Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Call Directions Website

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий баракчасы

УРМАТ АСАНБАЕВ СПОРТСМЕН АКЫЛБЕК УРУНБАЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУБүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ...
08/10/2026

УРМАТ АСАНБАЕВ СПОРТСМЕН АКЫЛБЕК УРУНБАЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев таяк тартыш боюнча спорт чебери Акылбек Урунбаевди жана башкы машыктыруучусу , Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Марат Раматовду кабыл алды.

Жолугушууда спортсмендин эл аралык мелдештердеги жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу сөз болду.

Акылбек Урунбаев бир катар эл аралык абройлуу мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Атап айтканда, “Мистер Олимпия”ачык чемпионатында 95 кг чейинки салмак категориясында жана абсолюттук категорияда да чемпион болгон. Ошондой эле спортсмен “Arnold Classic” эл аралык мелдешинде дагы алтын медалга ээ болгон.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы АКШда өткөн мелдеште 95кг салмак категориясында, Бразилияда өткөн мелдеште 105 кг салмак категориясында күч сынашып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Урмат Асанбаев спортсменди жана башкы машыктыруучуну Кыргызстандын желегин эл аралык аренада татыктуу таанытып келе жаткандыктары үчүн ыраазычылык кат менен сыйлады.

Ал спорт өкүлдөрүнө алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалап, жаңы бийиктиктерди багындырууларына тилектештигин билдирди.

***

УРМАТ АСАНБАЕВ ВСТРЕТИЛСЯ СО СПОРТСМЕНОМ АКЫЛБЕКОМ УРУНБАЕВЫМ

Сегодня, 8 октября, директор Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Урмат Асанбаев принял мастера спорта по мас-рестлингу Акылбека Урунбаева и его главного тренера, заслуженного тренера Кыргызской Республики Марата Раматова.

В ходе встречи были обсуждены достижения спортсмена на международных соревнованиях, а также его планы на предстоящий период.

Акылбек Урунбаев принимал участие в ряде престижных международных соревнований и занимал призовые места. В частности, на открытом чемпионате «Мистер Олимпия» он стал чемпионом в весовой категории до 95 кг, а также в абсолютной категории. Кроме того, спортсмен завоевал золотую медаль на международном соревновании «Arnold Classic».

Также в текущем году на соревновании, прошедшем в США, Акылбек Урунбаев выступал в весовой категории до 95 кг, а на соревновании в Бразилии — в весовой категории до 105 кг, где занял призовые места.

Урмат Асанбаев вручил спортсмену и главному тренеру благодарственные письма за достойное представление Кыргызстана на международной арене и продвижение государственного флага страны.

Он пожелал представителям спорта успехов на предстоящих соревнованиях и выразил надежду на покорение новых высот.

08/10/2026

Урмат Асанбаев Азербайжандын мини-футбол федерациясынын делегациясы менен жолугушту

***
Урмат Асанбаев встретился с делегацией Федерации мини-футбола Азербайджана

Урмат Асанбаев Азербайжандын мини-футбол федерациясынын делегациясы менен жолугуштуБүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикас...
08/10/2026

Урмат Асанбаев Азербайжандын мини-футбол федерациясынын делегациясы менен жолугушту

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Азербайжандын Мини-футбол федерациясынын президенти, “Зиря” футбол клубунун Байкоочу кеңешинин төрагасы Орхан Маммадов баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Урмат Асанбаев конокторду жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар мини-футболду өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, ошондой эле Кыргызстанда бул спорттун түрүн өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Азербайжан тарап Кыргызстанда мини-футболду өнүктүрүүгө практикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, атап айтканда, мини-футбол аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу балдарды жана жаштарды спорт менен машыгууга тартууга, таланттуу спортчуларды аныктоого жана оюнчуларды даярдоонун туруктуу системасын түзүүгө кошумча шарттарды түзөт.
Жолугушууда кыргызстандык мини-футболду эл аралык аренада өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азербайжандын Мини-футбол федерациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөгө, анын ичинде Азия жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге жана лигаларга катышууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда мини-футболду кеңири жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

*********************
Урмат Асанбаев встретился с делегацией Федерации мини-футбола Азербайджана

Сегодня, 8 октября, директор Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Урмат Асанбаев встретился с делегацией Федерации мини-футбола Азербайджана во главе с президентом Федерации мини-футбола Азербайджана, председателем Наблюдательного совета футбольного клуба «Зиря» Орханом Маммадовым.
В ходе встречи Урмат Асанбаев тепло приветствовал представителей Азербайджана и отметил важность развития и укрепления дружественных отношений между Кыргызстаном и Азербайджаном, в том числе в сфере физической культуры и спорта.
Стороны обсудили перспективные направления сотрудничества в области мини-футбола, а также возможности реализации совместных проектов, направленных на развитие данного вида спорта в Кыргызстане.

Азербайджанская сторона выразила готовность оказать практическую поддержку в развитии мини-футбола в Кыргызстане, в частности рассмотреть возможность строительства мини-футбольных полей в стране. Реализация таких проектов позволит создать дополнительные условия для привлечения детей и молодежи к занятиям спортом, выявления талантливых спортсменов и формирования устойчивой системы подготовки игроков.

Особое внимание в ходе встречи было уделено международному развитию кыргызстанского мини-футбола. Представители Федерации мини-футбола Азербайджана выразили готовность оказать содействие в продвижении Кыргызстана на международной арене, включая участие в азиатских и мировых соревнованиях и лигах по мини-футболу.

По итогам встречи стороны подтвердили заинтересованность в дальнейшем развитии сотрудничества и реализации совместных инициатив, направленных на популяризацию и продвижение мини-футбола в Кыргызстане.

КЫРГЫЗСТАНДЫН СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА (U23) КУРАМА КОМАНДАЛАРЫ АКШДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТКыргыз Республикасынын гр...
07/10/2026

КЫРГЫЗСТАНДЫН СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА (U23) КУРАМА КОМАНДАЛАРЫ АКШДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТ

Кыргыз Республикасынын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки (U23) улуттук курама командалары 12-18-октябрь күндөрү Лас-Вегас шаарында (АКШ) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.

Улуттук курама командалардын тизмеси:
Эркин күрөш:
• 57 кг чейин – Садыр Кайыпбеков;
• 61 кг чейин – Юхан Догдурбек уулу;
• 65 кг чейин - Өскөнбай Абдисаматов;
• 70 кг чейин – Рустамжан Кахаров;
• 74 кг чейин - Адилет Акылбеков;
• 79 кг чейин - Байтемир Түлөбердиев;
• 86 кг чейин - Висхан Адаев;
• 92 кг чейин - Улук Сооронбеков;
• 97 кг чейин - Кутман Төлөбалдиев;
• 125 чейин – Жаргалан Будажапов;
Башкы машыктыруучу - Ислам Тазабеков;
Улук машыктыруучу - Нарынбек Дүрбөлөң уулу.

Грек-рим күрөшү:
• 55 кг чейин - Барсбек Асанкожоев;
• 60 кг чейин - Кубанычбек Аринов;
• 63 кг чейин – Акыл Сулайманов;
• 67 кг чейин - Баяман Каримов;
• 72 кг чейин - Ырыскелди Хамзаев;
• 77 кг чейин - Алибек Бердиев;
• 82 кг чейин - Эрлан Марс уулу;
• 87 кг чейин - Имур Темирбеков;
• 97 кг чейин - Асылбек Ниязбек уулу;
• 130 кг чейин - Мурат Ботоев;
Башкы машыктыруучу - Улукбек Карачолоков;
Улук машыктыруучу - Руслан Царев.

Кыз-келиндер күрөшү:
• 73 кг чейин - Кайыркүл Шаршенбаева.
******************

СБОРНЫЕ КЫРГЫЗСТАНА ПО СПОРТИВНОЙ БОРЬБЕ (U23) ПРИМУТ УЧАСТИЕ В ЧЕМПИОНАТЕ МИРА В ЛАС-ВЕГАСЕ

Сборные команды Кыргызской Республики по греко-римской, вольной и женской борьбе среди спортсменов до 23 лет (U23) примут участие в чемпионате мира, который пройдет с 12 по 18 октября в городе Лас-Вегас (США).

Состав национальной сборной:
Вольная борьба:
• До 57 кг - Садыр Кайыпбеков;
• До 61 кг - Юхан Одгдурбек уулу;
• До 65 кг - Өскөнбай Абдисаматов;
• До 70 кг – Рустамжан Кахаров;
• До 74 кг - Адилет Акылбеков;
• До 79 кг - Байтемир Түлөбердиев;
• До 86 кг – Висхан Адаев;
• До 92 кг - Улук Сооронбеков;
• До 97 кг - Кутман Төлөбалдиев;
• До 125 кг – Жаргалан Будажапов;
Главный тренер - Ислам Тазабеков;
Старший тренер - Нарынбек Дүрбөлөң уулу.

Греко-римская борьба:
• До 55 кг - Барсбек Асанкожоев;
• До 60 кг - Кубанычбек Аринов;
• До 63 кг – Акыл Сулайманов;
• До 67 кг - Баяман Каримов;
• До 72 кг - Ырыскелди Хамзаев;
• До 77 кг – Алибек Бердиев;
• До 82 кг - Эрлан Марс уулу;
• До 87 кг – Имур Темирбеков;
• До 97 кг – Асылбек Ниязбек уулу;
• До 130 кг - Мурат Ботоев;
Главный тренер - Улукбек Карачолоков;
Старший тренер - Руслан Царев.
Женская борьба:
• До 73 кг - Кайыркүл Шаршенбаева.

06/10/2026

Азия оюндарынын коло медаль ээси Абдурахман Муртазалиев

***

Бронзовый призёр Азиатских игр Абдурахман Муртазалиев

XX Азия оюндарынан джиу-джитсу боюнча спортсмендер кайтып келиштиБүгүн, 6-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Нагоя...
06/10/2026

XX Азия оюндарынан джиу-джитсу боюнча спортсмендер кайтып келишти

Бүгүн, 6-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Нагоя шаарында (Япония) өткөн XX Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын джиу-джитсу боюнча курама командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.
Спортсмендерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу тосуп алды.

Эске салсак, джиу-джитсу боюнча Абдурахман Муртазалиев 85кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.

***

СПОРТСМЕНЫ ПО ДЖИУ-ДЖИТСУ ВЕРНУЛИСЬ С XX АЗИАТСКИХ ИГР

Сегодня, 6 октября, в международном аэропорту «Манас» состоялась торжественная церемония встречи сборной Кыргызстана по джиу-джитсу, успешно выступившей на XX Азиатских играх, которые проходили в городе Нагоя (Япония).

Спортсменов встретил заместитель директора Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Нурсултан Курманалы уулу.

Напомним, на XX Азиатских играх по джиу-джитсу Абдурахман Муртазалиев выступал в весовой категории до 85 кг и завоевал бронзовую медаль.

НУРСУЛТАН КУРМАНАЛЫ УУЛУ СПОРТ АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫНурсултан Курманалы уулу Кыргыз Рес...
06/10/2026

НУРСУЛТАН КУРМАНАЛЫ УУЛУ СПОРТ АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Нурсултан Курманалы уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган директордун орун басарын эмгек жамаатына бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Нурсултан Курманалы уулу 1994-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимди Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Омск академиясынан алып, “Улуттук коопсуздукту укуктук камсыз кылуу” адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

02.08.2013-05.09.2018: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

18.03.2019-08.02.2022: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды тартуу секторунда адис, жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

08.02.2022-25.04.2022: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыш, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси.

25.04.2022-12.05.2025: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы.

12.05.2025-азыркы учурга чейин: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген.

***

НУРСУЛТАН КУРМАНАЛЫ УУЛУ НАЗНАЧЕН ЗАМЕСТИТЕЛЕМ ДИРЕКТОРА ГОСУДАРСТВЕННОГО АГЕНТСТВА ФИЗИЧЕСКОЙ КУЛЬТУРЫ И СПОРТА

Нурсултан Курманалы уулу назначен на должность заместителя директора Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Сегодня, 6 октября, нового заместителя директора коллективу представил главный эксперт отдела отраслевой политики Управления по подготовке решений Президента и Кабинета Министров Администрации Президента Кыргызской Республики Эржигит Ибраимов.

Нурсултан Курманалы уулу родился 26 августа 1994 года в городе Бишкек Кыргызской Республики.

Высшее образование получил в Омской академии Министерства внутренних дел Российской Федерации по специальности «Правовое обеспечение национальной безопасности».

Трудовая деятельность:

02.08.2013-05.09.2018: служба в органах внутренних дел Кыргызской Республики.

18.03.2019-08.02.2022: специалист, ведущий специалист сектора государственно-частного партнёрства и привлечения инвестиций Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики.

08.02.2022-25.04.2022: главный специалист отдела по связям с общественностью, международного сотрудничества и управления государственным имуществом Департамента физической культуры и спорта при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики.

25.04.2022-12.05.2025: начальник отдела правовой, кадровой работы и делопроизводства Департамента физической культуры и спорта при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики.

12.05.2025-по настоящее время: начальник управления правового обеспечения и управления человеческими ресурсами Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

06/10/2026

ЖЕҢИШ ДӨҢБАЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

***

ЖЕНИША ДӨҢБАЕВА ПРОВОДИЛИ В ПОСЛЕДНИЙ ПУТЬ

ЖЕҢИШ ДӨҢБАЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫБүгүн, 6-октябрда, “Жаштык арена” спорт комплексинде күрөш легендасы, эркин күрөш б...
06/10/2026

ЖЕҢИШ ДӨҢБАЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

Бүгүн, 6-октябрда, “Жаштык арена” спорт комплексинде күрөш легендасы, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевди акыркы сапарга узатылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, спорт өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана маркумдун жакындары катышты.

Урмат Садырович өз сөзүндө Жеңиш Дөңбаевдин кыргыз күрөшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын бай тажрыйбасы жана тарбиялаган шакирттери кыргыз спортунун тарыхында өчпөс из калтырганын айтты. Ошондой эле маркумдун эмгеги жаш муундар үчүн үлгү болуп каларын белгилеп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

***

ЖЕНИШ ДӨҢБАЕВ ПРОВОДИЛСЯ В ПОСЛЕДНИЙ ПУТЬ

Сегодня, 6 октября, в спортивном комплексе «Жаштык Арена» состоялась церемония проводов в последний путь легенды кыргызской борьбы, мастера спорта СССР по вольной борьбе, заслуженного тренера Кыргызской Республики и СССР, заслуженного деятеля культуры Кыргызской ССР Жениша Бекбоевича Дөңбаева.

В мероприятии приняли участие директор Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Урмат Асанбаев, представители спортивной сферы, коллеги, ученики и близкие покойного.

В своей речи Урмат Садырович отметил большой вклад Жениша Дөңбаева в развитие кыргызской борьбы, подчеркнув, что его богатый опыт и воспитанные им ученики оставили неизгладимый след в истории кыргызского спорта. Также он отметил, что труд и наследие покойного будут служить примером для молодого поколения, и выразил глубокие соболезнования родным и близким.

Напомним, Жениш Бекбоевич Дөңбаев скончался 3 октября на 81-м году жизни после продолжительной болезни.

Покойный похоронен на кладбище «Ала-Арча» в Бишкеке.

Address

Улица Тоголок Молдо, 17
Bishkek
720033

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:30
Tuesday 09:00 - 17:30
Wednesday 09:00 - 17:30
Thursday 09:00 - 17:30
Friday 09:00 - 17:30

Telephone

+996312325380

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share