07/10/2026
Абдыганы Халиловдун 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү
________________________
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, PhD, ардактуу профессор Абдыганы Дарманбекович Халиловдун 70 жылдык мааракесине арналган «Уңгу жол жана учурдагы массмедиа» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чара журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулуп, анда Кыргызстандагы массмедианын бүгүнкү өнүгүү тенденциялары, анын руханий баалуулуктарды калыптандыруудагы орду, мультимедиа менен эл аралык медиамейкиндиктин өз ара байланышы жана өнүгүүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Ошондой эле «Уңгу жол» концепциясын коомчулукка жайылтууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Алгач Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Н.Ишекеев ректордун куттутоосун окуп, маараке ээсине каалоо-тилектерин айтты. Конференциянын алкагында профессор А.Халиловдун “Кыргызстандагы журналистика: журнал периодикасы жана ММКнын айрым проблемалары.” аттуу китебинин бет ачары болду. Аталган эмгекке автордун Кыргызстандын мезгилдүү басма сөзүнө арналган монографиялары жана илимий макалалары киргизилген.
Эл аралык жолугушууну журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш. Костюк алып барды. Программага ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө А.Халиловдун кесиптик жана илимий-педагогикалык ишмердигине арналган баяндамалар жасалды.
Конференцияда сөз сүйлөгөндөр маараке ээсинин журналистика тармагына жана адистерди даярдоо ишине кошкон салымын белгилешип, анын көп жылдык педагогикалык жана чыгармачылык ишмердигине жогору баа беришти.
Филология илимдеринин доктору, профессор С.Тиллебаев «Абдыганы Халилов – журналист кадрларды даярдоонун жаңы мектебин жаратуучу» аттуу баяндамасында анын журналистика боюнча адистерди даярдоодогу өзгөчө ролуна токтолду. Ал Абдыганы агайдын мугалимдик кесипти жөн гана аркалап тим болбостон, аны ардактуу кесип катары кабыл алып, бүткүл өмүрүн жаш адистерге билим жана тарбия берүүгө арнаган инсан экенин белгиледи.
Кыргыз эл жазуучусу, КУУнун ардактуу профессору А.Матисаков өз сөзүндө А. Халиловдун студенттик жылдарына кайрылып, анын билимге болгон умтулуусун, китепти көп окуганын, изденүүгө болгон кызыгуусун өзгөчө белгиледи. Анын пикиринде, көп окуу, өз алдынча изденүү жана ар дайым жаңы нерсеге умтулуу — Абдыганы агайдын кийинчерээк мыкты педагог жана кесипкөй адис болуп калыптанышына өбөлгө болгон сапаттардын бири.
Конференцияда Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, профессор Бауржан Жакып, Бишкек мамлекеттик университетинин профессору А.Асанова, журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Ч.Капарова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Б.Орунбеков, Евразия улуттук университетинин журналистика институтунун директору Кайрат Сак, ошондой эле журналист-жазуучулар жана медианын белгилүү өкүлдөрү баяндама жасашты.
Айрыкча «Журналисттердин мугалими жөнүндө» деген темада баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист-жазуучу А.Пазылов профессордун журналисттердин бир нече муунун даярдоодогу эмгегине токтолду.
Абдыганы Дарманбекович Халиловдун 70 жылдык мааракесине арналган бул илимий-практикалык конференция — анын эмгек жолун эскерүү менен гана чектелбестен, журналистика билиминин бүгүнкү абалын, медиа тармагынын өзгөрүү багыттарын жана келечектеги милдеттерин талкуулаган маанилүү кесиптик аянтча болду.