Санариптик өнүктүрүү министрлиги-Министерство цифрового развития

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги-Министерство цифрового развития
Call Directions Website Contact the organization

Санариптик өнүктүрүү министрлиги-Министерство цифрового развития Официальная страница Министерство цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики
(1)

📢 КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СУРАМЖЫЛООГО КАТЫШЫҢЫЗ!  КР Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү ин...
25/09/2026

📢 КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СУРАМЖЫЛООГО КАТЫШЫҢЫЗ!

КР Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту калктын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин аныктоо максатында анонимдүү онлайн-изилдөө жүргүзүүдө.

🎯 Изилдөөнүн башкы максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу чаралары, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жана мыйзам бузуулар тууралуу билдирүү тартиби жөнүндө маалымдуулугун баалоо, ошондой эле калктын коррупциялык көрүнүштөргө болгон көз карашын изилдөө.

🔒 Катышуу шарттары:
▪️ Толугу менен анонимдүү жана ыктыярдуу;
▪️ Алынган жыйынтыктар жалпыланган түрдө гана аналитикалык материалдарды даярдоо үчүн колдонулат.

⏰ Мөөнөтү: 2026-жылдын 30-сентябрына чейин.
📲 Катышуу жолу: Анкетаны толтуруу үчүн сүрөттөгү QR-кодду сканерлеңиз.

🇰🇬 Ачык коом жана адилеттүү келечек үчүн! Изилдөөгө катышыңыз!

#ТазаКыргызстан #КоррупциягаКаршыбыз

📢 ПРИМИТЕ УЧАСТИЕ В АНТИКОРРУПЦИОННОМ ОПРОСЕ!

Институт нормотворчества и верховенства права при Минюсте КР проводит анонимное онлайн-исследование уровня антикоррупционной информированности населения.

🎯 Главная цель — определить уровень осведомленности граждан о мерах профилактики коррупции, ответственности и способах сообщения о нарушениях, а также узнать отношение населения к коррупционным проявлениям.

🔒 Условия участия:
▪️ Полностью добровольно и анонимно;
▪️ Все данные используются строго в обобщенном виде для подготовки аналитических материалов.

⏰ Срок: до 30 сентября 2026 года.
📲 Как пройти: Отсканируйте QR-код на картинке.

Не оставайтесь в стороне — внесите свой вклад в борьбу с коррупцией!

15/09/2026

🛡️Коррупциялык укук бузууга шыкактоо аракети болгондо эмне кылуу керек?

Мамлекеттик кызматчы ар кандай мыйзамсыз сунуштардан (акча, белек, кызмат) баш тартууга жана бул факт тууралуу белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттүү.

тарабынан иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 537 токтому менен мындай учурлардагы аракеттердин так тартиби бекитилген.
💡 Негизги эрежелер:

‼️ Мыйзамсыз сунушту чечкиндүү түрдө четке кагуу жана жагдайларды каттоо.

⏳ Кайрылуу болгондон кийин 24 сааттан кечиктирбестен маалымдоо зарыл.

❓Билдирүүнү кайда жөнөтүү керек?
- Кылмыштын белгилери жок болсо — жумуш берүүчүгө (жетекчиге).
- Кылмыштын белгилери бар болсо — прокуратурага же укук коргоо органдарына.

📌 Арыз берүүчүгө купуялуулук жана мамлекет тарабынан коргоо кепилденет. Ал эми мындай милдеттерди аткарбоо же жашыруу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келет.

⚖️ Коррупцияга каршы күрөшүү — ар бир мамлекеттик кызматчынын жеке жоопкерчилиги!

#ТазаКыргызстан #МенПараБербейм #КоррупциягаКаршы #МенПараАлбайм

15/09/2026

🛡️ Что делать при попытке склонения к коррупции?

Государственный служащий обязан отказаться от любых незаконных предложений (денег, подарков, услуг) и сообщить о данном факте в установленном порядке.
Постановлением Кабинета Министров КР от 10 августа 2026 года № 537, разработанным , утвержден четкий алгоритм действий в таких ситуациях.

💡 Основные правила:
‼️ Категорически отклонить незаконное предложение и зафиксировать обстоятельства.

⏳ Сообщить о факте обращения необходимо не позднее 24 часов.

❓ Куда направлять уведомление?
— При отсутствии признаков преступления — работодателю (руководителю).
— При наличии признаков преступления — в органы прокуратуры или правоохранительные органы.

📌 Заявителю гарантируются конфиденциальность и государственная защита. В то же время неисполнение этой обязанности или укрывательство факта влечет ответственность по закону.

⚖️ Противодействие коррупции — персональная ответственность каждого государственного служащего!

#ЧистыйКыргызстан #ЯНеДаюВзяток #ПротиводействиеКоррупции #ЯНеБеруВзяток

📊 data.gov.kg — Кыргызстан боюнча расмий маалыматтар бир шилтемеде!Кыргызстандын Ачык маалыматтар порталы — бардык мамле...
03/07/2026

📊 data.gov.kg — Кыргызстан боюнча расмий маалыматтар бир шилтемеде!

Кыргызстандын Ачык маалыматтар порталы — бардык мамлекеттик органдардын расмий отчёттору, статистикасы жана маалымат базалары топтолгон бирдиктүү санариптик аянтча.

✅ Маалыматтарга ыкчам жеткиликтүүлүк. Жарандар мамлекеттик органдарга расмий кайрылуу жөнөтпөстөн, бюджет, транспорт, экология, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча расмий маалыматтарды ыңгайлуу форматтарда ала алышат.

📌 Учурда порталда 51 мамлекеттик органдын 1 403 маалымат топтому жайгаштырылган.

🆕 Ар дайым жаңы маалымат: Платформадагы бардык көрсөткүчтөр тиешелүү ведомстволордун системаларынан түз алынып, автоматтык түрдө жаңыланып турат.

💬 Кайтарым байланыш: Жарыяланган маалыматтардын сапатын жана пайдалуулугун 5 баллдык шкала менен баалап, порталдын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошсоңуз болот.

📌 Керектүү маалыматтарды data.gov.kg порталынан таба аласыз.

🔹🔹🔹🔹

📊 Портал открытых данных КР (data.gov.kg) — официальная информация в один клик
Напоминаем о работе Портала открытых данных КР — data.gov.kg. Это единая официальная платформа, где госорганы публикуют свои отчеты, статистику и базы данных.

Что это дает гражданам?
✅ Доступ без запросов: Вы можете бесплатно и без письменных обращений изучать официальные данные о бюджете, транспорте, экологии, медицине и других сферах.

📌 Сейчас на портале доступно уже 1 403 наборов данных от 51 ведомства.

🆕 Актуальность: Информация обновляется автоматически напрямую из систем государственных органов.

💬 Обратная связь: Вы можете лично влиять на качество публикаций, оценивая полезность данных по 5-балльной шкале.

📌 Ознакомиться с данными можно на сайте: data.gov.kg.

19/05/2026

Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө

Таза кол жана таза суу — ден соолукту сактоонун эң жөнөкөй, бирок маанилүү жолу. Күнүмдүк жашоодо тазалыкты сактоо аркылуу өзүбүздү жана жакындарыбызды ар кандай оорулардан коргой алабыз. Тазалык — ден соолуктун кепилдиги!

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги #ТазаКолТазаСуу челленжин Айыл чарба министрлигине өткөрүп берет.🙌💧🫧

💧🫧 #ТазаКолТазаСуу #ТазалыкАдаттары #ДенСоолуктуТандаймын

27/04/2026
Бишкек ШКУга мүчө өлкөлөрдүн МКТ министрлеринин V кеңешмесин кабыл алууда. Күн тартибинде — аймактык санариптик трансфор...
27/04/2026

Бишкек ШКУга мүчө өлкөлөрдүн МКТ министрлеринин V кеңешмесин кабыл алууда. Күн тартибинде — аймактык санариптик трансформация, киберкоопсуздук жана технологияларды өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамилелери. 🇰🇬💻

#ШОС #Кыргызстан #Цифровизация #МинцифрыКР

Бишкек принимает V Совещание министров ИКТ стран ШОС. В повестке — цифровая трансформация региона, обеспечение кибербезопасности и выработка общих подходов к развитию технологий. 🇰🇬💻

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.Бүгүн, 1...
18/04/2026

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.

Бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин жамааты жазгы ишембиликтердин алкагында кезектеги бак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер Кулатов көчөсү менен Фатьянов көчөсү аймагына көчөттөрдү отургузуп, шаарды жашылдандырууга өз салымдарын кошушту.

Мындай ишембиликтер айлана-чөйрөнү коргоо, шаарды көрктөндүрүү жана жамааттык ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.

#минцифры #санарип #ишембилик #кыргызстан #тазашаар

Бишкекте CAREC 2026 технологиялык форуму өтүп жатат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технол...
07/04/2026

Бишкекте CAREC 2026 технологиялык форуму өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов 7-8-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан CAREC технологиялык форумуна катышууда.

Форум климаттык жактан туруктуу санариптик чечимдерди киргизүүнү талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн бириктирет. Көңүл чордонунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалымат алмашуу, энергетика, суу ресурстары жана айыл чарбасындагы инновациялар, ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелери турат.

Кыргыз Республикасынын мындай аянтчаларга катышуусу өлкөнүн жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик трансформацияны илгерилетүүгө, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

—————————————————————————————-

В Бишкеке проходит Технологический форум CAREC 2026

Первый заместитель министра цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики Нурсултан Кубанов принимает участие в Технологическом форуме CAREC, который проходит 7–8 апреля в Бишкеке.

Форум объединяет представителей государственных органов, международных организаций, частного сектора и технологических компаний для обсуждения внедрения климатически устойчивых цифровых решений. В центре внимания — развитие цифровой инфраструктуры, обмен данными, инновации в энергетике, водных ресурсах и сельском хозяйстве, а также укрепление регионального сотрудничества.

Участие Кыргызской Республики в подобных площадках способствует продвижению цифровой трансформации, расширению партнерств и внедрению передовых технологий для устойчивого развития страны и региона.

#санарип #кыргызстан #технология #климат

🚀 Санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү!🎊 Тармактын бардык адистерин жаңы кесиптик майрамыңыздар мен...
04/04/2026

🚀 Санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү!

🎊 Тармактын бардык адистерин жаңы кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Бүгүн санариптештирүү — Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги бөлүгү. Ар бир онлайн кызматтын жана корголгон маалымат базасынын артында сиздердин эмгегиңиздер турат. Сиздер мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылып, жарандардын жашоосун ыңгайлуу кылып жатасыздар.

Мамлекеттик сектордун, бизнестин жана IT-коомчулуктун адистерине өлкөнүн санариптик трансформациясына кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге кесиптик ийгиликтерди, системалардын туруктуу иштешин жана республикабыздын өнүгүшү үчүн жаңы ири долбоорлорду каалайбыз!

🔹🔹🔹🔹🔹

🚀 С Днем работников сферы цифровых технологий!

🎊 Поздравляем всех специалистов отрасли с новым профессиональным праздником!

Сегодня цифровизация — это основа развития Кыргызстана. За каждым онлайн-сервисом и защищенной базой данных стоит ваш труд. Вы делаете госуслуги доступными, а жизнь граждан — комфортнее.

Благодарим специалистов госсектора, бизнеса и IT-сообщества за вклад в цифровую трансформацию страны. Желаем профессиональных успехов, надежной работы систем и новых масштабных проектов на благо республики!

С праздником, созидатели цифрового будущего!

Address

Улица Ахунбаева, 119
Bishkek
720055

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996312605024

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Санариптик өнүктүрүү министрлиги-Министерство цифрового развития posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Organization

Send a message to Санариптик өнүктүрүү министрлиги-Министерство цифрового развития:

Shortcuts

Share