13/07/2026
Борбордук Азиянын шаарларынын коопсуздугун жана табигый кырсыктарга туруктуулугун чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.
10-июлда Ош шаарында «Борбордук Азияда кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун аймактык тутумун бекемдөө» аймактык долбоорун ишке ашырууга старт берген улуттук техникалык консультациялар өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Жапония Өкмөтүнүн, БУУӨПтүн, Өзгөчө кырсыктар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча борбордун өкүлдөрү, илимий коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Оштогу консультацияларга чейин Бишкек шаарында улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Сейсмология институтунун жана тиешелүү илимий институттардын катышуусунда даярдык иштери жүргүзүлгөн. Бул улуттук артыкчылыктарга жана эксперттик тажрыйбага негизделген ыкмаларды калыптандырууга шарт түздү.
Жапония Өкмөтү тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан Өзгөчө кырсыктар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча борбор менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бул долбоор жер титирөөлөргө даярдыкты жогорулатууга, жер титирөөнү алдын ала эскертүү системалары өнүктүрүүгө, институттук жана техникалык потенциалды чыңдоого, тобокелдиктерди эске алган пландаштырууну киргизүүгө жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Алгачкы практикалык кадамдардын бири катары Ош шаарындагы пилоттук инфраструктуралык объекттерге жер титирөө тууралуу кабарлоочу тутумдар орнотулат. Долбоор ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууда инклюзивдүү жана гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган мамилени илгерилетет.
Патрик Хаверман, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары:
«Бул демилгенин негизги максаты конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган. Кеп институттарды чыңдоо, даярдыкты жогорулатуу, инновацияларды киргизүү жана туруктуулук маселелерин өнүктүрүү пландарына жана чечим кабыл алуу процесстерине интеграциялоо жөнүндө болуп жатат. Аны менен бирге биздин биргелешкен аракеттерибиздин борборунда жергиликтүү билимдер, жергиликтүү артыкчылыктар жана жергиликтүү деңгээлдеги лидерлик турганы абдан маанилүү».
Рюити Хирано, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси:
«Жаңы долбоор Ош шаарынын жер титирөөгө болгон даярдыгын андан ары чыңдоого өбөлгө түзөт. Ош шаарында топтолгон тажрыйба жана алдыңкы практикалар бүткүл Борбордук Азия боюнча кеңири жайылып, аймактык кызматташтыкты бекемдейт деп ишенебиз».
Мыктыбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси:
«Ош шаары үчүн туруктуулук — бул өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдык эле эмес, ошондой эле шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык ыкмасы. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин шаарды өнүктүрүүнү пландаштырууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө интеграциялоо менен биз тургундарыбыздын коопсуздугуна жана бакубаттуулугуна инвестиция жасап жатабыз».
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу — бул бир гана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматтарынын милдети эмес. Бул адамдардын өмүрүн коргоого, шаарлардын туруктуулугун жогорулатууга жана коопсуз жана туруктуу келечекти курууга өбөлгө түзгөн туруктуу өнүгүүгө багытталган инвестиция болуп саналат.
***
Города Центральной Азии получают новые возможности стать безопаснее и устойчивее к стихийным бедствиям.
10 июля в Оше состоялись национальные технические консультации, которые дали старт реализации регионального проекта «Укрепление системы регионального снижения риска бедствий в Центральной Азии». Мероприятие объединило представителей Правительства Кыргызской Республики, мэрии города Ош, Правительства Японии, ПРООН, Центра по чрезвычайным ситуациям и снижению риска стихийных бедствий, научного сообщества и международных партнеров.
Консультациям в Оше предшествовала работа на национальном уровне в Бишкеке с участием МЧС Кыргызской Республики, Института сейсмологии и профильных научных институтов. Это позволило сформировать подходы, основанные на национальных приоритетах и экспертных знаниях.
Проект, финансируемый Правительством Японии и реализуемый ПРООН совместно с Центром по чрезвычайным ситуациям и снижению риска стихийных бедствий, направлен на повышение готовности к землетрясениям, развитие системы сигнализации о землетрясениях, укрепление институционального и технического потенциала, внедрение риск-ориентированного планирования и развитие регионального сотрудничества. Одним из первых практических шагов станет установка систем сигнализации о землетрясениях на пилотных объектах инфраструктуры в Оше. Проект также продвигает инклюзивный и гендерно-чувствительный подход к снижению риска бедствий.
Патрик Хаверман, заместитель Постоянного представителя ПРООН в Кыргызской Республике:
«В своей основе эта инициатива направлена на достижение конкретных результатов. Речь идет об укреплении институтов, повышении готовности, внедрении инноваций и интеграции вопросов устойчивости в процессы планирования развития и принятия решений. Не менее важно, что в центре наших совместных усилий находятся местные знания, местные приоритеты и лидерство на местном уровне».
Рюити Хирано, Чрезвычайный и Полномочный Посол Японии в Кыргызской Республике:
«Новый проект будет способствовать дальнейшему укреплению готовности города Ош к землетрясениям. Мы надеемся, что опыт и передовые практики, накопленные в Оше, будут широко распространяться по всей Центральной Азии, укрепляя региональное сотрудничество».
Мыктыбек Осмоналиев, руководитель аппарата мэрии города Ош:
«Для города Ош устойчивость — это не только готовность к реагированию на чрезвычайные ситуации, но и стратегический подход к развитию города. Интегрируя вопросы снижения риска бедствий в городское планирование и развитие инфраструктуры, мы инвестируем в безопасность и благополучие наших жителей».
Снижение риска бедствий — это не только задача служб экстренного реагирования. Это инвестиция в устойчивое развитие, которая помогает защищать жизни людей, повышать устойчивость городов и создавать более безопасное будущее для всего региона.
UNDP in Europe and Central Asia МЧС Кыргызстана Посольство Японии в Кыргызской Республике 在キルギス日本国大使館 Center for Emergency Situations and Disaster Risk Reduction