Государственное агентство лесного хозяйства

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Государственное агентство лесного хозяйства
Call Directions Website Contact the organization

Государственное агентство лесного хозяйства Лесная служба

ТОКОЙ КЫЗМАТЫНЫН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЗАМАНБАП ТЕХНИКА ЖАНА САНАРИПТИК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЧЫҢДАЛУУДАТокой фондусу...
07/10/2026

ТОКОЙ КЫЗМАТЫНЫН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЗАМАНБАП ТЕХНИКА ЖАНА САНАРИПТИК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЧЫҢДАЛУУДА
Токой фондусун натыйжалуу коргоо, токойлорду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү жана кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу максатында Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө токой тармагына заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө, кызматкерлерди керектүү техникалык каражаттар менен камсыздоого, ошондой эле токой чарбаларын атайын техника жана транспорт менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда.
💻 САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР
Токой кызматынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен 55 даана компьютер жана принтер комплекти, ошондой эле Токой кызматынын тутумунда иштеген кызматкерлер үчүн 559 даана планшет сатып алынды.
Планшеттер талаа шартында, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон токой аймактарында иштеген кызматкерлер тарабынан пайдаланылат. GPS жана геолокация мүмкүнчүлүктөрү бар мобилдик түзүлүштөр токой фондусунун абалын ыкчам каттоого, мыйзамсыз токой кыюу, токой өрттөрү, браконьерлик жана башка мыйзам бузууларды аныктоого, маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
🚜 АТАЙЫН ТЕХНИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ
Токой кызматынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен 1 даана JAC үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен:
🔹 1 даана экскаватор;
🔹 1 даана JAC T9 пикабы алынды.
Аталган техника токой жолдорун куруу жана оңдоо, өрткө каршы минералдаштырылган тилкелерди түзүү, рейддик иш-чараларды өткөрүү, токой кайтаруу кызматкерлерин жеткирүү жана башка зарыл иштерде колдонулат.
🌱 CS-FOR ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА АТАЙЫН ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ
2026-жылдын 7-октябрында CS-FOR долбоорунун алкагында Токой кызматынын тиешелүү токой чарбаларына жана жаратылыш парктарына токойлорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө багытталган атайын техника жана жабдуулар тапшырылды.

ТОКОЙ ЧАРБАСЫНЫН АДИСТЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ БОЛДУКыргыз Республикасынын Жаратылыш р...
02/10/2026

ТОКОЙ ЧАРБАСЫНЫН АДИСТЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги караштуу Токой кызматы менен Россия Федерациясынын Токой чарбасы боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы токой чарба кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык, токой чарбасынын адистери үчүн тажрыйба алмашуу өткөрүлдү.

2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын токой чарба тармагындагы адистеринин катышуусунда болду.

Иш-чаранын негизги максаты — токой чарбасынын адистеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана токой чарбасын башкаруу жаатындагы практикалык билимдерди өркүндөтүү.

Катышуучулар токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын натыйжалуу башкаруу, токойлорду коргоо жана сактоо багыттарындагы тажрыйбалар менен таанышып, кесиптик пикир жана практикалык тажрыйба алмашууда.

Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн токой чарба тармагындагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана тажрыйбалуу адистердин потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.

02/10/2026
02/10/2026

ТОКОЙ ТАРМАГЫН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ (6-бөлүк)

«КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР»: ТОКОЙ ТАРМАГЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИНЕ УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮТокой кызматы токой тармагында көп жылдар бою ...
01/10/2026

«КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР»: ТОКОЙ ТАРМАГЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИНЕ УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ
Токой кызматы токой тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, токой байлыгын коргоого, сактоого жана көбөйтүүгө өзгөчө салым кошкон ардагерлерге жана аксакал токойчуларга урмат көрсөттү.
Токойчулардын кесиптик майрамына жана 1-октябрь — Кыргыз Республикасынын Карылар күнүнө карата өлкө аймагындагы токой чарбаларында эмгектенип келген ардагерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, аларга Ардак төш белгилер, белек-бечкектер жана сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле Токой кызматынын борбордук аппаратында эмгектенип жаткан аксакал адистерге белектер тапшырылып, алардын эмгектерине терең ыраазычылык билдирилди.
Аймактарда өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында ардагерлердин урматына атайын дасторкон жайылып, сый тамак уюштурулуп, улуу муундун өкүлдөрү менен жылуу баарлашуу болду.
Иш-чарада Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев ардагерлерди куттуктап, алардын токой тармагындагы эмгеги кийинки муун үчүн чоң мектеп экенин белгиледи.
«Элибизде “Карысы бардын — ырысы бар” деген жакшы сөз бар. Ардагерлер биздин төрүбүздүн көркү, сыймыгыбыз. Алар жөн гана токой тармагынын ардагерлери эмес, бизге жол көрсөтүп, тажрыйбаңыздар менен бөлүшүп келген устаттарыбыз. Сиздер — токой тармагынын тирүү энциклопедиясысы болосуздар. Сиздердин ар бириңиздердин басып өткөн жолуңуздар, эмгегиңиздер жана тажрыйбаңыздар жаш токойчулар үчүн чоң сабак жана баа жеткис мурас», — деди Нургазы Чодоев.
Ардагерлердин эмгегин баалоо, алардын тажрыйбасын жаш муунга өткөрүп берүү жана улуу муунга урмат көрсөтүү — Токой кызматынын маанилүү багыттарынын бири.
Улуу муунга урмат — келечек муунга сабак. Ардагерлердин эмгеги — токой тармагынын тарыхы жана баалуу мурасы.

30/09/2026

ТОКОЙ ЖАЙГАШТЫРУУ ИШТЕРИ (5-бөлүк)

28/09/2026

ТОКОЙЛОРДУ КОРГОО ЖАНА КӨБӨЙТҮҮ

Address

проспект Чуй 265а Бишкек
Bishkek
720005

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312547452

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Государственное агентство лесного хозяйства posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Государственное агентство лесного хозяйства:

Shortcuts

Share