29/07/2026
УКР/КЫРГЫЗ
28 липня Україна вшановує пам'ять захисників і захисниць України, учасників добровольчих формувань та цивільних осіб, які були страчені, закатовані або загинули у полоні.
Цей день є символом героїзму і самовідданості, скорботи, пам'яті та рішучості у боротьбі за свободу та справедливість.
Чотири роки тому, у ніч з 28 на 29 липня 2022 року, Росія вчинила один із найжорстокіших воєнних злочинів проти українських військовополонених, здійснивши масове вбивство захисників України в колишній Волноваській виправній колонії поблизу тимчасово окупованої Оленівки. Українські військовослужбовці, які мали перебувати під захистом міжнародного гуманітарного права після виходу з території заводу "Азовсталь", були позбавлені найголовнішого права – права на життя.
Оленівка була свідомим, цілеспрямованим та варварським злочином Російської Федерації у порушення норм міжнародного гуманітарного права, зокрема положень Женевської конвенції про поводження з військовополоненими від 12 серпня 1949 року.
Україна наголошує, що злочин в Оленівці не був поодиноким випадком. Він є складовою системної політики Російської Федерації: катувань, нелюдського поводження, позасудових страт, фізичного і психологічного насильства щодо українських військовополонених та незаконно утримуваних цивільних осіб.
Україна заохочує усі миролюбні держави, для яких людське життя, міжнародне право та справедливість мають цінність, приєднатися до Спеціального трибуналу щодо злочину агресії проти України. Вироки Путіну та його поплічникам у Гаазі стануть справедливим покаранням за всі злочини, вчинені проти України та українського народу в ході неспровокованої злочинної війни, розвʼязаної Кремлем.
Ключовим пріоритетом для української влади залишається повернення всіх військовополонених, незаконно утримуваних цивільних осіб, депортованих та примусово переміщених громадян України.
Наполягаємо на обов’язку держави-агресора неухильно виконувати свої міжнародно-правові зобов'язання, забезпечити гуманне поводження з усіма особами, які перебувають під її контролем, та допустити до них представників Міжнародного комітету Червоного Хреста відповідно до норм міжнародного гуманітарного права.
Україна не припиняє боротьбу за звільнення кожного свого громадянина та притягнення до відповідальності всіх осіб, винних у скоєнні злочину агресії, воєнних злочинів та злочинів проти людяності.
Вічна пам'ять загиблим. Честь і слава українським Героям.
28-июлда Украина өлүм жазасына тартылган, кыйноого алынган же туткунда каза болгон Украинанын коргоочуларынын, ыктыярдуу түзүлүштөрдүн мүчөлөрүнүн жана жай тургундарынын элесин эскерет.
Бул күн — баатырдыктын, эрдиктин, кайгыруунун, эскерүүнүн, ошондой эле эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү чечкиндүүлүктүн символу.
Мындан төрт жыл мурун, 2022-жылдын 28инен 29уна караган түнү, Орусия убактылуу оккупацияланган Оленовкага жакын жердеги мурдагы Волноваха түзөтүү колониясында Украинанын коргоочуларын массалык түрдө өлтүрүп, украиналык аскер туткундарына каршы эң катаал согуш кылмыштарынын бирин жасаган.
"Азовсталь" заводунун аймагынан чыккандан кийин эл аралык гуманитардык укуктун коргоосунда болушу керек болгон украиналык аскер кызматкерлери эң башкы укугунан — жашоо укугунан ажыратылган.Оленовкадагы окуя Орусия Федерациясынын эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын, атап айтканда, 1949-жылдын 12-августундагы Аскер туткундары менен мамиле кылуу жөнүндөгү Женева конвенциясынын жоболорун бузган атайылап жасалган, максаттуу жана варвардык кылмышы болгон.
Украина Оленовкадагы кылмыш жалгыз учур эмес экенин баса белгилейт. Бул Орусия Федерациясынын системалуу саясатынын бир бөлүгү болуп саналат: украиналык аскер туткундарына жана мыйзамсыз кармалып турган жай тургундарга карата кыйноолор, адамгерчиликсиз мамиле, сотсуз өлүм жазасына тартуу, физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүү.
Украина адам өмүрүн, эл аралык укукту жана адилеттүүлүктү баалаган бардык тынчтык сүйүүчү мамлекеттерди Украинага каршы агрессия кылмышы боюнча Атайын трибуналга кошулууга чакырат.
Гаагадагы Путинге жана анын жан-жөкөрлөрүнө карата чыгарылган өкүмдөр Кремль тарабынан башталган негизсиз, кылмыштуу согуштун жүрүшүндө Украинага жана украиналыктарга каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн адилеттүү жаза болот.
Украина бийлиги үчүн бардык аскер туткундарын, мыйзамсыз кармалган жай тургундарды, депортацияланган жана мажбурлап көчүрүлгөн Украина жарандарын кайтарып алуу негизги артыкчылык бойдон калууда.
Агрессор мамлекет өзүнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерин так аткарууга, анын көзөмөлүндө турган бардык адамдарга гумандуу мамиле кылууну камсыздоого жана эл аралык гуманитардык укуктун нормаларына ылайык Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин өкүлдөрүн киргизүүгө милдеттүү экенин талап кылабыз.
Украина өзүнүн ар бир жаранын бошотуу жана агрессия кылмышын, согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды жасоого күнөөлүү болгон бардык адамдарды жоопко тартуу үчүн күрөшүн токтотпойт.
Каза болгондордун элеси түбөлүккө жашасын.
Украиналык Баатырларга урмат-сый жана даңк.