Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
Call Directions Website Contact the organization

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Электронный адрес отдела информации и связи с обществ?

Бакай-Ата районунда мергенчилик куралына мыйзамсыз уруксат берилгендиги аныкталдыБакай-Ата райондук прокуратурасы тарабы...
07/10/2026

Бакай-Ата районунда мергенчилик куралына мыйзамсыз уруксат берилгендиги аныкталды

Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Россия Федерациясында жүргөн жаран мергенчилик минимуму боюнча экзаменге катышпаганына карабастан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан ага мамлекеттик мергенчилик ырастамасы мыйзамсыз таризделгени аныкталды.

Анын негизинде райондук ички иштер органдарынан ок атуучу куралды сактоого жана колдонууга уруксат алынып, бир даана ок атуучу курал белгисиз адамдардын колуна өткөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

***

В Бакай-Атинском районе выявлен факт незаконного оформления удостоверения охотника

В ходе проверки, проведённой прокуратурой Бакай-Атинского района, установлено, что Таласским региональным управлением Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора незаконно оформлено государственное удостоверение охотника гражданину, который находился в Российской Федерации и фактически не сдавал экзамен по охотничьему минимуму.

На основании указанного удостоверения в районных органах внутренних дел получено разрешение на хранение и использование огнестрельного оружия. Впоследствии одна единица огнестрельного оружия оказалась у неустановленных лиц.

По данному факту возбуждено уголовное дело по статье 337 (Злоупотребление должностным положением) Уголовного кодекса Кыргызской Республики. В настоящее время проводятся следственные действия.

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран Грузиядан экстрадицияландыКыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ...
06/10/2026

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран Грузиядан экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун негизинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланды.

Алардын бири - Т.К. аттуу жаран расмий документтерди жасалмалоо жолу менен Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 га жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин дубликаттарын алып, андан соң аны үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберген.

Экинчи жаран - Н.Т. жасалма документтерди колдонуу менен автоунааны мыйзамсыз ээлеп, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберип, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда.

Экстрадицияланган жарандар ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.

Из Грузии экстрадированы двое граждан, обвиняемых в мошенничестве

В результате взаимодействия Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики с компетентными органами Грузии в Кыргызскую Республику экстрадированы двое граждан, находившихся в международном розыске по обвинению в мошенничестве.

Один из них, гражданин Т.К., обвиняется в том, что путём подделки официальных документов получил дубликаты правоустанавливающих документов на земельный участок площадью 27,9 га в селе Кок-Жар, после чего незаконно продал его третьим лицам.

Второй гражданин, Н.Т., обвиняется в том, что с использованием поддельных документов незаконно завладел автомобилем, а затем продал его третьим лицам, причинив потерпевшему ущерб в особо крупном размере.

Экстрадированные граждане доставлены из Грузии в Кыргызстан в сопровождении сотрудников МВД и помещены в следственный изолятор.

Генеральная прокуратура Кыргызской Республики продолжает работу по розыску и возвращению лиц, скрывающихся за пределами страны от органов следствия и суда, в целях обеспечения неотвратимости уголовной ответственности и защиты прав и законных интересов потерпевших.

Жалал-Абад областында 6 тоголок жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилдиЖалал-Абад областынын Аксы жана Чаткал райондору...
06/10/2026

Жалал-Абад областында 6 тоголок жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Жалал-Абад областынын Аксы жана Чаткал райондорунун прокуратуралары тарабынан жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 6 тоголок жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2025–2026-жылдары ата-энесинен ажыраган балдарга жалпы 19 батир жана 32 жер тилкеси алынып берилген.

***

В Джалал-Абадской области шести детям-сиротам выделены земельные участки

В результате мер прокурорского реагирования, принятых прокуратурами Аксыйского и Чаткальского районов Джалал-Абадской области в целях защиты имущественных прав детей-сирот, шести детям-сиротам выделены земельные участки и выданы соответствующие правоустанавливающие документы.

Следует отметить, что в результате проводимой органами прокуратуры Джалал-Абадской области работы в данном направлении в 2025–2026 годах детям, оставшимся без попечения родителей, предоставлены в общей сложности 19 квартир и 32 земельных участка.

06/10/2026

Туура тандоо, коопсуз келечек!

Эскертүү!
Бул видео жасалма интеллект технологиясын колдонуу менен жасалган. Бардык каармандар, алардын маалыматтары жана үндөрү ойдон чыгарылган. Бул материал маалыматтык жана агартуу максатында гана даярдалган.

#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм, #ЧестныйКыргызстан, #ЯНеДаюВзятку, ЯНеБеруВзятку

Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары болуп өттүРоссия Федерациясынын К...
05/10/2026

Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары болуп өттү

Россия Федерациясынын Казань шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында эки бирикменин мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары — Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору К. Байдылдаев катышты.

Жолугушуунун негизги маселеси чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Катышуучулар чек арага жакын аймактарда укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарактын жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле миграциялык режимдин талаптарынын бузулушуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кесиптик тажрыйба алмашууга жана макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

КМШга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыктары Протокол менен бекитилди.

Ошондой эле К. Байдылдаевдин Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары - Россия Федерациясынын Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Тараптар аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

***

В Казани состоялись встречи главных военных прокуроров государств СНГ и ШОС

В эти дни в Казани на полях заседаний Координационного совета генеральных прокуроров государств — участников СНГ и генеральных прокуроров государств — членов ШОС прошли встречи главных военных прокуроров и руководителей военно-юридических органов государств двух объединений.
Кыргызскую Республику представлял заместитель Генерального прокурора — Военный прокурор Кыргызской Республики К. Байдылдаев.

Ключевой темой стало укрепление сотрудничества в сфере надзорного обеспечения пограничной безопасности. Участники обсудили предупреждение правонарушений на приграничных территориях, противодействие контрабанде, незаконному обороту оружия и наркотиков, а также нарушениям миграционного режима. Особое внимание уделено обмену профессиональным опытом и выработке согласованных подходов к обеспечению законности и безопасности.

По итогам встречи представителей государств — участников СНГ принято Совместное заявление. Итоги встречи главных военных прокуроров и руководителей военно-юридических органов государств — членов ШОС закреплены в Протоколе.
Также состоялись двусторонние встречи К. Байдылдаева с заместителем Генерального прокурора Российской Федерации — Главным военным прокурором В. Петровым и Военным прокурором Народно-освободительной армии Китая Сунь Сюцзюнем. Стороны обменялись мнениями по вопросам укрепления сотрудничества между военными прокуратурами, обмена опытом и развития профессиональных контактов.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышты1-октябрда Каз...
02/10/2026

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышты

1-октябрда Казань шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Бектурганов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин прокуратура органдарынын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Непал, Сауд Аравиясы, Түркия жана Шри-Ланканын өкүлдөрү катышты.

Жыйында салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында терс таасир тийгизүүчү маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө М.Бектурганов санариптик трансформация шартында балдардын укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тажрыйбасы тууралуу айтып, жашы жете электердин интернет мейкиндигиндеги коопсуздугун камсыз кылууга жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен балдарга карата жасалган кылмыштардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурду.

Башкы прокурор санариптик коркунучтарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн, маалыматтарды ыкчам алмашуунун жана прокуратура органдарынын биргелешкен аракеттерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар Жыйынтыктоочу протоколго кол коюп, Казань декларациясын кабыл алышты. Ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен эксперттик топ түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

***

Генеральный прокурор Кыргызской Республики принял участие в 24-м заседании генеральных прокуроров государств-членов ШОС

1 октября в Казани Генеральный прокурор Кыргызской Республики М.Бектурганов принял участие в 24-м заседании генеральных прокуроров государств-членов Шанхайской организации сотрудничества.

В мероприятии приняли участие руководители прокуратур государств-членов ШОС Беларуси, Индии, Ирана, Китая, Казахстана, Пакистана, России, Таджикистана и Узбекистана, а также стран-наблюдателей и партнёров ШОС по диалогу — Азербайджана, Лаоса, Мальдив, Монголии, Мьянмы, Непала, Саудовской Аравии, Турции и Шри-Ланки.

Повестка заседания была посвящена вопросам защиты традиционных семейных ценностей, а также предупреждению распространения деструктивного контента среди несовершеннолетних.

В своем выступлении М.Бектурганов рассказал об опыте органов прокуратуры Кыргызской Республики в сфере защиты прав детей в условиях цифровой трансформации. Особое внимание уделил обеспечению безопасности несовершеннолетних в интернете и предупреждению преступлений в отношении детей с использованием информационных технологий.

Генеральный прокурор подчеркнул важность укрепления международного сотрудничества, оперативного обмена информацией и согласованных действий органов прокуратуры в противодействии цифровым угрозам.

По итогам заседания участники подписали итоговый Протокол и приняли Казанскую декларацию, договорившись в том числе о создании совместной группы экспертов по противодействию преступлениям в сфере информационных технологий.

Башкы прокурордун орун басары З.Акназаров Юридикалык академиянын студенттерине конок лекциясын өттүКыргыз Республикасыны...
02/10/2026

Башкы прокурордун орун басары З.Акназаров Юридикалык академиянын студенттерине конок лекциясын өттү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында Башкы прокурордун орун басары З.Акназаров биринчи курстун студенттери үчүн конок лекциясын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө юридикалык кесиптин өзгөчөлүктөрү, прокурордун коомдогу орду жана жоопкерчилиги, ошондой эле заманбап юристке коюлуучу кесиптик талаптар тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, студенттер менен кесиптик калыптануу жана прокуратура органдарындагы практикалык иштин өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, Юридикалык академияда мындай жолугушуулар туруктуу негизде өткөрүлүп, анын алкагында Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары студенттер менен өздөрүнүн кесиптик жана практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп келишет.

***

Заместитель Генерального прокурора З.Акназаров провел гостевую лекцию для студентов Юридической академии

В Юридической академии Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики состоялась гостевая лекция заместителя Генерального прокурора Кыргызской Республики З.К.Акназарова для студентов первого курса.

В ходе лекции были затронуты вопросы юридической профессии, роли прокурора в обществе, профессиональной ответственности и требований, предъявляемых к современному юристу. Также состоялся обмен мнениями по вопросам учебы, дальнейшего профессионального становления и практической работы в органах прокуратуры.

Подобные встречи с руководством Генеральной прокуратуры и начальниками структурных подразделений проводятся в Академии на регулярной основе и позволяют студентам знакомиться с практической стороной юридической профессии.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө ай...
02/10/2026

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөрдүн узак убакыт бою төлөнбөй келгендиги аныкталды.

Тактап айтканда, «А.О.» ЖЧКсы 2021–2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдү аныктоо методикасынын талаптарын бузуп, кыймылдуу булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөй келген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында «А.О.» ЖЧКсынан 132 млн 148 миң 843 сом өлчөмүндөгү төлөм мамлекеттик бюджетке толугу менен өндүрүлдү.

***

В ходе проверки соблюдения экологического законодательства, проведённой Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики, установлен факт длительной неуплаты обязательных платежей за загрязнение окружающей среды.

Так, ОсОО «А.О.» в период с 2021 по 2023 год в нарушение требований Методики определения платы за загрязнение окружающей среды в Кыргызской Республике своевременно не вносило обязательные платежи за выбросы загрязняющих веществ в атмосферный воздух от передвижных источников. В результате в государственный бюджет не поступило более 132 млн сомов.

В результате принятых Генеральной прокуратурой мер с ОсОО «А.О.» в государственный бюджет в полном объёме взыскана задолженность в размере 132 млн 148 тыс. 843 сомов.

Транспорттук көзөмөл кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча эки кылмыш иши козголдуТранспорттук прокуратура тарабы...
02/10/2026

Транспорттук көзөмөл кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча эки кылмыш иши козголду

Транспорттук прокуратура тарабынан Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактык башкармалыктарында жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2025-2026-жылдары юридикалык жактарга таандык чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалар тарабынан жол кыймылынын талаптарын бузуу фактылары боюнча айып пулдар мыйзам талаптарын одоно түрдө менен салынгандыгы аныкталган.

Жогоруда белгиленген мекеменин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 16 млн 29 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

***

По фактам незаконных действий сотрудников транспортного контроля возбуждены два уголовных дела

В ходе проверки, проведённой Транспортной прокуратурой в Иссык-Кульском и Нарынском территориальных управлениях Департамента наземного и водного транспорта, установлено, что в 2025–2026 годах при наложении штрафов за нарушения правил дорожного движения, совершённые с использованием иностранных грузовых транспортных средств, принадлежащих юридическим лицам, были допущены грубые нарушения требований законодательства.

В результате незаконных действий ответственных должностных лиц указанных территориальных управлений государству причинён ущерб на общую сумму 16 млн 29 тыс. сомов.
По указанным фактам возбуждены два уголовных дела по статье 337 Уголовного кодекса Кыргызской Республики (Злоупотребление должностным положением). В настоящее время проводятся следственные действия.

Address

Улица Токтоналиева, 139
Bishkek
720044

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

+996312542818

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

Shortcuts

Share