Эдил Байсалов

Directions

Эдил Байсалов page

05/08/2026
🇰🇬🤝🇺🇸 АКШнын бүгүн 4-июлда белгиленип жаткан Эгемендүүлүк Декларациясынын 250 жылдыгына арналган даректүү тасмамды көрүп...
04/07/2026

🇰🇬🤝🇺🇸 АКШнын бүгүн 4-июлда белгиленип жаткан Эгемендүүлүк Декларациясынын 250 жылдыгына арналган даректүү тасмамды көрүп коюңуздар. 🫣😊

Биздин баракчаларга катталууга чакырабызFacebook - https://www.fa...

29/06/2026

Анонс 🇰🇬🇺🇸

«Америка: Эркиндиктин 250 жылы»

АКШнын 250 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын 35 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган жаңы даректүү тасма.

4-июльда

Happy Birthday, Mr President Donald J. Trump!
14/06/2026

Happy Birthday, Mr President Donald J. Trump!

President Sadyr Zhaparov has congratulated President Donald J. Trump on his 80th birthday, noting the symbolic significance of this milestone in the year of the 250th Anniversary of U.S. Independence.

President Zhaparov reaffirmed Kyrgyzstan’s commitment to strengthening Kyrgyz-American friendship and partnership, and wished President Trump continued success and the American people peace and prosperity.

Мобул КТРга чыккан репортажды көрүп койсоңуздар. 😍Кыргыз элинин бай маданий мурасы - ордо/чүкө оюну эми океандын ары жаг...
09/06/2026

Мобул КТРга чыккан репортажды көрүп койсоңуздар. 😍

Кыргыз элинин бай маданий мурасы - ордо/чүкө оюну эми океандын ары жагында да жашап жатканын көрүү өзгөчө сыймык тартуулайт.

30-май күнү, Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында АКШдагы «Ордо оюну» федерациясынын президенти Касымжан Шабданбеков жана АКШнын бир канча штаттарынан келген кыргыз жамааттары уюштурган эң сонун иш-чарага катыштык.

Аалым Абдушүкүр Нарматов устаз экөөбүз ардактуу конок болдук.

Кылымдарды карыткан Ордо оюну ата-бабаларыбыздын акылмандыгын, биримдигин жана улуттук рухун чагылдырат. Аны бүгүн Америка жеринде уюшкан түрдө өнүктүрүп, жаңы муундарга жана башка элдерге таанытып жаткан мекендештерибиз өзгөчө урматка татыктуу.

Касымжан мырзага жана бардык уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргыздын Ордосу эми океандын ары жагында да жаңырып, элди суктантып, бизди сыймыктандырып жатат. 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Биздин баракчаларга катталууга чакырабызFacebook - https://www.fa...

09/06/2026

Чикаго шаарына 30-31-май барып, Гүлшанбек Равшанбек мырза жана анын командасы уюштурган Борбор Азия Бизнес ЭКСПОсунун ишине катышканыма кубанычтамын.

Америкадагы кыргыз жана жалпы Борбор Азия коомчулугунун демилгечилдиги, эмгекчилдиги жана ишкердик руху мага чоң таасир калтырды. Алар жаңы ишканаларды түзүп, жумуш орундарын жаратып, АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды чыңдап жатышат.

Бул ЭКСПОну биргелешип Түндүк Америкадагы Борбор Азиянын башкы соода жана бизнес аянтчасына айландыра аларыбызга ишенем.

Терең кайгыруу менен биздин өтө кадырлуу Агабыз, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын чыныг...
08/06/2026

Терең кайгыруу менен биздин өтө кадырлуу Агабыз, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын чыныгы патриоту Мыктыбек Абдылдаев агабыздын дүйнөдөн кайтканын уктум.

Маркум өмүрүнүн ар кыл мезгилдеринде мамлекеттик башкаруу, парламент, укук коргоо органдары жана Президенттин Администрациясында жооптуу кызматтарды аркалап, мекенге ак ниет кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөттү.

Мыктыбек Аганы жакындан тааныган ар бир адам жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана Кыргыз Элине болгон чексиз берилгендиги үчүн терең урматтап келишчү. Ал мамлекеттин кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп, элге ак кызмат өтөгөн чыныгы мамлекеттик ишмер эле.

Мыктыбек Абдылдаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы үй-бүлөсү, жакындары жана кесиптештери үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн оор жоготуу.

Маркумдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Байкенин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Бүгүн 30-май Пеннсильвания штатындагы Питтсбург шаарында АКШдагы “Ордо оюну” федерациясынынПрезиденти                   ...
30/05/2026

Бүгүн 30-май Пеннсильвания штатындагы Питтсбург шаарында АКШдагы “Ордо оюну” федерациясынын
Президенти Касымжан Шабданбеков жана жалпы АКШ жергиликтүү жамааттар уюштурган өтө сонун ишчара өттү. Аалым Абдүшүкүр Нарматов устаз экөөбүз ардактуу конок болдук. Кыргыз Эл Артистери Женишбек Жумакадыров менен Бакыт Шатенов тойдун көркүн ачышты. Уюштуруучуларга алкыш. Ата-бабадан калган оюнду мына Америкага жайылтып, кадимкидей маданият дипломатиясын жүргүзүшүүдө, элди суктандыртып, бизди сыймыктантып. Рахмат! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

30/05/2026
🇰🇬🫡
25/05/2026

🇰🇬🫡

Address

Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Эдил Байсалов posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share