24/09/2026
📌 Өндүрүшү кеңейген ишкана: Шаакеев Азаттын жаңы мүмкүнчүлүктөрү
🔹 Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында миссия өкүлдөрү көп жылдан бери айыл чарба тармагында иш алып барып келе жаткан ишкер Шаакеев Азаттын ишканасына барышты. АӨБ өкүлдөрү иштеп жаткан өндүрүш менен таанышып, жаңыланган жабдуулардын иштөө процессин көрүштү.
🔹 Шаакеев Азат мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоо багытында иш алып барат. Долбоордун алкагында ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн 14,3 млн сом өлчөмүндө кредиттик каржылоо тартылган.
🔹 Каражаттын эсебинен заманбап муздаткыч жабдуулары, мөмө-жемиш жана жашылчаларды алгачкы кайра иштетүүчү атайын линиялар жана продукция ташуучу авторефрижератор сатып алынып, орнотулган. Учурда борбор толук кандуу иштеп жатат.
🔹 Комплекстин продукция сактоо көлөмү 320 тоннаны түзөт, ал эми долбоордук кайра иштетүү кубаттуулугу 5 000 тоннага чейин чийки затты түзөт. Жаңы жабдуулар продукцияны сапаттуу сактоого, кайра иштетүүгө жана жергиликтүү фермерлердин продукция жоготууларын азайтууга шарт түзүүдө.
🔹 Долбоорду ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (ОРСП) адистери ишкерге консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүп, иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, долбоордун талаптарына шайкеш келишине баалоо иштерин жүргүзүштү.
🔹 Долбоордун натыйжасында ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, продукцияны тышкы рынокторго туруктуу чыгарууга шарт түзүлдү. Борбордун ишмердүүлүгү чийки затты сатып алуудан тартып, аны кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоого чейинки процессти өнүктүрүүгө багытталган.
🔹 Иш сапардын жүрүшүндө АӨБдүн миссиясы ишкананын учурдагы жыйынтыктары жана келечектеги пландары менен таанышты. Бул объект айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган долбоордук колдоонун практикалык жыйынтыктарынын бири болуп саналат.
#ПРУИКЦДС #АйылЧарба #Кыргызстан