Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы
Call Directions Contact the organization

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы, Public & Government Service, Московская 237, Bishkek.

26/08/2026

Айдоочуларды жумушка чакырабыз! 🚌

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы кесипкөй айдоочуларды жумушка чакырат!

Эгер сизде:
✅ «D» категориясы;
✅ кеминде 3 жылдык айдоочулук стаж;
✅ оор жүк ташуучу унааларды башкаруу тажрыйбасы болсо —
биз сизди күтөбүз!

📞 Толук маалымат алуу үчүн
0(312) 53 17 89
📍7-Апрель 4/1Б

20/08/2026

Жүргүнчү автобустун терезесин таш ыргытып сындырды

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын №40 каттамында коомдук транспорттун терезеси жүргүнчү тарабынан таш ыргытуу менен сындырылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, автобус аялдамада гана токтоо талаптарына ылайык белгиленбеген жерде токтобой, өз багыты боюнча жүрүп бара жаткан учурда жүргүнчү тарабынан автобустун терезесине таш ыргытылган. Натыйжада автобустун терезеси сынган.

Окуя боюнча тиешелүү материалдар такталып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү коомдук транспортко аяр мамиле кылууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

19/08/2026

Жүргүнчү айдоочуга кол салып, автобустун эшигин сындырган

2026-жылдын 18-августунда саат 21:30 чамасында №13 каттамдагы автобуста жүргүнчү айдоочуга кол салып, автобустун эшигин таш менен сындырган.

Алдын ала маалымат боюнча, жүргүнчү айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен тилдеп , кийин айдоочуга кол салган. Автобустан түшүп бара жатып, жүргүнчү эшикти таш менен уруп сындырган.

Аталган факт боюнча милицияга катталып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү коомдук транспортто тартип сактоого жана айдоочулардын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырат.

19/08/2026
13/08/2026
03/08/2026

📢 "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы төмөнкү адистерди жумушка чакырат:
- слесарь-электронщик;
- газ жабдуулары боюнча слесарь.
Эгерде сиз бул адистиктердин бири боюнча иш тажрыйбага ээ, жоопкерчиликтүү жана эмгекчил болсоңуз, биздин жамаатка кошулуңуз!
📞 Кошумча маалымат үчүн төмөнкү номери аркылуу байланышсаңыз болот:
(0312) 53-17-89
📍7-Апрель 4/1Б

28/07/2026

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспортто жол кире төлөө тартибинин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Кезектеги рейддин жүрүшүндө өзүнө тиешелүү эмес транспорттук карталарды колдонгон бир катар жүргүнчүлөр аныкталды.

Тактап айтканда, мектеп окуучуларына берилген карталарды чоң адамдар, ал эми пенсионерлер үчүн каралган транспорттук карталарды башка жарандар мыйзамсыз пайдаланып жүргөн учурлар катталды.

Аталган фактылар боюнча протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык тартип бузган жүргүнчүлөргө 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Белгиленген эрежелерди сактап, жол кирени өз убагында төлөп, өзүңүзгө тиешелүү транспорттук карталарды гана колдонууну суранабыз.

28/07/2026

36-каттамдын айдоочусу жумуштан бошотулду…

Социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайлары видеокөзөмөл аркылуу текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, Жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталды.

Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилди. Ошондой эле тартип комиссиясынын чечими менен айдоочу ээлеген кызматынан бошотулду.

Address

Московская 237
Bishkek
720054

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00

Telephone

+996990306076

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы:

Shortcuts

Share