Государственная таможенная служба при Министерстве финансов КР

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Государственная таможенная служба при Министерстве финансов КР
Call Directions Website Contact the organization

Государственная таможенная служба при Министерстве финансов КР Государственная таможенная служба при Кабинете Министров КР Мамлекеттик бажы кызматы

08/10/2026

МБКнын алдамчылык схемаларынан сак болууга чакырат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен даярдалган, бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техникаларды сатуу тууралуу жалган маалыматтар камтылган жасалма видеоматериалдардын таралышы боюнча эскертет.

Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Бажы органдары товарларды сатуу менен алектенбейт.

Алдамчылар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлерде МБКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана кызмат орундарын колдонуу менен жасалма аккаунттарды түзүшүүдө. Алардын атынан жарандардын ишенимине кирүүгө жана аларды мыйзамсыз талаптарды аткарууга же акча каражаттарын которууга түрткөн жалган билдирүүлөр жана жарыялар таратылууда.

МБКнын жарандарды сак болууга, шектүү аккаунттарга, каналдарга жана топторго ишенбөөгө, жеке жана банктык маалыматтарын бербөөгө жана маалыматтарды расмий булактардан гана текшерүүгө чакырат.

МБК M**Aны мыйзамсыз ташып кирүүнүн эл аралык каналына бөгөт койду: 479 таблетка алындыКыргыз Республикасынын Министрлер...
08/10/2026

МБК M**Aны мыйзамсыз ташып кирүүнүн эл аралык каналына бөгөт койду: 479 таблетка алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө M**A (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында М.А.А. жана А.М.Б. аттуу жарандар кармалып, алар Москва — Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн алышкан.

Жөнөтмөнү текшерүү учурунда балык уулоого арналган жемдердин арасындагы металл идиштен кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылып, алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган таблеткалардын курамында M**A психотроптук заты аныкталган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө зат салынган 20 түйүнчөк табылган. Учурда алардын курамы аныкталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган психотроптук затты мыйзамсыз сатуудан түшүшү мүмкүн болгон кирешенин көлөмү 1,3 млн сомдон ашышы мүмкүн.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн эл аралык каналына тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого, ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын табууга багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
____________________________________________________
ГТС пресекла международный канал незаконного ввоза M**A: изъято 479 таблеток

Сотрудниками Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики во взаимодействии с Федеральной таможенной службой Российской Федерации и Службой по борьбе с незаконным оборотом наркотиков МВД Кыргызской Республики пресечен международный канал незаконного ввоза и сбыта психотропного вещества M**A (экстази).

В ходе оперативно-розыскных мероприятий в городе Бишкек задержаны граждане М.А.А. и А.М.Б., получившие почтовое отправление, следовавшее по маршруту, Москва — Бишкек.

При досмотре посылки в металлической банке среди рыболовных приманок обнаружены и изъяты 479 таблеток оранжевого цвета. Согласно заключению экспертизы, изъятые таблетки содержат психотропное вещество M**A.
Кроме того, в ходе дальнейших оперативных мероприятий обнаружены 20 свертков с веществом, состав которых в настоящее время устанавливается.

По предварительным данным, стоимость предполагаемого незаконного сбыта изъятого психотропного вещества могла превышать 1,3 млн сомов.

В настоящее время правоохранительными органами продолжаются оперативно-следственные мероприятия, направленные на установление всех участников международного канала незаконного оборота психотропных веществ, а также выявление иных возможных фактов противоправной деятельности.

01/10/2026

☕ Кызыктуу факт: кофе сандар менен

Бүгүн, 1-октябрда, Эл аралык кофе күнү белгиленет. Ушул күнгө карата бул суусундук тууралуу бажы статистикасына кайрылдык.
2026-жылдын 9 айында үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга 199,3 тонна кофе импорттолгон. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы жалпысынан 131 тонна, ал эми 2024-жылы 117,8 тонна кофе импорттолгон.

2025-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2026-жылдын 9 айындагы импорттун көлөмү 52,2%га, ал эми 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 70%га көп.

2026-жылы кофенин эң көп көлөмү Өзбекстандан — 94,9 тонна келген. Андан кийинки орундарда Литва — 49,6 тонна, Латвия — 20 тонна, Эстония — 13,2 тонна, Италия — 4,9 тонна, Түркия — 4,7 тонна жана Улуу Британия — 4,2 тонна.

Мындан тышкары, кофе импортунун географиясы кыйла кеңири: товарлар Германиядан, Румыниядан, Сингапурдан, Франциядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Угандадан да келген.

☕ 2026-жылдын 9 айындагы импорттун көлөмүн 2024-жылдагы көрсөткүч менен салыштырганда, айырма 81,5 тоннаны түзөт.
Демек, бүгүнкү кофе — бул тыныгуу жасап, бир чыны кофе ичүү гана эмес, ошондой эле тышкы соода статистикасындагы дагы бир кызыктуу көрсөткүч. ☕
****************************************************
☕ Интересный факт: кофе в цифрах

Сегодня, 1 октября, отмечается Международный день кофе. А мы решили посмотреть, что говорит об этом напитке таможенная статистика.

За 9 месяцев 2026 года из третьих стран в Кыргызстан ввезено 199,3 тонны кофе. Для сравнения, за весь 2025 год объём составил 131 тонну, а за 2024 год — 117,8 тонны.

По сравнению с показателем 2025 года объём ввоза за 9 месяцев 2026 года уже больше на 52,2%, а по сравнению с объёмом 2024 года — почти на 70%.

Больше всего кофе в 2026 году поступило из Узбекистана — 94,9 тонны. Далее следуют Литва — 49,6 тонны, Латвия — 20 тонн, Эстония — 13,2 тонны, Италия — 4,9 тонны, Турция — 4,7 тонны и Великобритания — 4,2 тонны.

При этом география поставок достаточно широкая: кофе также поступал из Германии, Румынии, Сингапура, Франции, ОАЭ и Уганды.
☕ Если сравнить объём ввоза за 9 месяцев 2026 года с показателем 2024 года, разница составляет 81,5 тонны.

А значит, чашка кофе сегодня — это не только повод сделать паузу, но и ещё одна интересная цифра в статистике внешней торговли. ☕

«Түндүк» темир жол бажысы 9,5 тоннадан ашык декларацияланбаган товарларды аныктады«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабан...
01/10/2026

«Түндүк» темир жол бажысы 9,5 тоннадан ашык декларацияланбаган товарларды аныктады

«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Түркиядан мыйзамсыз декларацияланбай ташылып келинген товарларды аныкташты.

Бажылык тыкыр кароонун жүрүшүндө «F.» ЖЧКнын дарегине келген жалпы салмагы 9 510 кг түзгөн товарлар аныкталды. Алардын арасында кабелдик кесиндилер, агым датчиктери, кабелдик туташтыргычтар, редукциялар, контакторлор, электр энергия булактары, клавиатура панелдери, модемдер, күчөткүчтөр жана кыргычтар комплекти бар.

Документтерге ылайык, аныкталган товарлардын жалпы наркы 12 396 414 сомду, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 292 538 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча материалдар белгиленген тартипте катталып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында республикалык бюджетке 5 037 854 сом өндүрүлүп, бул мамлекетке келтирилген зыяндын эки эселенген өлчөмүн түздү.
___________________________________________
Железнодорожная таможня «Северная» выявила незадекларированные товары весом более 9,5 тонн

Сотрудники Отдела по борьбе с контрабандой и нарушениями таможенных правил железнодорожной таможни «Северная» выявили факт ввоза незадекларированных товаров из Турции.
В ходе таможенного досмотра в адрес ОсОО «F.» обнаружены товары общим весом 9 510 кг, в том числе кабельные отрезки, датчики потока, кабельные соединители, редукции, контакторы, источники электропитания, панели клавиатуры, модемы, усилители и скребки в комплекте.

Согласно документам, стоимость выявленных товаров составила 12 396 414 сомов, сумма подлежащих уплате таможенных платежей — 2 292 538 сомов.

Материалы по данному факту зарегистрированы в установленном порядке и направлены в Следственное управление ГТС для принятия соответствующего решения.

По результатам проведённых мероприятий в республиканский бюджет взыскано 5 037 854 сома, что составляет двукратный размер причинённого государству ущерба.

01/10/2026

Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын мыйзамсыз ташып кирүү каналына бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери менен бирге «көкнаар» баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз ташып кирүү каналына бөгөт коюшту.

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1999-жылы туулган К.И.Э., 2000-жылы туулган Б.М.Т. жана 1999-жылы туулган Б.у.К. аттуу жарандар кармалган.

Учурда баңгизат каналынын бардык катышуучуларын, психотроптук заттарды ташып келүүнү жана сатууну уюштурган адамдарды аныктоого, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө байланыштуу башка фактыларды табууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
______________________________________________
Пресечён канал незаконного ввоза наркотического средства в особо крупном размере

Сотрудниками таможни «Манас» Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики совместно с сотрудниками СБНОН МВД КР пресечён канал незаконного ввоза наркотического средства «марихуана» в особо крупном размере.

В результате проведённых оперативно-следственных мероприятий на территории города Бишкек задержаны граждане К.И.Э., 1999 года рождения, Б.М.Т., 2000 года рождения, и Б.у.К., 1999 года рождения.

В настоящее время продолжаются следственные и оперативно-розыскные мероприятия, направленные на установление всех участников наркоканала, лиц, организовавших ввоз и сбыт наркотических средств и психотропных веществ, а также выявление других фактов их незаконного оборота.

«Кант» БТЖсында эки жүк ташуучу автоунааны ташып кирүүдө мыйзам бузуулар аныкталды«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага...
01/10/2026

«Кант» БТЖсында эки жүк ташуучу автоунааны ташып кирүүдө мыйзам бузуулар аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Европадан ташылып келинген Volvo FH жана DAF XF 480 үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаага байланыштуу мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Бажылык контролдоо учурунда, коштомо документтерде транспорт каражаттарынын чыгарылган так даталары көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган.

Адистештирилген экспертизанын жыйынтыгында, Volvo FH автоунаасы 2019-жылдын январь айында, ал эми DAF XF 480 2019-жылдын 15-июлунан 21-июлу аралыгында чыгарылгандыгы аныкталды. Кыймылдаткычтарынын көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 12 800 см³ жана 12 900 см³ түзгөн.

Эки транспорт каражаты боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 253 354 сомду түздү.

Материалдар белгиленген тартипте МЭЖ КБРге катталып, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мамлекетке келтирилген зыян толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.
________________________________________
На МТО «Кант» выявлены нарушения при ввозе двух грузовых автомобилей

Сотрудники Отдела по борьбе с контрабандой и нарушениями таможенных правил Северо-Восточной таможни выявили факты нарушения при ввозе из Европы двух грузовых автомобилей Volvo FH и DAF XF 480.

В ходе таможенного контроля установлено, что в товаросопроводительных документах отсутствовали точные даты выпуска транспортных средств.

По результатам специализированной экспертизы установлено, что Volvo FH выпущен в январе 2019 года, DAF XF 480 — в период с 15 по 21 июля 2019 года. Объем двигателей составил соответственно 12 800 см³ и 12 900 см³.

Сумма таможенных платежей, подлежащих уплате по двум транспортным средствам, составила 3 253 354 сома.

Материалы зарегистрированы в установленном порядке в ЖУИ ЕРПП и переданы в Следственное управление ГТС для принятия соответствующего процессуального решения. Причиненный государству ущерб полностью возмещен в государственный бюджет.

01/10/2026

«Цена одной взятки!»

Таможня «Манас» подготовила социальный ролик о последствиях коррупции.

Одна взятка может показаться незначительной, но за ней — нарушение закона, потеря доверия и ответственность. Коррупция затрагивает не только того, кто даёт или получает взятку, но и общество в целом.

Если вы столкнулись с коррупцией со стороны сотрудников ГТС или стали её свидетелем, сообщите:

📞 09:00–18:00: +996 312 51 24 67 (кроме выходных)
📞 Круглосуточно: +996 777 77 71 60
📧 [email protected]

Конфиденциальность обращений гарантируется.

#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм, #ЧестныйКыргызстан, #ЯНеДаюВзятку, #ЯНеБеруВзятку

30/09/2026

МБК «Альфа-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналды аныктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КР ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Россиядан Кыргызстанга «Альфа-PVP» психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигин токтотууга багытталган атайын операция өткөрүштү.

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган М.Р.А. аттуу жаран жана анын жубайы М.Е.А. кармалды.

М.Р.А. почта аркылуу алган аба муздаткычты текшерүү учурунда анын конструкциялык көңдөйлөрүнүн ичинен жалпы салмагы 1 кг 126 граммды түзгөн «Альфа-PVP» заты салынган брикет табылган. Жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда психотроптук заттарды таңгактоого жана таратууга арналган электрондук таразалар, ZIP-баштыкчалар жана башка буюмдар алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган партияны мыйзамсыз сатууда анын наркы 4,9 млн сомдон ашышы мүмкүн. Психотроптук заттын 6 800дөн ашык бир жолку дозасынын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүшүнө бөгөт коюлду.

Учурда эл аралык каналдын бардык катышуучуларын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.
___________________________________________________________
ГТС выявила международный канал незаконного ввоза и сбыта «Альфа-PVP»

Сотрудниками Государственной таможенной службой при Кабинете Министров Кыргызской Республики совместно с сотрудниками СБНОН МВД КР, МВД и ФТС РФ проведена специальная операция по пресечению международного канала незаконного ввоза из России в Кыргызстан и сбыта психотропного вещества «Альфа-PVP».

В Бишкеке в результате оперативно-следственных мероприятий задержаны граждане М.Р.А., 1995 года рождения, и его супруга М.Е.А.

При проверке полученного М.Р.А. по почте воздухоохладителя в его конструктивных полостях обнаружен брикет с «Альфа-PVP» общей массой 1 кг 126 г. В ходе обыска по месту жительства также изъяты электронные весы, ЗИП-пакеты и другие предметы, предназначенные для фасовки и распространения психотропных веществ.

По предварительным данным, стоимость партии при незаконном сбыте могла составить более 4,9 млн сомов. Предотвращено распространение более 6 800 разовых доз психотропного вещества.

В настоящее время продолжаются мероприятия по установлению всех участников международного канала и других фактов незаконного оборота психотропных веществ.

29/09/2026

«Нарын» бажысы декларацияланбаган товарлардын 36 түрүн аныктады

«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажылык контролдоо жүргүзүү учурунда белгиленген тартипте декларацияланбаган товарлардын 36 түрүн аныкташты.

Кытай Эл Республикасынан «К.Б.Г.» ЖЧКсынын дарегине «Нарын» БТЖсына транзиттик декларация боюнча товарлардын партиясы келген. Декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын арасында үстөлдөр, автосамосвалдар үчүн запастык бөлүктөр, экскаватордун арматуралары, гидроцилиндрлер, кыймылдаткычтар жана бургулоочу жабдуулар үчүн запастык бөлүктөр, шиналар, карьердик автосамосвалдар үчүн запастык бөлүктөр, ички камералар жана эмульгатор көрсөтүлгөн.

Бажылык контролдоо жана текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө декларацияланбаган товарлардын бар экендиги аныкталган. Бул факты боюнча белгиленген тартипте тиешелүү актылар түзүлүп, товарлар ЕАЭБ Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык кармалган.

Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 840 911 сомду түздү.

Иштин материалдары андан ары кароо жана укуктук баа берүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө өндүрүлдү. Мамлекеттик бюджетке 5 681 823 өндүрүлүп алынды.
__________________________________________________-
Таможня «Нарын» выявила ввоз 36 видов незадекларированных товаров

Сотрудники таможни «Нарын» в ходе таможенного контроля выявили 36 видов товаров, сведения о которых не были заявлены в установленном порядке.

Из Китайской Народной Республики в адрес ОсОО «К.Б.Г.» на МТО «Нарын» поступила партия товаров по транзитной декларации. В числе заявленных товаров значились столы, запасные части для самосвалов, экскаваторная арматура, гидроцилиндры, запасные части для двигателей и буровой установки, шины, запасные части для карьерных самосвалов, внутренние камеры и эмульгатор.

В ходе таможенного контроля и досмотровых мероприятий установлено наличие незадекларированных товаров. По данному факту в установленном порядке составлены соответствующие акты и протоколы задержания товаров в соответствии со статьёй 379 Таможенного кодекса ЕАЭС.
Сумма таможенных платежей, подлежащих уплате, составила 2 840 911 сомов.

Материалы дела переданы в Следственное управление ГТС для дальнейшего рассмотрения и правовой оценки.
В результате проведённых мероприятий причинённый государству ущерб возмещён в двукратном размере. В государственный бюджет взыскано 5 681 823 сома.

МБКнын командасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын эл аралык футбол турниринде жеңүүчү болуштуБеларусь Респу...
28/09/2026

МБКнын командасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын эл аралык футбол турниринде жеңүүчү болушту

Беларусь Республикасынын Брест шаарында Евразия
экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын өкүлдөрү арасында эл аралык футбол турнири болуп өттү.

Быйылкы турнир ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 55-жыйынынын алкагында уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын командасы биринчи орунду ээлеп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Катышуучулар үчүн турнир спорттук мелдеш менен гана чектелбестен, расмий эмес шартта жолугушуп, тажрыйба алмашууга жана бажы кызматтарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү.
______________________________________________
Команда ГТС стала победителем международного футбольного турнира среди таможенных служб ЕАЭС

В городе Брест Республики Беларусь состоялся международный турнир по футболу среди представителей таможенных служб государств – членов Евразийского экономического союза.

В этом году турнир прошел в рамках 55-го заседания Объединенной коллегии таможенных служб государств – членов ЕАЭС.

По итогам соревнований команда Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики заняла первое место.

Для участников это был не только спортивный турнир, но и возможность встретиться в неформальной обстановке, обменяться опытом и укрепить дружеские связи между таможенными службами.

Address

Улица Байтик Баатыра 4а
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312510630

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Государственная таможенная служба при Министерстве финансов КР posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Государственная таможенная служба при Министерстве финансов КР:

Share