ГУ Кызмат

Call Directions Website Contact the organization

ГУ Кызмат Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси

Государственное предприятие «Инфоком», обладает современным технологическим оборудованием и квалифицированными специалистами по предоставлению полного спектра электронных услуг начиная от консалтинга и обследования информационных систем организации и заканчивая разработкой и внедрением программно-аппаратных комплексов, а также рядом специальных услуг, связанных с потоковым переводом в электронный вид больших объемов бумажных документов и использования электронной цифровой подписи в системе электронного документооборота, т.е. предлагает удобную альтернативу бумажному документообороту.

Санариптик кызматтар бизнес үчүн дагы ыңгайлуу болууда!Эми медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо он...
09/10/2026

Санариптик кызматтар бизнес үчүн дагы ыңгайлуу болууда!

Эми медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо онлайн жеткиликтүү!

Арыз берүүдөн тартып электрондук лицензия алууга чейинки бардык процессти мамлекеттик органга жеке барбастан, аралыктан өтүүгө болот.

📲 Кагаз иштер азайып, убакыт үнөмдөлөт жана процесстин ачыктыгы камсыздалат.
______

Цифровые услуги становятся удобнее для бизнеса!

Теперь лицензирование медицинской и фармацевтической деятельности доступно онлайн!

От подачи заявления до получения электронной лицензии — весь процесс можно пройти дистанционно, без личного посещения государственного органа.

📲 Меньше бумажной волокиты, больше прозрачности и экономии времени.

09/10/2026

🏠Жашаган жериңиз боюнча каттоодон өтүү үчүн Калкты тейлөө борборуна баруунун кереги жок!

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүңүздү, балаңызды же башка жарандарды үйдөн чыкпай эле каттай аласыз✅

🟢Арыз берүүнүн процесси:
Мүлк ээлери үчүн:
1. Турак-жайды тандаңыз🏡
2. Жеке идентификациялык номурду же балаңызды тандаңыз🙍‍♀️🧒
3. Онлайн идентификациядан өтүңүз📸
4. Булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюңуз🖊

🟢Катталуучу жарандар үчүн:
1. Келүүнүн максатын тандаңыз.
2. Онлайн идентификациядан өтүңүз.
3. Булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюңуз.

Онлайн каттоо кызматы аркылуу сиз каалаган убакта, Калкты тейлөө борборуна барып убара болбой жана кезекке турбай каттала аласыз.

🚘 «Түндүктө» жаңы кызмат: транспорт каражаттары тууралуу маалымкаттар жеткиликтүү.Эми өз атыңызга катталган транспорт ка...
07/10/2026

🚘 «Түндүктө» жаңы кызмат: транспорт каражаттары тууралуу маалымкаттар жеткиликтүү.

Эми өз атыңызга катталган транспорт каражаттары тууралуу расмий маалымкат алып, ошондой эле күрөө же камактын бар-жогун онлайн текшере аласыз. Баары «Түндүк» мобилдик колдонмосунда.
______

🚘 В «Түндүк» доступна новая услуга: справки о транспортных средствах.

Теперь онлайн можно получить официальную справку о наличии зарегистрированных на вас транспортных средств, а также проверить наличие залога или ареста. Всё прямо в мобильном приложении «Түндүк».

06/10/2026

65 миң көрүүчү. Бир арена. Тарыхый күн🇰🇬

«Бишкек Арена» эшигин ачты!

🎟️ Электрондук билет
📲 QR-каттоо
👤 Face ID аркылуу кирүү

Мунун баары — бирдиктүү санариптик система аркылуу.

«Кызмат» ММси — санариптик чечимдер эл үчүн.

#Кызмат #БишкекАрена #Санариптештирүү #Кыргызстан

02/10/2026

📲 Tunduk тиркемеси аркылуу ID-картаны онлайн алмаштырыңыз – Калкты тейлөө борборуна баруунун зарылдыгы жок!

🟩 Кимдер арыз бере алат?
Биометрикалык ID-паспорттун 2024 жана 2017-жылкы үлгүлөрүнө ээ болгон жарандар.

🟩 Кантип алмаштырууга болот?
1) «Түндүк» тиркемесине кирип, «ID-картаны алмаштыруу» бөлүмүн тандаңыз.
2) Алмаштыруу себебин көрсөтүңүз (жоготуу, бузулуу, мөөнөтү бүткөн ж.б.).
3) Фото-идентификациядан өтүңүз.
4) Даяр паспортту алуу үчүн ыңгайлуу КТБ тандаңыз.
5) Мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөңүз.

🟩 Документтерди кароо жана алуу
✅ Текшерүү мөөнөтү – 1–3 күн.
✅ Билдирүү келгенден кийин, тандалган КТБ жаңы паспортуңузду алыңыз.

Тез жана ыңгайлуу!

01/10/2026

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Джапаров Бишкек шаарындагы №01–04 Калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү, жарандарды тейлөө деңгээли, ошондой эле санариптик кызматтарды колдонуунун натыйжалуулугу каралды.

Өзгөчө көңүл жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга бурулду. Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү шартында онлайн-сервистердин санын көбөйтүү менен гана чектелбестен, жарандарга аларды эркин жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү камсыз кылуу маанилүү экендиги белгиленди.

Негизги максат — ар бир жаран үчүн мамлекеттик кызматтарды заманбап, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу. Санариптештирүү жарандар үчүн кызмат алуу процессин татаалдаштырбастан, аны мүмкүн болушунча тез, ыңгайлуу жана жөнөкөй кылууга багытталууга тийиш.

🏢 ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЗАМАНБАП КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫОш шаарында жарандар үчүн жаңы заманбап Калкты тейлөө борборунун...
28/09/2026

🏢 ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЗАМАНБАП КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ош шаарында жарандар үчүн жаңы заманбап Калкты тейлөө борборунун (КТБ) салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

📍 Дареги: Ош шаары, Көкүм Бий көчөсү, 194-195А
📐 Аянты: 1 500 м²
👥 38 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлей алат.

Борбордо жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн:
▫️ электрондук кезек;
▫️ кенен тейлөө залы;
▫️ эне жана бала бөлмөсү;
▫️ касса жана паспорт берүү бөлүмү;
▫️ архив;
▫️ жогорку комфорттогу VIP-зал.

Эми Ош шаарынын тургундары мамлекеттик кызматтарды «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тез, ыңгайлуу жана сапаттуу ала алышат.

Жаңы КТБ — заманбап технологиялар, жеткиликтүүлүк жана ыңгайлуулук айкалышкан жаңы тейлөө борбору.

28/09/2026

🏢 ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЗАМАНБАП КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНА МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!2026-жылдын 28-сентябрынан тартып Ош шаарындагы 02-01 Калкты тейлөө борбору ж...
27/09/2026

ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНА МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

2026-жылдын 28-сентябрынан тартып Ош шаарындагы 02-01 Калкты тейлөө борбору жаңы заманбап имаратта кызмат көрсөтө баштайт.

Жаңы дарек: Ош шаары, Көкүм Бий көчөсү, 79/1Б.

Жаңы КТБда жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, мамлекеттик кызматтар электрондук кезек жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча көрсөтүлөт.

28-сентябрдан тартып сиздерди жаңы даректе күтөбүз!

Иш графиги:
• Дүйшөмбү – Жума: 09:00 – 18:00
• Түшкү тыныгуу: 12:30 – 13:30
 
▫️▫️▫️▫️▫️
 
ВАЖНАЯ ИНФОРМАЦИЯ ДЛЯ ЖИТЕЛЕЙ ОША!

С 28 сентября 2026 года Ошский ЦОН 02-01 в связи с открытием нового современного Центра обслуживания населения продолжит работу по новому адресу: г. Ош, ул. Көкүм Бий, 79/1Б.

В новом ЦОН созданы все необходимые условия для удобного и качественного получения государственных услуг.

С 28 сентября ждём вас по новому адресу!

График работы:
• Понедельник – Пятница: 09:00 – 18:00
• Перерыв: 12:30 – 13:30

Address

проспект Жибек Жолу, 381
Bishkek
720011

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312986190

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ГУ Кызмат posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to ГУ Кызмат:

Shortcuts

Share