21/09/2026
Аул Элебесов көчөсүндө курулуп жаткан сквер боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Сквердеги жарыктандыруу мамылары жана светильниктер текшерилип, сындырылган же атайылап бузулган объекттер аныкталган жок. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо көрсөтүлгөн айрым светильниктердин бөлүнүп турушу монтаждоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу экени такталды. Бул маалыматты монтаж иштерин жүргүзүп жаткан демөөрчүлөр да тастыкташты.
Орнотулган жабдуулардын абалы тиешелүү кызматтар тарабынан туруктуу негизде көзөмөлдөнүп, текшерилип турат.