Министерство юстиции Кыргызской Республики

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Министерство юстиции Кыргызской Республики
Call Directions Website Contact the organization

Министерство юстиции Кыргызской Республики Кыргыз Республиканын Юстиция министрлигинин расмий баракчасы

Юстмин эскертет: 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр ...
28/07/2026

Юстмин эскертет: 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоо жана каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды 2026-жылдын 1-августуна чейин каттоочу органга берүүгө милдеттүү.

Бенефициардык ээлер жөнүндө маалымат төмөнкү жолдор менен берилет:
- аймактык таандыктыгына карабастан, юстициянын аймактык органдарына;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- [email protected] электрондук почта дареги аркылуу;
- юридикалык жактын жетекчиси тарабынан «Түндүк» Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө.

Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 88 буйругу менен бекитилген форма боюнча берилет.
egov.kg/ru/ministry/justice/operations?id=3586&id=3595

Маалыматтарга юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн жетекчисинин колу коюлган жана мөөр менен бекитилген билдирүү тиркелет.

Көрсөтүлгөн маалыматтарга юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан кол коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билдирме тиркелет.

Бул маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын кылмышка байланыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды өзүнүн бенефициардык менчик ээлери жөнүндөгү маалыматттарды өз убагында берүүгө чакырат.

———————————————————-

Минюст напоминает, что юридические лица, филиалы и представительства, прошедшие государственную регистрацию до 1 марта 2026 года, обязаны в срок до 1 августа 2026 года, предоставить в регистрирующий органсведения, необходимые для выявления регистрации ихбенефициарных владельцев.

Сведения о бенефициарных владельцах предоставляются:

- в территориальные органы юстиции (вне зависимости от территориальности);
- в Министерство юстиции Кыргызской Республики;
- посредством электронной почты [email protected];
- в электронной форме через Государственный портал электронных услуг «Түндүк»
(от руководителя юридического лица).

Сведения представляются по форме, утвержденной приказом Министерства юстиции Кыргызской Республики от 30 апреля 2026 года № 88.egov.kg/ru/ministry/justice/operations?id=3586&id=3595

К сведениям прилагается уведомление за подписью руководителя юридического лица, филиала или представительства скрепленное печатью.

Представление указанных сведений направлено на исполнение требований законодательства Кыргызской Республики в сфере противодействия финансированию преступной деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов.

Министерство юстиции Кыргызской Республики призывает юридические лица своевременно представить сведения о своих бенефициарных владельцах.

Юстмин эскертет: 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр ...
28/07/2026

Юстмин эскертет: 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоо жана каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды 2026-жылдын 1-августуна чейин каттоочу органга берүүгө милдеттүү.

Бул талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган.

Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 88 буйругу менен бекитилген юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтардын формасына ылайык, Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө берилет. Аталган форма Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган:

https://egov.kg/ru/ministry/justice/operations?id=3586&id=3595

Юридикалык жактын менчик түзүмү өзгөргөн учурда юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр бенефициардык менчик ээлеринин өзгөргөндүгү жөнүндө да билдирүү берүүгө милдеттүү.

Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактардын бенефициардык менчик ээлеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бузуу төмөнкүдөй айып пул салууга алып келерин эскертет:

жеке жактарга – 120 эсептик көрсөткүч, же 12 000 сом;
юридикалык жактарга – 570 эсептик көрсөткүч, же 57 000 сом.

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлери жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматтарды өз убагында берүүгө чакырат.

----------------------------------------

Минюст напоминает, что юридические лица, филиалы и представительства, прошедшие государственную регистрацию до 1 марта 2026 года, обязаны в срок до 1 августа 2026 года представить в регистрирующий орган сведения, необходимые для выявления и регистрации их бенефициарных владельцев.

Данное требование предусмотрено подпунктом 2 пункта 2 постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 апреля 2026 года № 257.

Сведения представляются в соответствующее территориальное подразделение Министерства юстиции согласно форме сведений о бенефициарном владельце юридического лица утвержденной приказом Министерства юстиции от 30 апреля 2026 года № 88 размещена на официальном сайте Министерства https://egov.kg/ru/ministry/justice/operations?id=3586&id=3595.

При изменении структуры собственности юридические лица, филиалы и представительства также обязаны направлять уведомление о смене бенефициарных владельцев.

Министерство юстиции обращает внимание, что согласно части 2 статьи 355 Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях, нарушение требований по обеспечению прозрачности бенефициарных владельцев юридических лиц влечет наложение штрафа:

- на физических лиц — 120 расчетных показателей, или 12 000 сомов;
- на юридических лиц — 570 расчетных показателей, или 57 000 сомов.

Министерство юстиции призывает юридические лица, филиалы и представительства своевременно представить достоверные и полные сведения о своих бенефициарных владельцах.

Юстицияминистрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясынын ишине талдоо жүргүзүлдү  ...
28/07/2026

Юстицияминистрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясынын ишине талдоо жүргүзүлдү

Министрлик тарабынан КР Адвокатурасы менен биргеликте № 126 буйрукту ишке ашыруунун алкагында этика боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана адвокаттарга карата тартип өндүрүшүнүн аракеттеги тартибине талдоо жүргүзүлгөн. Бул иш үчүн жарандардын, мамлекеттик органдардын жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын адвокаттардын аракеттерине даттанууларды кароонун натыйжалуулугу маселелери боюнча кайрылуулары негиз болду.
Талдоонун жыйынтыгы тартиптик өндүрүштү андан ары өркүндөтүү зарылдыгын көрсөттү. Айрым кайрылууларды кароого бирдей мамиленин жоктугу, бир катар жол-жоболордун жетиштүү регламенттелбегендиги, айрым жоболорду бирдей эмес колдонуу, ошондой эле баяндалган жүйөлөргө ар тараптуу баа бербестен формалдуу негиздер боюнча кайрылууларды кароону акырына чыгарган учурлары аныкталган.
Мындан тышкары, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана архивдик материалдарды калыптандырууда айрым кемчиликтер аныкталган. Ошондой эле Мыйзамдын 5-беренесинин 81-пунктунда бекитилген иштерди толук жана объективдүү кароо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди талап кылуу боюнча ыйгарым укуктарды кыйла активдүү пайдалануу зарылдыгы белгиленди.
Министрлик Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын маанилүү кепилдиги катары Адвокатуранын кесиптик өз алдынча башкаруу системасында этика боюнча Комиссияны сактоо зарылдыгы жөнүндө позицияны карманат. Ошону менен бирге комиссиянын натыйжалуу иши ачык-айкын жол-жоболорду, бир түрдүү тажрыйбаны, тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүүнү жана ар бир кайрылууну объективдүү кароону талап кылат.
Талдоонун натыйжаларын эске алуу менен Министрлик адвокатура менен бирдикте комиссиянын ишинин методологиясын өркүндөтүү, тартиптик жол-жоболорду тактоо жана кайрылууларды кароонун бирдиктүү ыкмаларын түзүү боюнча чараларды көрүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Арыз ээлеринин далилдерин текшерүүнүн толуктугуна, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүнө жана тартип өндүрүшүнүн материалдарын талаптагыдай сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан баштап тартиптик иштерди кароо тажрыйбасын кошумча изилдөөнү жүргүзүү сунушталууда. Бул түзүлгөн мамилелерди жалпылоого, чечүүнү талап кылган маселелерди аныктоого жана тиешелүү сунуштарды даярдоого мүмкүндүк берет.
Макулдашылган мамилелер иштелип чыкканга жана зарыл болгон уюштуруучулук чаралары көрүлгөнгө чейин Министрлик тарабынан этика боюнча Комиссиянын ишине өзүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Бул чара калыптанган практиканы биргелешип баалоо жана кийинки кадамдарды аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Министрлик аныкталган маселелер Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан кесиптик өз алдынча башкаруу механизмдерин колдонуу менен жөнгө салынат деп эсептейт жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирет. Бир эле учурда адвокатура жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү жана адвокаттардын тартип жоопкерчилиги боюнча иштер улантылат.
Эгерде түзүлгөн тажрыйба четтетилбесе, министрлик этика боюнча комиссиянын маселелерин министрликтин карамагына өткөрүп берүү менен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кошуу менен, алганда тартип өндүрүшүнүн колдонуудагы моделин өзгөртүү жөнүндө маселени карайт.
Биргелешкен иш кайрылууларды кароонун сапатын жогорулатууга, жарандардын жана адвокаттардын укуктарын коргоого, ошондой эле адвокатура институтуна коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек.



___________________________________________________

Министерством юстиции проведен анализ деятельности Комиссии по этике Адвокатуры Кыргызской Республики

Министерством в рамках реализации приказа № 126 совместно с Адвокатурой КР проведен анализ деятельности Комиссии по этике и действующего порядка дисциплинарного производства в отношении адвокатов. Основанием для данной работы стали обращения граждан, государственных органов и депутатов Жогорку Кенеша КР по вопросам эффективности рассмотрения жалоб на действия адвокатов.
Результаты анализа показали необходимость дальнейшего совершенствования дисциплинарного производства. Выявлены отсутствие единообразных подходов к рассмотрению отдельных обращений, недостаточная регламентация ряда процедур, неоднозначное применение отдельных положений, а также случаи завершения рассмотрения обращений по формальным основаниям без всесторонней оценки изложенных доводов.
Кроме того, установлены отдельные недостатки в ведении делопроизводства и формировании архивных материалов. Отмечена также необходимость более активного использования полномочий по истребованию сведений и документов, необходимых для полного и объективного рассмотрения дел закрепленные в пункте 5 статьи 8.1 Закона.
Министерство придерживается позиции о необходимости сохранения Комиссии по этике в системе профессионального самоуправления адвокатуры как важной гарантии независимости адвокатской деятельности. Вместе с тем эффективная работа Комиссии требует прозрачных процедур, единообразной практики, надлежащего делопроизводства и объективного рассмотрения каждого обращения.
С учетом результатов анализа Министерство считает целесообразным совместно с Адвокатурой принять меры по совершенствованию методологии работы Комиссии, уточнению дисциплинарных процедур и формированию единых подходов к рассмотрению обращений. Особое внимание необходимо уделить полноте проверки доводов заявителей, обоснованности принимаемых решений и надлежащему хранению материалов дисциплинарных производств.
Также предлагается провести дополнительное изучение практики рассмотрения дисциплинарных дел начиная с 1 января 2026 года. Это позволит обобщить сложившиеся подходы, выявить вопросы, требующие разрешения, и подготовить соответствующие рекомендации.
До выработки согласованных подходов и принятия необходимых организационных мер Министерством принято решение временно приостановить участие своих представителей в работе Комиссии по этике. Данная мера направлена на создание условий для совместной оценки сложившейся практики и определения дальнейших шагов.
Министерство рассчитывает, что выявленные вопросы будут урегулированы Адвокатурой Кыргызской Республики с использованием механизмов профессионального самоуправления, и выражает готовность к конструктивному взаимодействию. Одновременно будет продолжена работа по совершенствованию законодательства об адвокатуре и дисциплинарной ответственности адвокатов.
В случае не устранения сложившейся практики Министерство рассмотрит вопрос об изменении действующей модели дисциплинарного производства, включая вопрос внесения изменений в законодательства с передачей вопросов Комиссии по этике в ведение Министерства.
Совместная работа должна способствовать повышению качества рассмотрения обращений, защите прав граждан и адвокатов, а также укреплению общественного доверия к институту адвокатуры.

Юстиция министрлиги «Административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор жөнүндө» жаңы кодекстин долбоорун ко...
17/07/2026

Юстиция министрлиги «Административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор жөнүндө» жаңы кодекстин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Кененирээк маалымат менен Юстиция министрлигинин расмий сайтынан тааныша аласыздар..

https://egov.kg/ru/ministry/justice/news/24338

Долбоор тууралуу кеңири маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/6456


___________________________________________________
Министерство юстиции вынесло на общественное обсуждение проект нового Кодекса «Об административной деятельности и административных процедурах».

Более подробную информацию вы можете найти на официальном сайте Министерства юстиции.

https://egov.kg/ru/ministry/justice/news/24338

Более подробную информацию о проекте можно найти по ссылке ниже.

https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/6456


____________

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү менен куттуктайт!***Министерство юстиц...
14/07/2026

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү менен куттуктайт!

***

Министерство юстиции Кыргызской Республики поздравляет с Днем Адвокатуры Кыргызской Республики!

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Данияр Калматов Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупц...
07/07/2026

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Данияр Калматов Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттарынын бири мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу экендиги белгиленди.
Программаны ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан онлайн-брифингдерди жана пресс-конференцияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле алардын видеожазууларын жана тиешелүү материалдарды мамлекеттик органдардын расмий маалыматтык ресурстарына жайгаштыруу практикасын киргизүү сунушталды.

***

Заместитель министра юстиции Данияр Калматов провел рабочее совещание с участием представителей государственных органов по вопросам реализации Государственной программы антикоррупционной политики Кыргызской Республики на 2026–2027 годы
В ходе совещания отмечено, что направление государственной антикоррупционной политики является обеспечение открытости и прозрачности деятельности государственных органов. В рамках реализации Программы предложенна практика проведения руководителями государственных органов онлайн-брифингов и пресс-конференций с последующим размещением видеозаписей и соответствующих материалов на официальных источниках государственных органов.

#ЧестныйКыргызстан #ЯНеДаюВзятку #ЯНеБеруВзятку

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Респу...
03/07/2026

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү боюнча кеңири масштабдагы иштерди баштайт

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча кеңири масштабдагы ишти
баштайт. Бул иш адвокатура институтунун натыйжалуулугун жогорулатууга, анын көз карандысыздыгын чыңдоого, кесиптик өз алдынча башкаруу механизмдерин өркүндөтүүгө жана юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.

Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле адвокатуранын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга комплекстүү талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлөт.

Жумушчу топтун негизги милдети колдонуудагы мыйзамдарды ар тараптуу изилдөө, укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди аныктоо жана укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо болуп саналат.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү чөйрөдө зарыл билимге жана тажрыйбага ээ көз карандысыз эксперттер жана башка адистер киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык коомчулуктун өкүлдөрүн, илимий жана экспертик чөйрөнүн өкүлдөрүн, ошондой эле бардык кызыкдар тараптарды адвокаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишке активдүү катышууга чакырат.

Бардык кызыктырган маселелер боюнча төмөнкү байланыш телефону
аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0502 232 677, Кубан кызы Айназик.

В Кыргызстане упрощается процедура оформления общегражданских паспортов для детей, не достигших 16-летнего возраста.Что ...
30/06/2026

В Кыргызстане упрощается процедура оформления общегражданских паспортов для детей, не достигших 16-летнего возраста.

Что изменилось и в чем польза для граждан:
Один родитель вместо двух: Теперь оформление общегражданского паспорта ребенку будет производится на основании ходатайства только одного из родителей или законного представителя. Ранее требовалось обязательное согласие обоих родителей, что вызывало значительные трудности, если один из них находился за пределами страны, отказывался от взаимодействия или его местонахождение было неизвестно.

По месту обращения: Гражданам, постоянно проживающим в республике, паспорт будет выдаваться уполномоченным органом по месту фактического обращения, а не по месту жительства.
Защита в экстренных ситуациях: При введении режима чрезвычайной ситуации, чрезвычайного положения или военного положения Кабинет Министров продлевает срок действия паспорта ребенка, если он истек в этот период.

Особый случай: При выдаче паспорта ребенку дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями за пределами Кыргызской Республики по-прежнему требуется согласие обоих родителей, а при его отсутствии — решение суда.
Закон «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики „О внешней миграции“» от 21 мая 2026 года.
#дебюрократизация

Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен!⚖️Мыйзамдар менен эрежелер татаал сезилгени менен, юристтердин эмгеги күн сай...
27/06/2026

Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен!⚖️

Мыйзамдар менен эрежелер татаал сезилгени менен, юристтердин эмгеги күн сайын ар бирибиздин жашообузга таасирин тийгизет. Укуктарды коргоо, коопсуздукту камсыздоо же мамлекеттик кызматтарды алуу — ушул кадимки нерселердин артында бизге жол көрсөтүп, кыйын кырдаалдарда жардам берген инсандардын мээнети турат.

Бүгүнкү майрам өзгөчө баракты ачууда: келерки жылы Кыргызстандын укуктук тутуму өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилейт. Бир кылымдан бери бул тармактын адистери өлкөбүздөгү адилеттүүлүктүн пайдубалын бекемдеп келишет.

Өмүрүн мыйзамга жана укукту коргоого арнаган инсандарды майрамы менен куттуктайбыз! Жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер жана адамгерчиликтүү мамилеңиздер үчүн рахмат.

Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз. Ал эми ар бир мекендешибиздин кызыкчылыктары дайыма ишенимдүү коргоодо болсун.

Майрамыңыздар менен! 🎉

***

С Днем юриста Кыргызской Республики!⚖️

Законы и правила могут казаться сложными, но работа юристов касается каждого из нас ежедневно. Безопасность сделок, защита прав, создание бизнеса или получение госуслуг — за всеми этими привычными вещами стоит труд людей, которые помогают нам чувствовать себя защищенными и находить выход из трудных ситуаций.

Сегодняшний праздник открывает особенный этап: уже в следующем году правовая система Кыргызстана отметит свой 100-летний юбилей. Целый век специалисты этой сферы укрепляют справедливость и законность в нашей стране.

Поздравляем всех, кто посвятил свою жизнь защите прав и закона! Спасибо за вашу ответственность, верность делу и человечность.

Желаем вам крепкого здоровья, успехов и мира. А каждому гражданину Кыргызстана — уверенности в том, что справедливость и закон всегда на вашей стороне.

С праздником! 🎉

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны бо...
26/06/2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы
Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

2026-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Айдаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө адам укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга, Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарынын сунуштарын аткарууга байланышкан актуалдуу маселелер каралды.

Өзгөчө көңүл Универсалдуу мезгилдүү серептин төртүнчү айлампасынын жыйынтыгы боюнча алынган сунуштарды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоого, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага болгон иш сапарынын жыйынтыгына, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жана Расалык кодулоону жоюу боюнча комитетинин айрым сунуштарын аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүүгө, ошондой эле бул багыттагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.

***

Состоялось очередное заседание Координационного совета по правам человека при Кабинете Министров Кыргызской Республики

26 июня 2026 года под председательством заместителя министра юстиции Кыргызской Республики – первого заместителя председателя Координационного совета по правам человека при Кабинете Министров Кыргызской Республики Айбека Айдарова состоялось очередное заседание Координационного совета по правам человека при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

В ходе заседания были рассмотрены актуальные вопросы, связанные с реализацией международных обязательств Кыргызской Республики в сфере прав человека, совершенствованием деятельности Координационного совета, а также выполнением рекомендаций договорных органов Организации Объединенных Наций.

Особое внимание было уделено обсуждению проекта Плана мероприятий по реализации рекомендаций, полученных по итогам четвертого цикла Универсального периодического обзора, итогам посещения членами Координационного совета Республиканской психиатрической больницы в селе Кызыл-Жар Джалал-Абадской области, а также вопросам исполнения отдельных рекомендаций Комитета ООН по правам человека и Комитета по ликвидации расовой дискриминации.

По итогам заседания по рассмотренным вопросам были приняты соответствующие решения, направленные на дальнейшее совершенствование государственной политики в области защиты прав и свобод человека, а также повышение эффективности взаимодействия государственных органов в данной сфере.

Address

Жаш Гвардия, 32
Bishkek
720010

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312626210

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Министерство юстиции Кыргызской Республики posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Министерство юстиции Кыргызской Республики:

Shortcuts

Share