05/08/2026
📌ММКФ: кошумча төлөм төлөнгөндөн кийин негизсиз кошумча төлөмдөрдү талап кылууга жол берилбейт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарыгердин жолдомосу менен пландуу түрдө ооруканага жаткырылган жана белгиленген кошумча төлөмдү төлөгөн камсыздандырылган жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык кызматтар кошумча акы алынбастан толук көлөмдө көрсөтүлүүгө тийиш экендигин эскертет.
Пландуу ооруканага жаткыруунун алкагында бейтапка төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
• медициналык көрсөткүчтөргө ылайык дарылоо;
• диагностикалык жана дарылоо процедуралары;
• медициналык көрсөткүчтөрү бар болсо ыкчам кийлигишүү;
• эгерде операция зарыл болгон учурда анестезия (наркоз) жүргүзүү;
• дарылоо мезгилинде зарыл болгон жана Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дары-дармек каражаттары.
Эгерде дарылануу учурунда бейтаптан кошумча акы төлөө талап кылынса, медициналык уюм төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө, атап айтканда кайсы конкреттүү медициналык кызматтар үчүн кошумча акы талап кылынары жана бул кызматтар Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирер-кирбесин тактап айтып берүүгө милдетүү.
⚡Бардык расмий төлөмдөр медициналык уюмдун кассасы аркылуу гана жүргүзүлүп, төлөмдү ырастоочу документ (кассалык чек же квитанция) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
ММКФ бейтаптар акча каражаттарын медициналык уюмдардын кызматкерлеринин жеке банктык эсептерине, Мбанк тиркемесине же башка электрондук капчыктарына которбошу керектигине өзгөчө көңүл бурууларын баса белгилейт.
Эгерде сизде төлөмдүн мыйзамдуулугу боюнча суроолор же күмөн саноолор пайда болсо, же укуктарыңыз бузулду деп эсептесеңиз, биринчи кезекте стационардын бөлүм башчысына же администрациясына кайрылыңыз.
☎Ошондой эле сиз ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалып, консультация алып, жаралган кырдаалдар тууралуу кабарласаңыз болот.
---------------------------
📌ФОМС: после внесения сооплаты требовать дополнительные платежи без обоснования недопустимо.
Фонд обязательного медицинского страхования напоминает, что застрахованным гражданам, поступающим в стационар по направлению врача на плановую госпитализацию и внесшим установленную сооплату, медицинские услуги должны предоставляться в полном объеме без внесения дополнительной оплаты в соответствии с Программой государственных гарантий.
В рамках плановой госпитализации пациенту предоставляются:
• лечение в соответствии с медицинскими показаниями;
• диагностические и лечебные процедуры;
• оперативные вмешательства при наличии медицинских показаний;
• анестезия пособия наркоз), если оно требуется при проведении операции;
• лекарственные средства, включенные в Перечень жизненно важных лекарственных средств и необходимые в период лечения.
Если во время лечения пациенту предлагают внести дополнительную оплату, медицинская организация обязана предоставить разъяснение, а именно: за какие конкретно медицинские услуги требуется дополнительная оплата и входят ли данные услуги в Программу государственных гарантий.
Все официальные платежи должны производиться только через кассу медицинской организации с обязательной выдачей подтверждающего платежного документа (кассового чека или квитанции).
⚡ФОМС обращает особое внимание: пациенты не должны переводить денежные средства на личные банковские счета, MBank или другие электронные кошельки сотрудников медицинских организаций.
Если у вас возникли вопросы, сомнения относительно законности оплаты или вы считаете, что ваши права нарушены, в первую очередь обратитесь к заведующему отделением или администрации стационара.
☎Также вы можете получить консультацию или сообщить о возникшей ситуации, позвонив на круглосуточную горячую линию ФОМС - 113.