23/05/2025
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков маалымат берип, айыл аймактарын ирилештирүү жана шаарлардын аймагын кеңейтүү боюнча жүргүзүлгөн иштерге кеңири токтолду. Административдик-аймактык реформа (ААР) алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Камила Талиева Баткен облусундагы ААР тууралуу сөз кылып, өзгөчө Кең-Талаа, Лейлек жана Бешкент айыл өкмөттөрүндө штаттык бирдиктерди жана айыл аймактарынын башчыларын бекитүүдө бир катар кыйынчылыктар жаралып жатканын билдирди. Ошондой эле ал социалдык объектилердин санын, сугат сууга болгон тарифтерди жөнгө салууга чакырып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аялдардын өкүлчүлүгүнө көңүл бурду.
Фракция лидери Бактыбек Сыдыков дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү калкты сугат суу менен камсыз кылуу жана сугат сууга болгон тарифтерди жакшылап көзөмөлгө алышы керектигин айтты.
Алишер Козуев республика боюнча жүргүзүлгөн ААРге токтолуп, айыл башчыларынын ишин келишимдик негизде уюштуруу маселелерин тактады. Айыл аймактарын ирилештирүүдө айыл башчыларынын санын кыскартууга болбой турганын билдирди.
Талайбек Масабиров Базар-Коргон районундагы бир катар айыл өкмөттөрүнүн башкы планын иштеп чыгуу маселесин көтөрдү.
Депутат Надира Нарматова ААРнын негизинде 221 айыл аймагы жоюлганын белгилеп, кыскартылган кадрлар тууралуу сурады. Депутат Жайлообай Нышанов Ала-Бука жана Чаткал райондорунда социалдык объектилерди куруу жана инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн каражат бөлүү маселесин ортого салды.
Эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 40 айыл өкмөтүнө 450 миң АКШ долларынан каражат бөлүүнү сунуштады. Депутат Айжигит Тыналиев ААРнын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу, милдеттерин жана функцияларын аныктоо маселелерин ыкчам түрдө чечүү зарылдыгын белгиледи.
Эльдар Сулайманов ААРнын алкагында Бишкек шаарынын аймагы кеңейгенин эске салып, Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек филиалынын жана нотариустардын иши тууралуу маселеге кызыкты.
Фракция лидери Бактыбек Сыдыков айыл өкмөт башчылары аймактарда түздөн-түз калк менен иштешерин белгилеп, алардын натыйжалуу ишин камсыз кылуу зарыл деди.