12/07/2025
2025-жылдын 1-4-июлунда Кыргыз Республикасынын үч өкүлдөн турган делегациясы Азербайжан Республикасынын Габала шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык жаштар форумуна катышты.
Бул форум «Габала — 2025-жылдын КМШ жаштар борбору: Көп түрдүүлүктүн жана биримдиктин майрамы» аттуу эл аралык программасынын алкагында уюштурулуп, КМШ өлкөлөрүнөн активдүү жана демилгелүү жаш лидерлерди чогултту.
Форумдун негизги спикерлери катары КМШнын Аткаруу комитетинин, улуттук жаштар уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү практикалык тажрыйба жана ийгиликтүү демилгелер менен бөлүштү.
Интерактивдүү сессиялардын жана тармактык жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар жаштардын алдында турган реалдуу маселелерди ачык талкуулашты: экологиялык көйгөйлөрдөн санариптик теңсиздикке жана чечимдерди кабыл алууда чектелген катышууга чейин. Биргелешкен чечимдерди табууга жана түрдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктире ала турган долбоорлорду иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар жаштар саясаты жаатындагы түрдүү мамлекеттердин тажрыйбасын талдап, кызматташуунун мүмкүн болгон формаларын талкуулашты жана конкреттүү демилгелерди пландаштырышты. Мисалы, келечектүү идеялардын бири экологияны колдоого жана маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө багытталган биргелешкен билим берүү программаларын жана ыктыярчылык иш-чараларды уюштуруу болду.
Кыргыз делегациясы айлана-чөйрөнү коргоо, адам укуктары, санариптик жана маалыматтык өнүгүү, мамлекеттер аралык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле жаштардын мамлекеттик турмушка катышуусун кеңейтүү сыяктуу актуалдуу багыттар боюнча идеяларын жана сунуштарын сунуш кылды. Атап айтканда, делегация «Жаштар жана экология: туруктуу келечек үчүн биргелешкен жол» темасында презентация даярдап, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү жана табигый ресурстарды сактоонун маанилүүлүгүн кеңири баяндады.
Кыргыз делегациясы үчүн бул — кесиптик өсүш үчүн баалуу тажрыйба гана эмес, ошондой эле келечектеги ишмердикке шыктандыруу болду. Ар кандай өлкөлөрдөн келген ой-пикирлери менен пикир алмашуу жана байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандагы жаңы долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болду.
С 1 по 4 июля 2025 года делегация Кыргызской Республики в составе трёх представителей приняла участие в Международном молодёжном форуме стран СНГ, проходившем в городе Габала, Азербайджанская Республика.
Форум, организованный в рамках международной программы «Габала — молодёжная столица СНГ 2025 года: Торжество разнообразия и единства», собрал активных и инициативных молодых лидеров из всех стран Содружества.
В числе ключевых спикеров были представители Исполнительного комитета СНГ, национальных молодёжных организаций и общественных объединений, делившиеся практическим опытом и успешными инициативами.
Во время интерактивных сессий и нетворкинг-встреч участники открыто обсуждали реальные проблемы, с которыми сталкивается молодёжь: от экологических вызовов до цифрового неравенства и ограниченного участия в принятии решений. Особое внимание уделялось поиску совместных решений и разработке проектов, способных объединить усилия разных стран.
Участники анализировали опыт различных государств в сфере молодёжной политики, обсуждали возможные формы сотрудничества и планировали конкретные инициативы. Например, одной из перспективных идей стала организация совместных образовательных программ и волонтёрских акций, направленных на поддержку экологии и укрепление межкультурного диалога.
Кыргызская делегация представила идеи и предложения по актуальным направлениям, включая защиту окружающей среды, права человека, цифровое и информационное развитие, укрепление межгосударственного партнёрства, а также расширение участия молодёжи в жизни государства. В частности, делегация подготовила и провела презентацию на тему «Молодёжь и экология: совместный путь к устойчивому будущему», в которой подробно раскрыла важность сохранения природных ресурсов и представила инициативы по устойчивому развитию в Кыргызстане.
Для кыргызской делегации это был не только ценный опыт профессионального роста, но и вдохновение для дальнейшей работы. Возможность обменяться взглядами и наладить связи с единомышленниками из разных стран стала важным шагом к реализации новых проектов в Кыргызстане.