябрь районунда жумушчу көчмө жыйын өткөрүп, шаар тургундарынын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты. Жыйындын негизги максаты – буга чейин депутатка кайрылган жарандардын инфраструктуралык жана социалдык маселелерин жеринен көрүп, аларды чечүүнүн жолдорун кароо болду.
Жумушчу жыйындын жүрүшүндө депутат 12-кичи райондун тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү жашоочулар Нуркамал жана Токтоналиев көчөлөрүндө жайгашкан соода жайларын демонтаждоо маселесине байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти. Татьяна Кузнецова тургундардын жана тиешелүү тараптардын пикирлерин угуп, маселени мыйзам чегинде чечүү жана тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу максатында жеке көзөмөлүнө алды.

Андан кийин депутат 10-кичи райондогу №18 үйдүн жашоочулары менен жолугушту. Тургундар балдар үчүн заманбап оюн аянтчасын куруп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Депутат аянтча курула турган жерди карап чыгып, балдардын коопсуз эс алуусу үчүн жакшы шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле бул маселе боюнча тиешелүү шаардык кызматтарга протоколдук тапшырма жөнөтүү демилгесин көтөрдү.
Жыйында мектептен тышкаркы билим берүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Татьяна Кузнецова К. Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан балдар көркөм сүрөт мектебине барды. Учурда бир имаратта көркөм сүрөт жана музыкалык мектептер жайгашкан. Окуу бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен улам мектептер бардык каалоочуларды кабыл ала албай жатышат.
«Балдарыбыздын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө имараттын тартыштыгы тоскоол болбошу керек. Райондо балдардын чыгармачылык билим алуусуна суроо-талап жогору. Ошондуктан бул маселени муниципалитеттин деңгээлинде тез арада чечүү зарыл. Же жаңы имарат курууга каражат бөлүнүшү керек, же мектептер үчүн кошумча имарат табылып, тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл», — деди «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын лидеринин орун басары Татьяна Кузнецова.

Жыйындын соңунда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө протоколдук тапшырмалар берилди.

Жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин чечилиши «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын көзөмөлүндө болот.

===

Заместитель лидера фракции «Жаны куч-Новая сила» Бишкекского городского кенеша Кузнецова Татьяна Анатольевна провела рабочий выезд по Октябрьскому району столицы. Целью поездки стало личное ознакомление с острыми проблемами горожан, которые ранее обратились к депутату за поддержкой в решении инфраструктурных и социальных вопросов.
Так в 12-м микрорайоне местные жители высказали серьезную обеспокоенность ходом демонтажа торговых объектов. Горожане обратились по вопросу сноса павильонов, расположенных по улицам Нуркамал и Токтоналиева. Татьяна Кузнецова выслушала аргументы сторон и взяла этот процесс под личный контроль, чтобы обеспечить соблюдение законности и учесть интересы как местных жителей, так и порядка в благоустройстве района.
Далее депутат провела встречу в 10-м микрорайоне. Жильцы дома №18 обратились с просьбой оказать содействие в организации современной детской площадки. В ходе осмотра участка Кузнецова отметила важность создания безопасных зон для досуга детей и пообещала инициировать профильные запросы в городские службы для скорейшего проектирования и установки игрового комплекса.
Особое внимание в ходе объезда было уделено сфере внешкольного образования. Татьяна Кузнецова посетила детскую художественную школу, расположенную по ул. К. Тыныстанова. В одном здании вынуждены соседствовать сразу два учреждения — художественная и музыкальная школы. Помещений катастрофически не хватает, и школы физически не могут принять всех желающих детей.
«Развитие творческого потенциала наших детей не должно упираться в дефицит квадратных метров. Спрос на эстетическое воспитание в районе огромный, а условия не позволяют расширить классы. Необходимо срочно решать этот вопрос на уровне муниципалитета: либо выделять средства на строительство нового здания, либо оперативно изыскать и предоставить дополнительные площади для полноценного проведения художественных и музыкальных занятий», — подчеркнула заместитель лидера фракции «Жаны куч-Новая сила» Татьяна Кузнецова.
По итогам выезда даны протокольные поручения соответствующим структурным подразделениям мэрии города Бишкек. Решение всех озвученных жителями проблем находится на строгом контроле фракции «Жаны куч-Новая сила».

2026-жылдын 28-сентябрында Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администра...
28/09/2026

2026-жылдын 28-сентябрында Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын имаратында V Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча окуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайлообек Козубаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын тармактык саясат башкармалыгынын начальниги Илияс Колопов, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгына ылайык уюштурулуп, V Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү, уюштуруу иштерин координациялоо жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелерине арналды.

Окуунун жүрүшүндө V Элдик Курултайга даярдык көрүүнүн тартиби, уюштуруу иштерин жүргүзүү, маалыматтарды даярдоо жана катышуучулар менен өз ара аракеттенүү боюнча негизги талаптар түшүндүрүлдү. Ошондой эле даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу уюштуруу боюнча практикалык маселелер каралды.

Жолугушуунун алкагында Бишкек шаардык кеңеши менен Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. V Элдик Курултайга даярдык көрүүдө уюштуруу иштерин бирдиктүү жүргүзүү жана коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу негизги багыттардын бири экени белгиленди.

2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары: комис...
25/09/2026

2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары: комиссиянын төрайымы Омуркан Ашанбаева, комиссиянын төрайымынын орун басары Эржан Насиралиев, комиссиянын мүчөсү Элизавета Алымбаева, «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын депутаты Динара Бекмуратова, «Эмгек» фракциясынын депутаты Майрамбек уулу Сыргак, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан билим берүү мекемелеринин иши менен жеринен таанышышты.
Алгач №92 жалпы билим берүү мектебине барып, анда жүргүзүлүп жаткан оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Мындан тышкары аткарылышы зарыл болгон иштер талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле «Ак-Ордо-3» конушунда жайгашкан №104 жалпы билим берүү мектебине барып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, мектептин спорттук аянтчасына байланыштуу маселелерди жеринен карап чыгышты.
Мындан тышкары, мектептин жанында жайгашкан №74 бала бакчанын балдарды кабыл алууга даярдыгы текшерилди.
Жаш техниктер станциясына барып, таланттуу балдардын чыгармачылык жана техникалык багытта жасаган эмгектери менен таанышып, алар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү.
Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары шаардагы билим берүү мекемелеринин иши менен жеринен таанышууну улантышат.

Address

пр. Чуй 166
Bishkek
720001

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312610207

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бишкек шаардык кеңеши / Бишкекский городской кенеш posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Бишкек шаардык кеңеши / Бишкекский городской кенеш:

Shortcuts

Share

Category