МЧС Кыргызстана

Call Directions Website Contact the organization

МЧС Кыргызстана Сактоо, коргоо, жардам

08/10/2026

ӨКМ: КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮНҮН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын алдында түзүлгөн Биринчи издөө-куткаруу отрядынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ӨКМдин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана өздүк курам катышты.

Салтанаттуу ачылышта министр куткаруучуларды жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, мамлекет тарабынан куткаруу бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Министр жаңы имараттар куткаруучулардын кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жаңы куткаруу бөлүктөрүнүн пайдаланууга берилиши өлкөдө жарандык коргонуу системасын чыңдоого жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

08/10/2026

ОШ ШААРЫНДА КООМДУК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫКТЫ КҮЧӨТҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН КӨП ФУНКЦИОНАЛДУУ БОРБОР АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө жана жергиликтүү жамааттар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган жаңы көп функционалдуу борбордун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси Реми Дюфло, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Жаңы борбор жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана жарандык коргонууну колдоого багытталган. Бул жерде өзгөчө кырдаалдар учурунда зарыл болгон материалдык запастарды сактоо, кризистик кырдаалдарда координациялык иштерди жүргүзүү жана зарыл учурда жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган.

Мындан тышкары, борбор жергиликтүү тургундар үчүн окуу-тренингдерди, жолугушууларды, спорттук жана социалдык иш-чараларды, ошондой эле балдар жана жаштар үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.

Борбор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгесинин (CDI) алкагында курулган. Долбоор Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду тарабынан «Тоолуу коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы» (MSDSP) аркылуу, Улуу Британиядагы Ага Хан Фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылды.

Жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга, коомдук коопсуздукту бекемдөөгө жана жамааттардын туруктуулугун күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

07/10/2026

ЧҮЙ ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭКТЕРИН БЕКЕМДӨӨ ЖУМУШТАРЫ УЛАНУУДА

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан 2026-жылга Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча жалпы 9 тилкеде, узундугу 7 240 метр болгон бекемдөө жумуштарын жүргүзүү пландалган.

Анын ичинен Сокулук районунда 3 630 метр, Аламүдүн районунда 3 110 метр жана Ысык-Ата районунда 500 метр жээкти бекемдөө жумуштары каралган.

Бүгүнкү күндө жалпы 4 590 метр жээкти бекемдөө жумуштары толугу менен аяктады.

Калган 2 650 метр тилкеде жумуштар улантылып, бекемдөөлөр октябрь айында толугу менен аяктоо пландалууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

*******

ПРОДОЛЖАЮТСЯ РАБОТЫ ПО УКРЕПЛЕНИЮ БЕРЕГОВ РЕКИ ЧУ

Департаментом капитального строительства по предупреждению и ликвидации чрезвычайных ситуаций на 2026 год запланировано проведение работ по укреплению берегов реки Чу на 9 участках общей протяжённостью 7 240 метров.

Из них 3 630 метров предусмотрено в Сокулукском районе, 3 110 метров в Аламудунском районе и 500 метров в Ысык-Атинском районе.

На сегодняшний день работы по укреплению берегов общей протяжённостью 4 590 метров полностью завершены.

На оставшихся 2 650 метрах работы продолжаются. Завершить укрепление берегов планируется в октябре.

ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР

07/10/2026

👨‍🚒Өрт менен бетме-бет келгенде артка чегинбеген кесип.

Өрт-өчүрүүчү-куткаруучу Мирлан Касымов көп жылдар бою адамдардын өмүрүн сактап, өзгөчө кырдаалдарда коопсуздукту камсыздап келет.

Анын эмгеги, кайраттуулугу жана кесипке берилгендиги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан «Ардак» медалы менен сыйланды.

Бул куткаруучунун күн сайын жасаган эрдигине берилген мамлекеттик баа. 🇰🇬👨‍🚒

06/10/2026

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын 7-октябрга карата берилген аба ырайына көңүл буруңуздар!

Түнкүсүн: Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүзү: Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 метр Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15–20 м/сге чейин жетет.

Бишкек шаарында: түнкүсүн 4…6°, күндүз 18…20° жылуу болуп жаан-чачын күтүлбөйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
☎️Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз!

05/10/2026

ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ САЛЫНГАН БАЛЫК УУЛООЧУ ТОРЛОР ТАЗАЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы тарабынан 2026-жылдын 28-сентябрынан тартып Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлорду жана башка синтетикалык каражаттарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тазалоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, суучулдар тарабынан суу сактагычтын түбүндөгү мыйзамсыз салынган торлор жана башка калдыктар чыгарылууда.

Бүгүнкү күнгө карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Токтогул суу сактагычынан жалпы 12 100 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана башка таштандылар чыгарылды.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз салынган торлорду тазалоо иштери суу сактагычтын аймагында мындан ары да улантылат.

Аталган иштердин негизги максаты суу сактагычтын экологиялык абалын сактоо, суудагы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

*******

В ТОКТОГУЛЬСКОМ ВОДОХРАНИЛИЩЕ ПРОВОДИТСЯ ОЧИСТКА ОТ НЕЗАКОННО УСТАНОВЛЕННЫХ РЫБОЛОВНЫХ СЕТЕЙ

С 28 сентября 2026 года Водолазная служба МЧС Кыргызской Республики проводят очистку Токтогульского водохранилища от незаконно установленных рыболовных сетей и других синтетических материалов.

Работы организованы по поручению министра чрезвычайных ситуаций. Водолазы обследуют акваторию водохранилища и извлекают со дна незаконно установленные сети и другие отходы.

По состоянию на сегодняшний день из Токтогульского водохранилища извлечено 12 100 метров незаконно установленных синтетических сетей, а также различные виды мусора.

Очистка водохранилища от незаконно установленных сетей будет продолжена.

Проводимые работы направлены на сохранение экологического состояния водохранилища, защиту водных биоресурсов и обеспечение безопасности.

ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР

02/10/2026

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусундагы селден коргоочу курулмалардын, көпүрөлөрдүн жана ӨКМ объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында министр алгач Кызыл-Кыя шаарындагы объектилерди кыдырды.

Жал-Сай сел өткөрүүчү сайында жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштери текшерилип, узундугу 564 метр болгон сай жээгиндеги коргоочу тосмонун курулушу толугу менен аяктаганы белгилүү болду. Учурда объектте акыркы иштер аткарылууда.

Ошондой эле 1570 метрлик Курук-Сай тилкесинин абалы каралып, шаар жетекчилиги тарабынан сунушталган долбоордук-сметалык документтер талкууланды. Министр сел коркунучунун алдын алуу иштерин этап-этабы менен жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан соң Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагындагы Алга айылында “Баткен КМО” ишканасы тарабынан курулуп жаткан жаңы көпүрөнүн абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн курулушу жыйынтыкталып, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Жергиликтүү тургундар жаңы көпүрөнүн курулуп жатканына ыраазычылыгын билдиришти.

Министр Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 Кыргыз-Кыштак өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө бөлүнгөн 0,50 гектар жер тилкесин да көрүп чыкты. Жаңы имарат куруу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо, долбоорлоо жана курулуш иштерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштуруу боюнча макулдашылды.

Ак-Турпак айыл аймагынын Чоң-Кара айылында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси жеринде каралды. Объекттин сметалык долбоорун жаңылоо жана келерки жылдын иш-планына киргизүү боюнча тапшырма берилип, жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү белгиленди.

Мындан тышкары, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы жаңы курулган бала бакчанын имаратын сел коркунучунан коргоо маселеси каралды. Сел тосмонун долбоорун кайра иштеп чыгуу жана жеринде кошумча изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында сел каналын куруу иштери текшерилип, тиешелүү тапшырмаларды ыкчам жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле курулуш иштерин тездетүү талабы коюлду.

Иш сапардын соңунда министр Баткен шаарында курулуп жаткан куткаруучуларга арналган көп тармактуу спорт залдын абалы менен таанышты. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр бардык объектилер боюнча берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМдин “Кыргызстанда кыр...
02/10/2026

КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМдин “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору боюнча курулуп жаткан мектептер менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ал Манас шаарындагы №27 Бакиров атындагы 500 орундуу мектептин курулушунан кабар алды. Анын имаратын жаңыдан куруу иштери 2025-жылы башталган. Ал эми реконструкциядан өткөрүлүп жаткан Базар-Коргон районундагы Нышанбаев атындагы орто мектеби толугу менен реконструкциядан өткөрүлүүдө. Ал 340 орунга ылайыкталган, аяктоо мөөнөтү 2027-жылга пландалган. Ушул эле райондогу № 26 Ахмадали Худайбердиев атындагы орто мектепте жаңы курулуш жана окуу корпусуна капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары ишке ашырылууда. Анда жалпысынан 700 орун каралган.

Министрдин орун басары андан ары Сузак районунун Арал айылындагы Камил Маткеримов атындагы №62, Болотбек Шамшиев атындагы № 4 жана У. Абдукаимов атындагы №8 орто мектептерге барып, толук реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Сулайманов белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана курулуш иштеринин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу, өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

01/10/2026

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ ОҢДОО ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРДИ

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Таш-Көмүр шаарындагы №2 Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр объектилердеги иштердин сапатын жана белгиленген талаптардын аткарылышын текшерип, жооптуу кызматкерлердин маалыматын укту.

Кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктоо боюнча тапшырмалар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

01/10/2026

2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келип, бир катар объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын алкагында Манас шаарындагы Гидрометеорология кызматынын имараты, Шор-Булак тилкесиндеги сел каналдын курулушу, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө салынып жаткан өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмү каралды. Ошондой эле Көк-Арт дарыясындагы эс алуу жайына байланыштуу кайрылуу жеринен каралды.

Мындан тышкары, Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу каралып, Майлуу-Суу дарыясындагы кооптуулукту эске алуу менен тиешелүү алдын алуу иш-чараларын 2027-жылдын планына киргизүү боюнча адистерге тапшырмалар берилди.

Иш сапардын соңунда Майлуу-Суу шаарындагы жана Ноокен районундагы жаңыдан курулуп жаткан өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн курулушу менен таанышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Address

проспект Манаса 101/1
Bishkek
720055

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30
Saturday 08:30 - 17:30

Telephone

+996312323812

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when МЧС Кыргызстана posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to МЧС Кыргызстана:

Shortcuts

Share