КР Экономика жана коммерция министрлиги

Call Directions Website Contact the organization

КР Экономика жана коммерция  министрлиги Министрликтин максаты социалдык-экономикалык прогрессти жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Обратная связь с предпринимателями - Катаганов М.К
e-mail: [email protected]
моб: 0(700) 00-91-99;
т: +996 (312) 62-05-35 +289

тел. (0312)-62 41 73 - общественная приемная
факс.(0312)-66 18 37

📢 Экономика жана коммерция министрлиги кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт!Кыргыз Республикасынын Экономика жана ко...
09/10/2026

📢 Экономика жана коммерция министрлиги кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт!

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

📌 Талапкерлерге негизги талаптар:
▪️ Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
▪️ 21 жаштан кем эмес болуу;
▪️ Тиешелүү жогорку билимге ээ болуу;
▪️ Белгиленген иш стажынын талаптарына жооп берүү.

Иш тажрыйбасы боюнча талаптар:

🔹 Башкы кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 3 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жыл.

🔹 Улук кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 1 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жыл.

🎓 Экономика, техникалык жана физика-математикалык илимдер, юриспруденция, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку билим талап кылынат. Башкы кызмат орундарына мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы билим да кабыл алынат.

📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 30-сентябрынан 10-октябрына чейин.

📲 Кантип катышууга болот?
Документтер «e-Kyzmat» мамлекеттик порталынын (kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырылат.

📞 Кошумча маалымат: 620535 (кошумча 154, 155, 156).

📌 Толук маалымат министрликтин расмий сайтында.

2026-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек ...
08/10/2026

2026-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү.

Министрдин орун басары Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Көп жылдык кызматташтык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда жана иштелип чыгууда.

Медербек Туманов министрлик менен Банктын жетекчилигинин ортосунда үзгүлтүксүз түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы келип чыккан маселелерди ыкчам кароого, биргелешкен чечимдерди табууга жана кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт.

Ошондой эле Медербек Туманов Хаммад Зафар Хундалды Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик тажрыйбасы Кыргызстан менен Банктын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл об...
08/10/2026

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү.

📊 Мониторингдин жыйынтыгы боюнча:

📍 Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы — 30–40 сом/кг.

📍 Бишкек шаарында:

* «Аламүдүн» базары — 30–45 сом/кг;
* «Орто-Сай» базары — 40–45 сом/кг;
* «Ак-Эмир» базары — 35–60 сом/кг.

🚜 Учурда фермерлер картошканы дүң баада 15–17 сомдон, ал эми базарлардын дүң соода катарларында 20–25 сомдон сатууда.

Картошканын чекене баасы анын сортуна, сапатына жана ортомчулардын санына жараша айырмаланат.

2026-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен ...
08/10/2026

2026-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен Дүйнөлүк банк тобунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл келишимге кол коюшту.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тобу альтернативдүү инвестициялоо — жаңы инвестициялык механизмдер аркылуу бизнес үчүн каражат тартуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

Кызматташтык жеке секторду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, бизнес жана инвесторлор үчүн кыйла түшүнүктүү шарттарды түзүүгө, ошондой эле ишканаларды, стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду каржылоонун укуктук негизин калыптандырууга багытталган.

Келишимдин алкагында альтернативдүү инвестициялоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Өз ара аракеттенүү каржылоонун жаңы механизмдерин иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл болгон эрежелерди иштеп чыгууда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Кызматташтыктын дагы бир багыты өнөктөштөрдүн ресурстарын бириктирүү жана эл аралык капиталды тартуу үчүн өнүктүрүү инструменттерин пайдалануу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу болот. Биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө жана кызыкдар инвесторлордун катышуу шарттарына өзгөчө көңүл бурулат.

2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Оман Султанатынын Соода, өнөр жа...
07/10/2026

2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Оман Султанатынын Соода, өнөр жай жана инвестицияларды илгерилетүү министрлигинин жана Oman Investment Authority уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, кыргыз продукциясын Оман рыногуна чыгарууну, халал-индустрия тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инвестициялык кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарына, анын ичинде биргелешкен инвестициялык фонд түзүүгө жана анын иштөө механизмдерине бурулду.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде кыргыз-оман Өкмөттөр аралык комиссиясын түзүүнү караган Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конкреттүү биргелешкен демилгелерди мындан ары предметтүү иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин бир баскычка — B3төн B2ге чейи...
06/10/2026

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин бир баскычка — B3төн B2ге чейин жогорулатып, божомолду «Туруктуу» деп белгиледи. Бул тууралуу Министрлер Кабинети 2026-жылдын 5-октябрында билдирди.

Рейтингдин жогорулашына экономиканын өсүшү жана диверсификацияланышы, калктын жан башына ИДПнын көбөйүшү, инфраструктурага инвестициялар жана мамлекеттик финансы абалынын жакшырышы негиз болду.

Ошондой эле мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын төмөндөшү, бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу боюнча саясат оң бааланды.

Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, Moody’s чечими туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана ишкердикти жандандырууга багытталган реформалардын натыйжаларын чагылдырат.

Рейтингдин жогорулашы эл аралык инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишенимин бекемдеп, узак мөөнөттүү капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле ата мекендик банктар жана компаниялар үчүн тышкы каржы рынокторуна чыгууга, еврооблигацияларды жана башка каржы инструменттерин пайдаланууга кошумча шарттарды түзөт.

Эл аралык рейтинг агенттиктери менен өз ара иштешүүдө Министрлер Кабинетине Oppenheimer Europe инвестициялык банкы консультациялык колдоо көрсөтөт.

Чүй облусунда «Орион-Гранд» ковролин өндүрүшү ишке киргизилди. Ачылышына экономика жана коммерция министринин орун басар...
06/10/2026

Чүй облусунда «Орион-Гранд» ковролин өндүрүшү ишке киргизилди. Ачылышына экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты.
🏭 Үйлөр, мейманканалар, кеңселер жана соода борборлору үчүн ковролин өлкө ичинде өндүрүлөт.
💰 Жалпы каржылоо — 3,216 млн АКШ доллары. Анын 1 млн долларын Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн.
👥 36 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жергиликтүү өндүрүш жеткирүүнү тездетип, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана продукцияны атаандаштыкка жөндөмдүү баада сунуштоого мүмкүндүк берет.
Келечекте коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууга да мүмкүнчүлүк ачылат!

2026-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун тө...
06/10/2026

2026-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында тышкы экономикалык иштин ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору операцияларды аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жумушчу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын банк тутумунун колдонулуп жаткан санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү белгилери бар операцияларга тартылышына жол бербөө боюнча иштердин алкагында ишмердиги санкциялык жана комплаенс-тобокелдиктердин жогорку деңгээли менен байланышкан 35ке жакын юридикалык жак аныкталды.

Эл аралык санкциялык режимдердин мындан ары күчөтүлүшүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн субъекттердин белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон ишмердигине көбүрөөк көңүл буруп жатканын эске алуу менен, ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан аталган юридикалык жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында аталган юридикалык жактарды мыйзамдарда белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жол-жобосун демилгелөө жөнүндө жүйөлүү кайрылуу жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле санкциялык тобокелдиктерди азайтууга жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды көрүү боюнча иштерди улантат.

On 5 October 2026, Bakyt Sydykov, Special Representative of the President of the Kyrgyz Republic for Special Assignments...
06/10/2026

On 5 October 2026, Bakyt Sydykov, Special Representative of the President of the Kyrgyz Republic for Special Assignments, chaired a regular working meeting of the interagency working group tasked with identifying unscrupulous participants in foreign economic activity and transactions involving heightened sanctions risks.
The meeting was attended by representatives of government agencies of the Kyrgyz Republic, the National Bank of the Kyrgyz Republic and commercial banks.
As part of efforts to minimise sanctions risks and prevent the Kyrgyz Republic’s banking system from becoming involved in transactions showing signs of circumvention of applicable sanctions restrictions, approximately 35 legal entities were identified whose activities are associated with heightened sanctions and compliance risks.
Taking into account the further tightening of international sanctions regimes and the increased attention paid by international partners to entities’ activities that may be linked to the circumvention of established restrictions, the interagency working group decided that these legal entities should be liquidated in accordance with the procedure prescribed by law.
In this regard, the Ministry of Economy and Commerce of the Kyrgyz Republic submitted a reasoned request to the Ministry of Justice of the Kyrgyz Republic to initiate, in accordance with the procedure prescribed by law, the compulsory liquidation of these legal entities in order to minimise sanctions risks.
The Ministry of Economy and Commerce of the Kyrgyz Republic will continue its work to improve interagency cooperation and take measures aimed at reducing sanctions risks and protecting the economic interests of the Kyrgyz Republic.

Address

Абдумомунова, 207 (вход с Орозбекова)
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996550886694

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when КР Экономика жана коммерция министрлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to КР Экономика жана коммерция министрлиги:

Shortcuts

Share