ОАО "Кыргызалтын"

Directions Website Contact the organization

ОАО "Кыргызалтын" Открытое Акционерное Общество

🇰🇬«Кыргызалтын» ААКы 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!Кыргыз тили — элибиздин ...
23/09/2026

🇰🇬«Кыргызалтын» ААКы 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Кыргыз тили — элибиздин кылымдарды карыткан тарыхын, маданиятын, руханий дөөлөттөрүн жана улуттук баалуулуктарын муундан муунга жеткирип келген баа жеткис мурас.
Эне тилибизге аяр мамиле кылуу жана анын кадыр-баркын бийик тутуу — ар бирибиздин маанилүү милдетибиз.

Кыргыз тилибиздин көркөмдүгү, терең мааниси жана өзгөчө касиети сакталып, келечек муундарга толук жеткирилсин.

Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун! Эне тилибиз кылымдардан кылымдарга жаңырып, муундарды бириктирген руханий көпүрө болуп кала берсин!

------------------------------------------------------------

🇰🇬ОАО «Кыргызалтын» поздравляет с Днём государственного языка Кыргызской Республики — 23 сентября!

Кыргызский язык — бесценное наследие нашего народа, в котором отражены его многовековая история, культура, духовные ценности и национальные традиции.
Уважение к родному языку и ответственное отношение к его будущему — важная задача каждого из нас.

Пусть красота и выразительность родного языка бережно сохраняются и в полной мере передаются будущим поколениям.

С Днём государственного языка! Пусть кыргызский язык звучит сквозь поколения, объединяя прошлое, настоящее и будущее нашего народа.

«Кыргызалтын» ААКы менен «AzerGold» ЖАК кызматташтыктын келечегин талкуулашты«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрага...
14/09/2026

«Кыргызалтын» ААКы менен «AzerGold» ЖАК кызматташтыктын келечегин талкуулашты

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кыргыз Республикасына жумушчу сапардын алкагында Азербайжан компаниясынын делегациясын жетектеп келген «AzerGold» ЖАКнын Башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйынынын алкагында, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда кол коюлган «Кыргызалтын» ААК менен «AzerGold» ЖАКнын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдан келип чыккан маселелерди талкуулашты.

Негизги көңүл тоо-кен тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, инвестиция тартууга, ошондой эле пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйба алмашууга бурулду.

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов акыркы беш жылда Кыргызстандын тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын алдыңкы секторлорунун бирине айланганын белгиледи.

Анын айтымында, 2020-жылдан тартып тармакта натыйжалуулукту жогорулатууга, инвестицияларды тартууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформалар ишке ашырылууда.

Кубат Абдраимов азербайжан тарапка «Кыргызалтын» ААКда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр, мамлекеттик компаниянын түзүмүн өркүндөтүү, туунду ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле учурдагы долбоорлордун портфели жана ишмердүүлүктүн жаңы багыттары тууралуу маалымат берди.

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы компания эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өзгөчө көңүл «AzerGold» ЖАК менен кызматташууга бурулду. Кубат Абдраимов азербайжан тараптын кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунушу «Кыргызалтын» ААК тарабынан оң кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр кызматташтыктын жаңы багыттарын ачууга, ошондой эле Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы келечектүү долбоорлорду биргелешип кароого мүмкүнчүлүк түзөт.

Өз кезегинде «AzerGold» ЖАКнын Башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов мамлекет башчыларынын лидерлиги жана саясий эркинин негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда достук жана боордоштук мамилелер түзүлүп, бул экономикалык байланыштарды, анын ичинде тоо-кен өнөр жайындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

Закир Ибрагимов «AzerGold» ЖАКнын геологиялык чалгындоо, кен чыккан жерлерди баалоо, казып алуу жана кайра иштетүү багыттарындагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле азербайжан тарап оккупациядан бошотулган Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорунда жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери жана аэромагниттик, ошондой эле башка инвазивдүү эмес заманбап чалгындоо ыкмаларын колдонуу тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, «AzerGold» ЖАК Азербайжандан тышкары өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү стратегиялык артыкчылыктарынын бири катары карайт жана Борбордук Азияда биргелешкен тоо-кен жана геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААК менен «AzerGold» ЖАК өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.
_________________________________________

ОАО «Кыргызалтын» и ЗАО AzerGold обсудили перспективы сотрудничества

Председатель Правления ОАО «Кыргызалтын» Кубат Абдраимов провёл встречу с председателем Правления ЗАО «AzerGold» Закиром Ибрагимовым, возглавившим делегацию азербайджанской компании в рамках рабочего визита в Кыргызскую Республику.

В ходе встречи, стороны обсудили вопросы, вытекающие из Меморандума о сотрудничестве и взаимодействии между ОАО «Кыргызалтын» и ЗАО «AzerGold», подписанного 31 июля 2026 года в городе Чолпон-Ата в рамках третьего заседания Межгосударственного совета Азербайджана и Кыргызской Республики при участии глав двух государств.

Основное внимание было уделено перспективам развития взаимовыгодного сотрудничества в горнодобывающей отрасли, реализации совместных проектов, привлечению инвестиций и обмену опытом в сфере геологической разведки, добычи и переработки полезных ископаемых.

Председатель Правления ОАО «Кыргызалтын» Кубат Абдраимов отметил, что за последние пять лет горнодобывающая отрасль Кыргызстана стала одним из ведущих секторов экономики страны.

По его словам, начиная с 2020 года в отрасли реализуются масштабные реформы, направленные на повышение эффективности, привлечение инвестиций и развитие международного сотрудничества.
Кубат Абдраимов проинформировал азербайджанскую сторону о проводимых в ОАО «Кыргызалтын» преобразованиях, совершенствовании структуры государственной компании, расширении возможностей дочерних предприятий, а также о текущем проектном портфеле и новых направлениях деятельности.

Председатель Правления ОАО «Кыргызалтын» подчеркнул, что компания заинтересована в расширении международного партнерства и реализации новых инвестиционных проектов.
Отдельное внимание было уделено сотрудничеству с ЗАО «AzerGold».

Кубат Абдраимов отметил, что предложение азербайджанской стороны о развитии сотрудничества и взаимной поддержке было положительно воспринято ОАО «Кыргызалтын».

По его словам, проведенные переговоры создают возможности для появления новых направлений сотрудничества, а также совместного рассмотрения перспективных проектов в горнодобывающей отрасли Кыргызстана.

В свою очередь, председатель Правления ЗАО «AzerGold» Закир Ибрагимов отметил, что благодаря лидерству и политической воле глав государств между Азербайджаном и Кыргызстаном сформировались дружественные и братские отношения, создающие благоприятные условия для расширения экономических связей, в том числе партнерства в сфере горнодобывающей промышленности.
Закир Ибрагимов представил информацию об опыте ЗАО «AzerGold» в области геологоразведки, оценки месторождений, добычи и переработки.

Также азербайджанская сторона проинформировала о геологоразведочных работах в освобожденных от оккупации экономических районах Карабах и Восточный Зангезур и применении современных аэромагнитных и других неинвазивных методов разведки.

Было отмечено, что ЗАО «AzerGold» рассматривает расширение деятельности за пределами Азербайджана в качестве одного из стратегических приоритетов и изучает возможности реализации совместных горнодобывающих и геологоразведочных проектов в Центральной Азии.

По итогам встречи ОАО «Кыргызалтын» и ЗАО «AzerGold» договорились продолжить взаимодействие по направлениям, представляющим взаимный интерес, и проработать возможности расширения сотрудничества посредством реализации конкретных совместных проектов.

31/08/2026

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Эгемендүү өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык, элибиздин ынтымагы бекем, ар бир үй-бүлөдө тынчтык, береке жана бакыт болсун.

Кыргызстандын келечеги кең, элибиздин жашоосу жаркын, өлкөбүз өнүгүп-өсө берсин! Ар бир үйдө жылуулук, сүйүү жана жагымдуу маанай өкүм сүрсүн.

Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун!
Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин! 🇰🇬

📣  #ЖАРЫЯУрматтуу кардарлар!Көңүлүңүздөрдү бурабыз: 2026-жылдын 29-30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү «Кыргызалтын» АА...
27/08/2026

📣 #ЖАРЫЯ
Урматтуу кардарлар!

Көңүлүңүздөрдү бурабыз: 2026-жылдын 29-30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү «Кыргызалтын» ААКтын дүкөндөрү майрамга байланыштуу иштебейт.
________________________________________
📣 #ОБЪЯВЛЕНИЕ
Уважаемые покупатели!

Обращаем ваше внимание, что 29-30-31 августа и 1 сентября 2026 года, в связи с предстоящими праздниками, фирменные магазины ОАО «Кыргызалтын» работать не будут.

📣  #ЖАРЫЯУрматтуу кардарлар!2026-жылдын 1-сентябрынан тартып, Абдымомунова 195 дарегиндеги дүкөндүн иш тартиби өзгөрөт.🕘...
27/08/2026

📣 #ЖАРЫЯ
Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып, Абдымомунова 195 дарегиндеги дүкөндүн иш тартиби өзгөрөт.

🕘 Жаңы иш тартиби:
Дүйшөмбү – Жума: 9:30–17:00
Ишемби – Жекшемби: эс алуу күндөрү
________________________________________
📣 #ОБЪЯВЛЕНИЕ
Уважаемые покупатели!

С 1 сентября 2026 года магазин по адресу Абдымомунова 195 переходит на новый режим работы.

🕘 Новый режим работы:
Понедельник – Пятница: 9:30–17:00
Суббота – Воскресенье: выходные дни

25/08/2026

33 МЛРД СОМ - “КЫРГЫЗАЛТЫНДА” ЖАҢЫ РЕКОРД!

25/08/2026

В результате эффективного управления и совершенствования системы менеджмента ОАО «Кыргызалтын» комбинат «Макмал Голд Компани» прошёл путь от убыточного предприятия до стабильно работающего и прибыльного производства.

В 2022 году убыток комбината превышал 204 млн сомов, а уже в 2023 году предприятие получило 20 млн сомов прибыли. В 2024 году прибыль составила 126 млн сомов, в 2025 году -741 млн сомов. По итогам первых шести месяцев 2026 года прибыль достигла 609 млн сомов.

Сегодня на комбинате проводится модернизация производства, обновляется техническая база и развивается инфраструктура. Эти меры направлены на повышение эффективности производства и обеспечение устойчивого роста предприятия.
«Макмал Голд Компани» важное предприятие, вносящее вклад в экономику Джалал-Абадской области, создающее рабочие места и обеспечивающее поступления в бюджет.

24/08/2026
📢  «Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын-Резорт» филиалынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарынын бош кызмат...
24/08/2026

📢 «Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын-Резорт» филиалынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарынын бош кызмат орду тууралуу жарыя кылат.

https://kyrgyzaltyn.kg/job/view/75

🌐 Толук маалымат — «Кыргызалтын» ААКтын расмий сайтында.
━━━━━━━━━━━━━━━━━━
📢 ОАО «Кыргызалтын» объявляет о вакантной должности заместителя директора по коммерческим вопросам филиала «Кыргызалтын-Резорт»

https://kyrgyzaltyn.kg/job/view/75

🌐 Подробная информация — на официальном сайте ОАО «Кыргызалтын

ЖАҢЫ РЕКОРД«Кыргызалтын»2026-жылдын алты ай ичинде 2025-жылдагы таза кирешеден ашты2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ...
24/08/2026

ЖАҢЫ РЕКОРД

«Кыргызалтын»
2026-жылдын алты ай ичинде 2025-жылдагы таза кирешеден ашты

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги жыйынтыктан дээрлик эки эсеге, ал эми компаниянын 2025-жылдагы бүтүндөй таза кирешесинен 1,8 эсеге көп.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын таза кирешеси 18,7 млрд сомду түзгөн. Демек, 2026-жылдын алгачкы алты айында эле компания өткөн жылдагы бүтүндөй көрсөткүчтөн 14,3 млрд сомго көп таза киреше тапты.

Финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, финансылык туруктуулугун бекемдеп, өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт.

Финансылык натыйжалардын өсүшү компаниянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын көбөйтүүгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө жана келечектүү кен орундарын өздөштүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бүгүнкү күндө «Кыргызалтын» ишмердүүлүгүнүн багыттарын ырааттуу кеңейтип, жаңы кен орундарын, өндүрүштүк кубаттуулуктарды, кайра иштетүү тармагын жана башка инвестициялык багыттарды өнүктүрүүдө.

Алдыдагы үч жылда компания жалпы наркы 1 млрд АКШ долларынан ашкан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кен орундарын өздөштүрүү долбоорлору бар.

_________________________________________________________________

НОВЫЙ РЕКОРД

«Кыргызалтын» за шесть месяцев 2026 года превысил годовой показатель чистой прибыли 2025 года

По итогам первого полугодия 2026 года чистая прибыль ОАО «Кыргызалтын» составила 33 млрд сомов.

Данный показатель практически в два раза превышает результат аналогичного периода 2025 года и в 1,8 раза превышает чистую прибыль, полученную компанией за весь 2025 год.

По итогам 2025 года чистая прибыль ОАО «Кыргызалтын» составила 18,7 млрд сомов. Таким образом, только за первые шесть месяцев 2026 года компания получила на 14,3 млрд сомов больше, чем за весь предыдущий год.

Динамика финансовых показателей свидетельствует о повышении эффективности деятельности компании, укреплении ее финансовой устойчивости и результативности проводимых мероприятий по развитию производственного потенциала.

Рост финансовых результатов создает дополнительные возможности для увеличения вклада компании в экономику страны, реализации новых инвестиционных проектов, развития производственных мощностей и освоения перспективных месторождений.

Сегодня «Кыргызалтын» последовательно расширяет свою деятельность, развивает новые месторождения, производственные мощности, переработку и другие инвестиционные направления. В ближайшие три года компания планирует реализовать стратегически важные проекты общей стоимостью более 1 млрд долларов США, включая освоение месторождений Ункур-Таш, Тоголок, Чакуш, Талдыбулак и Андаш.

Address

Улица Абдумомунова, 195
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ОАО "Кыргызалтын" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to ОАО "Кыргызалтын":

Shortcuts

Share