25/07/2026
Биринчи май административдик району боюнча муниципалдык администрациясында кезектеги коллегия жыйыны өткөрүлдү.
Жыйын башчы Улан Сарылбек уулунун төрагалыгынын алдында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек, коллегиянын мүчөлөрү, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү катышты.
2026-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май муниципалдык администрациясында коллегиялык жыйын өткөрүлүп, күн тартибинде төмөнкү үч маселе каралды:
Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунун 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын II жарым жылдыгына карата милдеттери;
2026/2027-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү;
Райондогу билим берүү уюмдарынын 2026–2027-окуу жылына карата даярдыгы.
Биринчи маселе боюнча башчынын биринчи орун басары Райым Жолдошов, ошондой эле башчынын орун басарлары Азиз Байысов, Чынара Жаныкеева жана Марлен Айбеков баяндап, маалымат беришти.
Экинчи маселе боюнча башчынын орун басары Азиз Байысов даярдык иштери тууралуу баяндап, маалымат берди.
Үчүнчү маселе боюнча Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын начальниги Мирбек Асанов баяндап, маалымат берди.
Коллегиянын жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу жетекчилерге тапшырмалар жана сунуштар берилип, алардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.