26/08/2026
Бир катар көчөлөрдүн жана проспекттердин аттарын өзгөртүү маселеси кайсы этапта?
Административдик-аймактык реформанын алкагында көчөлөрдүн аталыштарынын кайталанышын жоюу, ошондой эле бирдиктүү көчө багыты боюнча жайгашкан, бирок аталыштары бөлүнүп кеткен көчөлөрдүн аталыштарын иретке келтирүү максатында Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2026-жылдын 31-майындагы №89 «Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Кабыл алынган чечимге ылайык, бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталыштарга бириктирилди:
* Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспектилери — Чүй проспектиси;
* 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү — Курманжан Датка көчөсү;
* Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилери, Кайыков көчөсү — Аалы Токомбаев проспектиси;
* Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — Абсамат Масалиев көчөсү;
* Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү — Шабдан Баатыр көчөсү;
* Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектиси;
* Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
* Селекционная жана Муромская көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;
* Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;
* Жибек Жолу жана Жеңиш проспектилери — Жибек Жолу проспектиси;
* Максим Горький жана Анкара көчөлөрү — Анкара көчөсү;
* Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү — Карыбек Тыналиев көчөсү;
* Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрү — Жусуп Абдрахманов көчөсү;
* Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрү — Дэн Сяопин көчөсү;
* Исхак Раззаков көчөсү (Новопавловка) жана Асипа Темирова көчөсү — Анварбек Чортеков көчөсү;
* Виноградная көчөсү — Лев Толстой көчөсү;
* Николай Гоголь көчөсү (Новопавловка) — Чалагыз Иманкулов көчөсү;
* Ленская жана Юбилейная көчөлөрү — Жайыл Баатыр көчөсү.
Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалы бекитилген көчө аталыштарына ылайык даректик номерлерди өзгөртүү иштерин аяктап жатат.
Бул этап аяктагандан кийин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бир катар зарыл иш-чаралар жүргүзүлөт. Анын ичинде көчөлөрдүн жаңы аталыштары жазылган аншлагдар орнотулуп, коммуналдык кызматтардын жана коомдук транспорттун маалыматтары жаңыланат.
Мындан тышкары, даректердин реестри мамлекеттик маалыматтык системалар жана маалымат базалары менен интеграцияланат. Тиешелүү маалыматтар даректик маалыматтарды жаңыртуу үчүн «2ГИС» жана «Яндекс Карты» картографиялык сервистерине берилет.
Ошондой эле даректик маалыматтардын өзгөрүшүнө байланыштуу тиешелүү көчөлөрдүн жашоочуларын маалымдоого багытталган башка да техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралар жүргүзүлөт.
_____
На каком этапе вопрос переименования ряда улиц и проспектов?
В целях устранения дублирования наименований улиц, возникшего вследствие административно-территориальной реформы, а также упорядочения фрагментированных названий улиц, расположенных вдоль единого уличного направления, Бишкекским городским кенешем принято постановление «О переименовании улиц в городе Бишкек» от 31 мая 2026 года № 89.
Согласно принятому решению ряд улиц и проспектов объединен под едиными наименованиями:
- улица Михаила Фрунзе (Новопавловка), проспекты Дэн Сяопина, Чуй и Шабдан Баатыра — в проспект Чуй;
- улицы 7 Апреля и Курманжан Датки — в улицу Курманжан Датки;
- улица Жайыл Баатыра, проспекты Абсамата Масалиева и Аалы Токомбаева, улица Кайыкова — в проспект Аалы Токомбаева;
- улицы Анварбека Чортекова и Кривоносова — в улицу Абсамата Масалиева;
- улицы Льва Толстого, Путепроводная, Сары Өзөн — в улицу Шабдан Баатыра;
- проспект Чынгыза Айтматова и улица Манаса — в проспект Чынгыза Айтматова;
- бульвар Молодой Гвардии и улица Махатмы Ганди — в улицу Иманалы Айдарбекова;
- улицы Селекционная и Муромская — в улицу Махатмы Ганди;
- улица Юлиуса Фучика и Васильевский тракт — в улицу Манаса;
- проспекты Жибек Жолу и Победы — в проспект Жибек Жолу;
- улицы Максима Горького и Анкара — в улицу Анкара;
- улицы Чалагыза Иманкулова и Карыбека Тыналиева — в улицу Карыбека Тыналиева;
- улицы Байтик Баатыра, Жусупа Абдрахманова, Абдынасыра Элебесова и Центральная — в улицу Жусупа Абдрахманова;
- улицы Береговая, Окраинная, Кок-Сай, К. Курманалиева и Набережная — в улицу Дэн Сяопина;
- улицы Исхака Раззакова (Новопавловка) и Асипы Темировой — в улицу Анварбека Чортекова;
- улица Виноградная — в улицу Льва Толстого;
- улица Николая Гоголя (Новопавловка) — в улицу Чалагыза Иманкулова;
- улицы Ленская и Юбилейная — в улицу Жайыл Баатыра.
В настоящее время Бишкекским филиалом Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров КР завершаются работы по изменению адресных номеров в соответствии с утвержденными наименованиями улиц.
После завершения данного этапа мэрией города Бишкек будет проведен комплекс необходимых мероприятий. В частности, будут установлены аншлаги с новыми наименованиями улиц, актуализированы данные коммунальных служб и общественного транспорта.
Кроме того, адресный регистр будет интегрирован с государственными информационными системами и базами данных. Соответствующие сведения будут переданы картографическим сервисам «2ГИС» и «Яндекс Карты» для актуализации адресной информации.
Также будут проведены иные технические и организационные мероприятия, направленные на информирование жителей соответствующих улиц об изменении адресных данных.