Жогорку Кеңеш

Call Directions Website Contact the organization

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий барагы Пресс-служба ЖК КР www.kenesh.kg
(312) 63-92-00, 63-91-25, 62-02-19

Төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү оюндарына күбө болдуБүгүн, 4-сентя...
04/09/2026

Төрага Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү оюндарына күбө болду

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, “Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов жана депутат Улукбек Карыбек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү мелдештерине күбө болду.

Алсак, бүгүн Кыргызстан менен Россия Федерациясынын жана Өзбекстан менен АКШнын көк бөрүчүлөрү беттешип, кызуу оюн көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Кыргызстандын, Россия Федерациясынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Мажарстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын курама командалары күч сынашууда.

***

Торага Марлен Маматалиев в рамках VI Всемирных игр кочевников посетил соревнования по кок-бору в г. Чолпон-Ата

Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Марлен Маматалиев, руководитель депутатской группы «Ынтымак-Мекенчил» Талант Мамытов и депутат Улукбек Карыбек уулу в рамках VI Всемирных игр кочевников посетили соревнования по кок-бору в г. Чолпон-Ата.

Так, сегодня в рамках состязаний по кок-бору встретились сборные команды Кыргызстана и Российской Федерации, а также Узбекистана и США, которые продемонстрировали зрителям зрелищную и напряженную игру.

Напомним, что в рамках VI Всемирных игр кочевников в соревнованиях по кок-бору принимают участие сборные команды Кыргызстана, Российской Федерации, США, Венгрии, Казахстана, Узбекистана и Таджикистана.

«Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Базар-Коргон районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыг...
04/09/2026

«Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Базар-Коргон районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышты

Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси-аким Алтынбек Бектуров менен бирге бир катар билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышты.

Тагыраагы эл өкүлү Кайырма, Кызыл-Ай, Каба, Гүмкана айылдарындагы жана Базар-Коргон шаарындагы мектептерди кыдырып, жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштеринин сапаты жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу мугалимдер менен пикир алышты.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар жана мугалимдер аймактардагы мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, башка муктаждыктарды да чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргондо жергиликтүү эл менен жолугуштуБүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «А...
03/09/2026

Депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргондо жергиликтүү эл менен жолугушту

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушууда эл өкүлү аймакта аткарылып жаткан иштер, буга чейин ишке ашырылган долбоорлор жана Министрлер Кабинети тарабынан райондо курулуп жаткан социалдык объектилер тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда Базар-Коргон районунун жашоочулары социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, айыл чарба, жол, суу жана башка жергиликтүү маанидеги маселелер орун алды.

Талайбек Масабиров жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү боюнча иштер улантыларын белгиледи.

03/09/2026

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этно-шаарчада болушту

#ЖогоркуКенеш #Кырчын #ДүйнөлүкКөчмөндөрОюну

Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосунда этно-шаарчада болдуБүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикас...
03/09/2026

Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосунда этно-шаарчада болду

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этно-шаарчада болушту.

Алгач Төрага Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Бишкек менен Ош шаарлары тарабынан атайын тигилген ак өргөлөрдү көрүп чыкты.

Андагы көргөзмө-жарманкелерге жогору баасын берген Төрага Марлен Маматалиев кыргыз элинин үрп-адаттарын, улуттук баалуулуктарын жана нукура каада-салттарын меймандарга кеңири таанытып жаткан мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан ушундай этно-шаарчаны уюштуруу аркылуу дүйнө коомчулугуна өзүнүн уникалдуу маданиятын таанытып жатат. Көчмөн цивилизациясынын бай мурасын, элибиздин каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган бул көрүнүш колдоого татыктуу”, – деди.

Ошону менен катар мындай саамалыктар өлкөбүздүн туристтик потенциалын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган Төрага уюштурулган иш-чаралар эл аралык байланышты бекемдеп, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да түрткү берерине ишенерин билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда меймандарга көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган этно-базарлар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү тартууланып, спорттук мелдештер жана театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолууда.

***

Депутаты Жогорку Кенеша во главе с Торага Марленом Маматалиевым посетили этногородок в урочище Кырчын

Сегодня, 3 сентября, депутаты во главе с Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Марленом Маматалиевым посетили в урочище Кырчын этногородок «Вселенная кочевника», который является одной из важных культурных площадок VI Всемирных игр кочевников.

В частности, Торага осмотрел юрты, установленные полномочными представительствами Президента Кыргызской Республики в областях, а также городами Бишкек и Ош.

Также Марлен Маматалиев, высоко оценив организацию выставок-ярмарок, выразил благодарность соотечественникам, которые знакомят гостей с кыргызскими обычаями и национальными ценностями.

«Данный этногородок представляет мировому сообществу нашу уникальную культуру. Это мероприятие, отражающее богатое наследие кочевой цивилизации, традиции нашего народа и национальную самобытность, заслуживает особой поддержки», - отметил он.

Наряду с этим, Марлен Маматалиев подчеркнул, что такие инициативы создают условия для повышения туристического потенциала страны. Торага выразил уверенность, что организованные мероприятия будут способствовать укреплению международных связей и межнациональной дружбы.

Добавим, что в настоящее время в урочище Кырчын для гостей проводятся этноярмарки, выставки ремесленников, а также спортивные соревнования и театрализованные представления.

Депутат Гульнара Акимбаева «Газпром Кыргызстан» ишканасынын кызматкерлери менен жолугуштуЖогорку Кеңештин депутаты Гульн...
03/09/2026

Депутат Гульнара Акимбаева «Газпром Кыргызстан» ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын кызматкерлери менен жолугушуп, аларды алдыдагы кесиптик майрамы – Мунай жана газ өнөр жайынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Сүйлөгөн сөзүндө эл өкүлү газ тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ экенин белгилеп, анын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылып келе жаткан адистердин эмгегин жогору баалады.

Ошондой эле депутат адистерге ыраазычылык билдирип, алардын заманбап технологияларды өздөштүрүп, жаңы идеяларды жана демилгелерди ишке ашыруу менен Кыргызстандын газ тармагынын мындан аркы өнүгүүсүнө маанилүү салым кошоруна ишеним билдирди.

Депутат Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди та...
03/09/2026

Депутат Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди талкуулады

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда шаардагы социалдык объектилердин абалы, билим берүү, саламаттык сактоо жана таза суу маселелери талкууланды.

Тургундар шаарда калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу 2 мектеп жана 2 бала бакча куруу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле 15-кичи райондо курулушу аягына чыкпай турган 500 орундуу мектепти толук бүткөрүп, пайдаланууга берүү боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

Саламаттык сактоо тармагында төрөт үйүнүн имараты эскирип, талапка жооп бербей калгандыгы белгиленип, жаңы төрөт үйүн куруу маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, шаарга жаңы маданият үйүн куруу зарылдыгы белгиленди.

Жолугушууда шаар тургундары үчүн өзгөчө маанилүү болгон таза суу маселесине да кеңири токтолушту. Таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлдүрүп берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, алардын чечилишин көзөмөлгө аларын белгиледи.

Чынгыз Казиев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалдыЧынгыз  Казиев Кыргыз Республикасынын Жо...
02/09/2026

Чынгыз Казиев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Чынгыз Казиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал эми буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп бекитилди. Тиешелүү тескемелерге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.

***

Чынгыз Казиев назначен заместителем руководителя Аппарата Жогорку Кенеша

Чынгыз Казиев назначен заместителем руководителя Аппарата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики. Ранее занимавшая эту должность Венера Кулатаева назначена первым заместителем руководителя Аппарата. Соответствующие распоряжения подписал Торага Марлен Маматалиев.

02/09/2026

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын ачылышы

02/09/2026

ДЕПУТАТТАР АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИН КӨТӨРҮШТҮ

Жогорку Кенештин депутаттары 2-сессиянын алгачкы жыйынында парламенттин ишмердүүлүгүнө, өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан түрдүү маселелерге көңүл бурушту. Анткени эл өкүлдөрү буга чейин аймактарда иштеп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

#ЖогоркуКенеш #парламент #депутат #сессия @подписчики

Address

пр. Чуй, 205
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312661545

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Жогорку Кеңеш posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Жогорку Кеңеш:

Shortcuts

Share