Салык кызматы / Налоговая служба

Directions Website Contact the organization

Салык кызматы / Налоговая служба Салык кызматынын расмий баракчасы / Официальная страница Налоговой службы Кыргызской Республики

08/10/2026

2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин аткарылышына арналган аппараттык кеңешме өткөрдү.

Январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түзүп, план 103,9%га аткарылды. Бул белгиленген пландан 22,7 млрд сомго көп.

Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 259,8 млрд сом киреше чогултулуп, план 103,6%га, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 139 млрд сом чогултулуп, план 104,6%га аткарылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бюджеттин киреше бөлүгүндөгү оң көрсөткүчтөрдү белгилеп, тиешелүү иштерди улантууну тапшырды.

📚 Рубрика «Понятно о налогах»Объясняем налоговые термины простым и понятным языком.📌 Часть 1. Налоговое законодательство...
07/10/2026

📚 Рубрика «Понятно о налогах»

Объясняем налоговые термины простым и понятным языком.

📌 Часть 1. Налоговое законодательство

👉 Листайте карусель и знакомьтесь с налоговыми терминами!

❓ Какой налоговый термин вам непонятен? Напишите в комментариях — мы объясним! 💬

📚 «Салыктык терминдер түшүнүктүү тилде» рубрикасыСалыкка байланыштуу терминдерди жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүн...
07/10/2026

📚 «Салыктык терминдер түшүнүктүү тилде» рубрикасы

Салыкка байланыштуу терминдерди жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүндүрүп беребиз.

📌 1-бөлүк. Салык мыйзамдары

👉 Каруселди жылдырып, салыктык терминдер менен таанышып алыңыз!

❓ Кайсы салыктык терминди түшүнбөй жатасыз? Комментарийге жазып калтырыңыз — биз түшүндүрүп беребиз! 💬

07/10/2026

Как защитить информацию в Кабинете налогоплательщика?

В Кабинете налогоплательщика хранятся ваши персональные данные, а также важная информация о налогах, платежах и отчетности.

Соблюдайте меры безопасности:
▫️ не передавайте свой логин и пароль другим лицам;
▫️ создавайте надежный и сложный пароль;
▫️ периодически меняйте пароль;
▫️ если вы пользуетесь общественным или чужим компьютером, обязательно выходите из аккаунта после завершения работы;
▫️ не показывайте информацию из своего Кабинета налогоплательщика посторонним лицам.

Помните, что безопасность ваших данных зависит и от вас.

06/10/2026

Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги маалыматтарды кантип коргоо керек?

Салык төлөөчүнүн кабинетинде сиздин жеке маалыматтарыңыз, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталат.

Ошондуктан:
▫️ логин жана сырсөзүңүздү башка адамдарга бербеңиз;
▫️ сырсөздү ишенимдүү жана татаал белгилерден түзүңүз;
▫️ сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруңуз;
▫️ коомдук же башка бирөөнүн компьютерин колдонсоңуз, жумушуңуз бүткөндөн кийин сөзсүз аккаунтуңуздан чыгыңыз;
▫️ жеке кабинетиңиздеги маалыматтарды бейтааныш адамдарга көрсөтпөңүз.

Эсиңизде болсун: маалыматтарыңыздын коопсуздугу — өзүңүздөн да көз каранды.

06/10/2026

Ош аэропортунан курамында никотин бар тыюу салынган продукциянын партиясы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты.

Аэропорттун текшерүү зонасында текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда жалпы алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотин бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс) 2 миң 497 даана продукция табылып, тартып алынган.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, өлкө аймагында чегилбей турган тамеки заттарын жана курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жана жүгүртүүгө, анын ичинде сактоого, дүң жана чекене сатууга, ошондой эле өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынган.

*****

В аэропорту Оша выявлена партия запрещённой никотиносодержащей продукции

Сотрудники Государственной налоговой службы Кыргызской Республики в ходе проверочных мероприятий в городе Ош пресекли ввоз запрещённой никотиносодержащей продукции.

В зоне досмотра аэропорта при осмотре содержимого сумок было обнаружено и изъято 2 тыс. 497 единиц никотиносодержащей продукции в виде жевательной смеси (снюса) на общую предварительную сумму более 1,2 млн сомов.

По данному факту составлены соответствующие акты, а материалы переданы в правоохранительные органы для проведения проверки и дачи правовой оценки в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Напомним, на территории страны запрещены производство, ввоз и обращение, в том числе хранение, оптовая и розничная реализация, а также вывоз некурительных табачных изделий и некурительных изделий, содержащих никотин.

03/10/2026

Государственная налоговая служба Кыргызской Республики активно выявляет случаи оформления электронных счетов-фактур без реальных хозяйственных операций.

03/10/2026

Что такое счет-фактура и чем он отличается от фиктивного🤔
В этом видео объясняем простыми словами 👇.

📌 Счет-фактура — это обязательный налоговый документ
Он подтверждает сделку и нужен для учета НДС.

Зачем она нужна?

✔️ для начисления и зачета НДС,
✔️ для подтверждения сделки,
✔️ для отчетности и бухгалтерии.
❗️Без счет-фактуры НДС к зачету не принимается.

В Кыргызстане счет-фактура оформляется только в электронном виде.

🚫 Лже-счет-фактура — это фиктивный документ. Когда операция на бумаге есть, а на деле — нет.

Зачем используют?

— чтобы снизить налоги,
— чтобы получить незаконный зачет по НДС.

⚠️ Чем это грозит?

— доначислением налогов,
— штрафами и пенями,
— уголовной ответственностью.

Работайте только с реальными сделками и корректными документами — это залог вашего успешного бизнеса.

03/10/2026

Эсеп-фактура деген эмне жана ал жалган эсеп-фактурадан эмнеси менен айырмаланат? 🤔

Бул видеодо жөнөкөй тил менен түшүндүрүп беребиз👇

📌 Эсеп-фактура — бул милдеттүү салык документи.
Ал келишимди тастыктайт жана кошумча нарк салыгын (КНС) эсепке алуу үчүн керек.

Эсеп-фактура эмне үчүн керек?
✔️ кошумча нарк салыгын эсептөө жана чегерүү үчүн,
✔️ келишимди тастыктоо үчүн,
✔️ отчеттуулук жана бухгалтерия үчүн.

❗️Эсеп-фактурасыз КНСти чегерүүгө болбойт.

Кыргызстанда эсеп-фактура электрондук түрдө гана таризделет.

🚫 Жалган эсеп-фактура — бул жасалма документ. Башкача айтканда, кагаз жүзүндө операция бар, бирок иш жүзүндө жок.

Аны эмне үчүн колдонушат?
— салыктарды азайтуу үчүн,
— КНС боюнча мыйзамсыз чегерүү алуу үчүн.

⚠️ Бул эмнеге алып келет?
— салыктарды кошумча эсептөөгө,
— айып пулдар жана туумдарга,
— кылмыш жоопкерчилигине.

Чыныгы келишимдер жана туура документтер менен гана иштөө — бул ийгиликтүү бизнесиңиздин кепилдиги.

02/10/2026

Ата мекендик өндүрүш: «Жалал-Абад 27» минералдык суусу

🇰🇬 Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн «Жалал-Абад 27» — Кыргызстандагы белгилүү жана популярдуу газдалган табигый минералдык суулардын бири.

💧Бул жолу аталган минералдык сууну өндүргөн ишканага барып, өндүрүш процесси, ишкананын ишмердүүлүгү жана ишкердик тажрыйбасы менен тааныштык.

🥤 Минералдык суу кандай этаптар менен өндүрүлөт? Өндүрүш процесси кандай уюштурулган? Ишкерлер салыктык милдеттенмелерин кантип аткарышат?

Бул тууралуу видеодон көрүңүздөр!

Address

Кыргызстан
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Салык кызматы / Налоговая служба posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Салык кызматы / Налоговая служба:

Shortcuts

Share